Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Жээнбековдун чоң атасы табылды


"Өлбөс полк" акциясында тартылган сүрөт. 9-май, 2018-жыл.
"Өлбөс полк" акциясында тартылган сүрөт. 9-май, 2018-жыл.

"Эрдик-Подвиг" коомдук бирикмеси президент Сооронбай Жээнбековдун согушка кеткен чоң атасынын сөөгү Украинада табылганын кабарлады. Уюм бул факт согуш курмандыктарын издөөгө кепилдик бере турган мыйзамдын кабыл алынышын шарттайт деп үмүт артууда. Мыйзам долбоорун Аида Салянова депутат кезинде сунуш кылып, ал биринчи окууда кабыл алынган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи Дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жер Украинадан табылды. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысына издөө иштерин алып барган “Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди:

Каныбек Мырзаканов.
Каныбек Мырзаканов.

- Быйыл 8-майда президент согушта дайынсыз жоголгондорду издегендерди кабыл алган. Жолугушууда "Биздин жеңиш" кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева менен бирге биз да болгонбуз. Президент сүйлөшүп отурганда "бизде ушундай тарыхка аяр мамиле кылган издөөчүлөр бар экенине абдан кубанчтамын, силер дайынсыз аталарыбызды унутпай издеп таап жатканыңарды угуп кубандым" деп ыраазычылык билдирген. Сөз арасында "менин чоң атам Пирназаров Жээнбек да согуштан кайтпай калган. Дареги дайынсыз. Анын эки баласы согушка катышып, кайтып келген" деген эле…

Мырзаканов издөөнүн жыйынтыгында президенттин чоң атасы Жээнбек Пирназаров 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза болгону белгилүү болгонун айтты. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу жоокердин көмүлгөн бейити аныкталган.

“Эрдик-Подвиг” уюму 2015-жылы негизделип, ушул кезге чейин согушта курман болгон 1612 кыргызстандык жоокердин дайын-дарегин тактады. Бирок табылган жоокерлердин урпактары Орусиянын, Европанын ар кайсы аймагында калган аталарынын көрүстөнүнө барып куран окуп, таазим этип келүүдө жол кире, жатакана жагынан мамлекеттик колдоого муктаждык келип чыккан.

Бул өксүктү толтуруу максатында 2017-жылы ал кезде депутат болуп турган Аида Салянова өлкөнүн “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун сунуш кылган. Ал өз демилгесин мындайча түшүндүрдү:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Дайынсыз болуп кеткен аталары, чоң аталары табылган болсо алардын туугандарынан үч киши мамлекеттин эсебинен барып келсе дегенбиз. Бул мыйзам долбоорубузга мамлекеттик органдар тарабынан тоскоолдуктар жаралды. Анткени алар бардык дайынсыздардын санын эсептеп алып (азыр жанымда так маалымат жок, менимче 56 миңдин тегереги болсо керек), "көп чыгым кетет" дешкен. Бул менимче абсурд. Биринчиден, анча кишинин баары бир жыл ичинде табылбайт. Айрымдарынын артында туугандары да калган эмес. Аларды көңүлгө албай эсептеп чыгымды 7-8 миллиард сомго чыгарып ийишкен. Ушундай туура эмес, үстүрт мамиле болгондуктан бул маселе азыр да чечилбей келет.

Парламент депутаты Аида Касымалиева Салянова сунуш кылган мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, согушта курман болгондордун жакындары улуттук менталитетке ылайык аталарынын көзү өткөн жерге барып, ага зыярат кылып, жаркын элесин эскерүүгө милдеттүү экенин белгиледи:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Негизи Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун туугандары деле аз калган. Биз бул мыйзам долбоорун комитетте карап жатканда аны ишке ашырууга анча деле көп каражат кетпей турганын эсептегенбиз. Бул дайынсыз кеткендердин элесине арналган долбоор. Менимче ал мыйзам былтыр "штаб карайбы же Социалдык өнүктүрүү министрлиги карайбы" деген талаш-тартыш менен токтоп калган. Менин оюмча, аны кабыл алыш керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында быйыл 9-майда өткөн “Өлбөс полк” акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан.

“Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмеси маркум жоокердин табылганы тууралуу президенттик аппаратка билдирүү жөнөтүп, жообун ала элек экенин айтты. Уюмдун өкүлдөрү президенттин чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жердин табылышы согушта курман болгондорду издөөгө жардам берүүнүн шарттарын караган мыйзамдын кабыл алынышына шарт түзөт деп үмүт кылып турушат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG