Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Роухани: Иран басым алдында АКШ менен сүйлөшпөйт


Ирандын президенти Хасан Роухани. 11-февраль, 2020-жыл. Тегеран.
Ирандын президенти Хасан Роухани. 11-февраль, 2020-жыл. Тегеран.

Иран «эч качан басым алдында» Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын президент Хасан Роухани 16-февралда Тегеранда өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Ирандын президенти Ислам Республикасы бир кезде «өз душманын сүйлөшүүгө мажбур кыларын» кошумчалады.

«Иран эч качан басым алдында сүйлөшүү жүргүзбөйт. Биз эч качан АКШнын кысымына баш ийбейбиз», - деди Роухани. Ал ошондой эле аймактагы коопсуздук үчүн Тегерандын ролу маанилүү экенин баса белгиледи.

Кошмо Штаттар 2018-жылы Тегеран менен алты дүйнөлүк державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин Иранга экономикалык санкцияларды жанданткан.

Быйыл жыл башында АКШ Ирандын таасирдүү генералы Кассем Сулейманини өлтүргөндөн кийин Вашингтон менен Тегерандын алакасы ого бетер курчуду.

XS
SM
MD
LG