Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Сеул: Кыргыз IT адистеринин бийик максаты


Түштүк Кореядагы "Кыргыз глобал" уюму өткөргөн кыргыз программисттеринин жыйыны.
Түштүк Кореядагы "Кыргыз глобал" уюму өткөргөн кыргыз программисттеринин жыйыны.

Сеулда жакында эле Түштүк Кореядагы кыргыз программисттеринин биринчи жыйыны өттү. Чет өлкөлөрдө билим алып жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирүү максатында түзүлгөн «Кыргыз Глобал» уюму өткөргөн алгачкы иш-чарага отуздан ашуун адис катышты.

«Кыргыз Глобал» уюмунун маалыматына ылайык, ушу тапта Түштүк Кореяда кыргызстандык жыйырмадай студент маалымат технологиялары жаатында билим алып жатат. Ал эми аталган өлкөдө бул багытта жогорку билим алып, учурда ошол жакта программист болуп иштеп жаткан он чакты киши бар.

Баш калаа Сеулда өткөн кыргыз программисттеринин биринчи жыйынында мына ушул мекендештерибиз чогулуп, Түштүк Кореянын алдыңкы окуу жайларына өтүүнүн жолдорун, ири корпорацияларга ишке кирүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргызстандагы IT тармагынын азыркы абалын жана келечегин, жаш программисттерди өстүрүү жолдорун талкуулашты.

Жыйынга Түштүк Кореяда окуп-иштеп жүргөн журтташтар, Кыргызстандын Кореядагы элчисинин кеңешчиси Замирбек Бейшеналиев, Сеул шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.

Азамат: «Samsung» сыяктуу ири корпорацияларда иштеген кыргызстандыктар көп болушун каалайм

Жыйында сөз сүйлөгөндөрдүн бири Азамат Мырзакматов учурда «Samsung Electronics» компаниясында инженер болуп иштейт. Өзү Пусан шаарындагы UNICT же Ульсан Улуттук илимдер жана технология институтунун компьютердик инженерия бөлүмүнүн бакалавриатын аяктаган.

24 жаштагы Азамат ушул тапта «Samsung Electronics» компаниясында иштеген кыргызстандыктар жок экенине токтолду. Жыйында сүйлөп жатып чоң корпорацияларга ишке кирүүнүн жолун башкалар менен бөлүштү. Ал мекендештер дүйнөнүн алдыңкы компанияларында көбүрөөк иштеп, тажрыйба топтосо деген тилегин айтты:

- «Samsung» азыр дүйнөлүк компания болгондуктан, ал жерде сөзсүз корей тилин билүү зарыл эмес. Англис тили жетиштүү. Бул компанияга кириш үчүн үч этаптан турган сынактан өткөм. Мына ошол сынактар тууралуу жыйындын катышуучуларына кеңири айтып бердим. Учурда компанияда түйүндүк бизнес багытында инженер болуп иштейм. Кыргызстан эми өнүгүп келаткан мамлекет болгондуктан, бул тармак да жаңы эле жандана баштады. Сырттан бул багытта окуп, жетиштүү тажрыйба топтогон мекендештерибиз кайтып барып мекенибизге өз салымын кошушу керек. Технологиялык жактан Интернеттин ылдамдыгы жана сапаты күчтүү болсо IT тармагын жогорку деңгээлге жеткиргенге мүмкүнчүлүктөр пайда болот деген ойдомун.

Азамат Мырзакматов жыйында сүйлөп жатат. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.
Азамат Мырзакматов жыйында сүйлөп жатат. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.

Азамат Мырзакматов Кыргызстанда Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы кыргыз-түрк лицейин аяктаган. Программалоо боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү болгон, бир катар эл аралык сынактарга катышкан.

Азрет: Олимпиадаларга, сынактарга катышуу пайдалуу

Түштүк Кореяда жүргөн дагы бир журтташыбыз Азрет Кенжалиев олимпиадаларга катышуу чет жактардагы алдыңкы окуу жайларына өтүүдө чоң жардам берет деп эсептейт. Азрет учурда дүйнөдөгү мыкты университеттердин катарына кирген KAIST же Кореянын Алдыңкы илимдер жана технология институтунун биринчи курсунун студенти.

Жыйын учурунда ал олимпиадалар жана жалпы эле компьютердик инженерия багытындагы сынактар, аларга катышуунун, даярдануунун жол-жоболорун айтып берди:

- Сынактарда негизи алгоритмдерди туура чыгарыш керек. Аны ар бир адам өзү эле Интернеттеги ачык ресурстардан үйрөнө алат. Мен олимпиадаларга катышуу жана байгелүү орундарга ээ болуу жогорку окуу жайларына өтүүдө, жумушка кирүүдө кандай пайдалуу экенин айтып бердим. Өзүмдүн эле мисалымды алсак, эл аралык олимпиадаларга катышканымдын пайдасын жакшы эле көрүп жатам. Былтыр жайында стажировкадан өтүш үчүн элүүдөн ашуун дүйнөдөгү алдыңкы компанияларга резюме жөнөткөм. Гамбургдагы «Yelp» жана Лондондогу «Bloomberg» компанияларынан оң жооп келди. Бирок ал жактарга барбай, Сеулдагы эле компаниялардын биринде өтөдүм. Ошондуктан азыркы мектеп окуучуларына, студенттерге «мындай олимпиадаларга талбай катыша бергиле» деп айткым келет.

