Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Жапонияда жана Сингапурда коронавирусту жуктургандар көбөйдү


Токиодогу беткапчан киши. 23-март, 2020-жыл.
Токиодогу беткапчан киши. 23-март, 2020-жыл.

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги 5-апрелде Токиодо коронавирусту жуктургандардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирди. Ишембиде 130 жаңы учур катталып, 13 миллион калкы бар баш калаада жалпысынан бул илдетке кабылгандардын саны миңге жетти.

Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 3100дөн ашканына байланыштуу Жапонияда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чакырыктары да айтылууда.

Коронавируска чалдыккандардын саны Сингапурда да соңку бир сутка ичинде кескин жогорулап кетти. Жекшембиде жаңы 120 адам катталды. Ооруп калгандардын көбү мигранттар. Бул мамлекетте жалпысынан 1308 кишиден COVID-19 аныкталган. Алардын алтоо көз жумган.

Ал арада Испанияда бул оорудан өлгөндөрдүн саны соңку үч күндөн бери төмөндөп жатат. Акыркы бир сутканын ичинде 674 адам ажал тапты. 5-апрелге карата бул өлкөдө 12 500дөй киши каза болду.

XS
SM
MD
LG