Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Хокинг: Кудай жок, Ааламды эч ким башкарбайт


Стивен Хокинг. Лондон. 6-март, 2017-жыл.
Стивен Хокинг. Лондон. 6-март, 2017-жыл.

"Кудай жок, Ааламды эч ким башкарбайт". Британиялык окумуштуу, маркум Стивен Хокинг ага эң көп берилген суроого өзүнүн акыркы китебинде ушундай жооп берген.

"Олуттуу суроолорго кыска жооптор" деген китебин атактуу астрофизик Хокинг былтыр жаза баштаган. Бирок ал эмгегинин аягына чыга электе, быйыл жазында көз жумган.

Окумуштуунун балдары анын архивдеги материалдары менен толуктап, китепти чыгарышып, 16-октябрда бет ачарын өткөрүштү.

- Кудай барбы?

- Кара туңгуюктун ичинде эмне бар?

- Келечекти алдын ала билүү мүмкүнбү?

- Жерде жашоо дагы канча уланат?

- Ааламда Жерден башка планеталарда жашоо барбы?

- Жасалма интеллект бизден ашып өтөбү?

Ушул жана башка суроолор британиялык окумуштуу, дүйнөдөгү эң белгилүү астрофизик Стивен Хокингге анын “Убакыттын кыскача тарыхы” деген аталыштагы китеби 1988-жылы жарык көргөндөн тартып тынбай берилип келген. Эми бул суроолордун жоопторун окумуштуунун акыркы эмгегинен табууга болот.

16-октябрда Лондондун Улуттук музейинде өткөн китептин бет ачар аземинде сүйлөгөн илимпоздун кызы Люси Хокинг атасы бул китепте ааламдагы оор процесстерди адамдарга жалпак тилге салып, жеткиликтүү кылып түшүндүрүп бергенге аракет кылганын баса белгиледи:

- “Менин жоопторумду адамдар түшүнүшөбү, кабыл алышабы?" деген суроо атам үчүн баарынан маанилүү болчу.

Төрт бөлүмдөн турган китепте белгилүү физик Ааламдын түзүлүшү, кара туңгуюктар, жасалма интеллект, кудай тууралуу темаларга кеңири токтолгон.

"Супер адамдар"

Хокингдин пикиринде, илимдин болуп көрбөгөндөй тез өнүгүшү XXI кылымдын аягына чейин эле адамдарга өз ДНКсын оңдоп-түзөп алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми бул өз кезегинде эс тутуму эң мыкты, ооруларга туруштук бере алган, интеллекти күчтүү "супер адамдардын" жаралышына алып келиши ыктымал.

Окумуштуу бул келечектин процесси өтө кымбат турарын боолгоп, акчалуулар гана "супер адамдарга" айланып, ал эми кедей-кембагалдар алар менен атаандаша алышпай адамзаттын арасында чоң бөлүнүү жаралышы мүмкүн деп кооптонот.

Стивен Хокинг. Нью-Йорк, 2017-жыл.
Стивен Хокинг. Нью-Йорк, 2017-жыл.

"Өлгөндөн кийин жашоо жок"

Кудайдын бар-жогу тууралуу суроого өмүрүн астрономия, физика, философияны изилдөөгө арнаган окумуштуу өз китебинде мындай жооп берген:

"Ар бирибиз эмнеге ишенгибиз келсе, ошого ишенебиз. Менимче бул Кудайдын жоктугунун эң жөнөкөй далили. Бул Ааламды эч ким түзгөн эмес жана тагдырыбыз өзүбүздүн гана колубузда. Ал эми өлгөндөн кийинки жашоо - бул жөн гана кыял. Анын бардыгы тууралуу ишеничтүү далил эч качан болгон эмес жана бул нерсе илимге каршы келет. Биз өлгөндө күлгө айланабыз. Бирок жашоонун маңызы бар. Ал биздин балдарыбызга калтырган гендерибизде".

Хокинг ошондой эле алдыдагы жүз жылда Күн системасы айланып, анын булуң-бурчуна саякаттоо мүмкүн болоруна ишенет.

Ал эми калган суроолорго Хокинг мындай деп жооп берген:

- Баары эмнеден башталган? - Катуу жарылуудан.

- Келечекти алдын ала айтуу мүмкүнбү? - Бул абдан оор.

- Кара туңгуюктун ичинде эмне бар? - Эгер сизди кара туңгуюк соруп кетсе, сиз спагеттиге айланып калышыңыз мүмкүн.

Амиотрофиялык склероздон жабыркаган Хокинг 21 жашынан тартып майыпка айланып, калган жашоосун арабада отуруп өткөрдү. 1963-жылы дартынан улам дарыгерлер анын эки жарым жылдык өмүрү калганын эскертишкен. Ошого карабастан профессор илимге сүңгүп, эки ирет үйлөнүп, үч балалуу болгон.

Окумуштуу Ааламдын келип чыгышын изилдеген. Анын ичинде "Кара туңгуюктар" теориясы тууралуу көптөгөн ачылыштарды жасаган. Ал татаал кубулуштарды карапайым элге жалпак тил менен түшүндүрүүгө умтулган.

“Убакыттын кыскача тарыхы” китеби аны отуз жыл мурда дүйнөгө тааныткан. Стивен Хокинг 12 окумуштуулук даражага, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Ал быйыл 14-мартта 76 жашында дүйнө салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG