Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Ай ушу, сурана бергендердин амалы!


Жумуштан же сабактан суранган “өнөкөт” тууралуу азилдерден.

* * * * * *

Ким чемпион?

- Эгерде жумуштан тигил же бул шылтоону айтып сурангандардын дүйнөлүк биринчилигин өткөрсө, анда кайсы эл чемпион болмок?

- ...!!! – акырын шыбырайт беркиси.

- Туура айтасыз. Ошол эл болмок. Биз да ошол элдин кулунубуз.


* * * * * *


Тиштин саны да чектелүү

- Агай, кечирип коюңуз, уруксат кылсаңыз, мен азыр шашылыш ооруканага барайын деп атам. Тиш доктурга.

- Уруксат, уруксат. Доктурга көрүнбөй анан.

- Тишимди сууртат элем.

- Аның жакшы экен. Эми дагы үч жолу сууртсаң эле, тиш доктурга барбай каласың, буюрса.

- Эмнеге, агай?

- Себеби буга чейин тишимди сууртуп келдим деп 29 жолу кагаз тапшыргансың, сенде деле элдикиндей 32 эле тиш болсо керек.

* * * * * *


Жээниңиз Сизди “жайыңызга” узатканы кеткен

Бишкектеги бир кеңсеге айылдык аксакал келип, кеңсе башчысына кайрылат:

- Айланайын, Токолоң деген жээним иштейт эле, ошону издеп келдим. Таякеси болом.

- Дагы канча таякеси бар, аксакал?

- Мен элемин, айланайын!

- А-а, андай болсо саал кечигип калыпсыз. Токолоң жээниңиз Сизге топурак салып келүү үчүн шашылып эртең менен эле суранып кеткен.


* * * * * *
Т.Ч.
XS
SM
MD
LG