21 жаштагы Азрет Бишкектеги «Сапат» кыргыз-түрк лицейинде окуп жүргөндө Казанда өткөн Дүйнөлүк информатика олимпиадасында коло медал тагынып, андан башка бир нече эл аралык сынактарга катышууга үлгүргөн.

Азрет Кенжалиев - Сеулдагы КАИСТ университетинин студенти. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.
Азрет Кенжалиев - Сеулдагы КАИСТ университетинин студенти. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.

Кадырбек: Элибиз жаңычылдыктарга ачык, IT тармагы сөзсүз өнүгөт

Катышуучулар Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүк жана шарт бар экенин, болгону эрк керек болорун белгилешти.

Ульсан Улуттук илимдер жана технология институтунун 3-курсунун студенти Кадырбек Нармаматов өз сөзүндө Кыргызстан башка мамлекеттерди туурап, инновация жаатында чет жактардын моделдерин пайдаланышы керек деген пикирде.

- Кыргызстанда жакшы долбоорлор аз, - деди ал. - Башка мамлекеттердегидей эле бизде да IT адистери жетишпейт. Адашпасам, жылына миңдей студент компьютердик инженерия багыты боюнча университеттен билим алып чыгат. Бирок алардын көбү эле өз кесиби менен эмес, башка адистиктер боюнча иштеп кетишкендей. Ошондуктан Кыргызстандагы IT тармагы эми гана акырындан өнүгө баштады. Башка өлкөлөргө салыштырсак бизде жашоону оңойлоштура турган жаңы инновациялар кире элек, бирок ага карабастан элибиз ар дайым жаңы нерселерге ачык. Айрым мамлекеттерде эски инновация деп эсептелген системалар бизге жаңыдан кирип жатат. Ошентсе да акырындап алдыга жылып баратканыбыз сүйүндүрөт. Азыр биз жаңы бир нерсе ойлоп таппай эле чет өлкөлөрдө бир топ жылдан бери жакшы иштеп жаткан моделдерди Кыргызстанга ыңгайлаштырып киргизсек болот. Башкалар деле ошентет. Маселен, Түштүк Корея деле АКШны туурайт.

22 жаштагы Кадырбек Нармаматов учурда Сеулдагы «Naver» компаниясында кышкы стажировкасын өтөп жатат.

«Кыргыз глобал» уюмунун президенти Салижан Кылычбеков жыйында сүйлөп жатат. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.
«Кыргыз глобал» уюмунун президенти Салижан Кылычбеков жыйында сүйлөп жатат. 20-январь, 2019-жыл. Сеул.

Жыйынды уюштурган «Кыргыз Глобал» уюмунун түзүлгөнүнө бир жыл боло элек. Уюмдун президенти Салижан Кылычбеков чет жактан сапаттуу билим алып, күчтүү тажрыйба топтоп жаткан жаштардын башын бириктирип, алардын санын көбөйтүүнү жана өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууну максат кылат.

- Азыркы тапта калкыбыздын 30 пайызга жакыны чет жакта окуп, иштеп жүрөт, - деди ал. - Мына ошол себептен улам чет жакта билим алып жаткан жаштардын башын бириктирүү максатында «Кесипкөйлүк, тармактуулук жана глобалдуулук» деген ураан алдында уюмубузду негиздегенбиз. Анда иштеген адамдар баарыбыз ыктыярчы катары иш алып барабыз. Башында каражаттан бир аз кыйналдык. Анткени иш-чара уюштурайын десең сөзсүз демөөрчү табышың керек. Бир адамдан улам эле сурай албайсың. Азыр эми фонд түзүп койдук, анда чогулган каражатты пайдаланып турабыз. Биздин уюм эч кандай саясий же диний максатты көздөбөйт. Буга чейин китеп окууну коомго жайылтуу максатында үч сынак өткөрдүк. Ошондой эле биз чогулуп айыл жергесиндеги мектеп окуучуларына жардам берип, аларды билим алууга шыктандыргыбыз келет, - деген Салижан Кылычбеков мындан ары ар тармактар боюнча конференцияларды өткөрүүнү пландап жатышканын билдирди.

Ал Пусан шаарындагы UNICT университетинде физика багытында магистратурада билим алуусун улантып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG