Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Берлин АКШнын аскерлерин чыгарып кетүү ниетине тынчсызданууда


Германиядагы америкалык аскерлер. 9-март, 2017-жыл.

Берлин АКШнын Германия аймагынан өзүнүн миңдеген аскерлерин чыгарып кетүү ниетине тынчсызданууда. Буга чейин "Wall Street Journal" жана "Der Spiegel" басылмалары АКШ президенти Дональд Трамп Германиядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү көздөп жатканын жазышкан. Маалыматтарга караганда кеп 9 500 аскер жөнүндө болуп жатат.

Ал эми "Der Spiegel" басылмасы 5 миңден 15 миңге чейин аскерин чыгарып кетиши мүмкүн экенин жазды.

Учурда Германияда 34 миңдей америкалык аскерлер бар.

Расмий Берлиндин өкүлү Петер Бейер Вашингтондун бул чечими АКШ менен Германиянын алакаларына доо кетириши ыктымал экенин DPA агенттигине айтты.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас эки өлкө тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG