Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Тарыхчы, профессор Жеңиш Жунушалиев дүйнө салды


Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев. 25.12.2015.
Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев. 25.12.2015.

Кыргыздын белгилүү илимпоз тарыхчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев 81 жашка караганда дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын тарых илимине зор салым кошкон инсандардын бири, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев узак оорунун айынан 4-майдын акыркы саатында дүйнө салды. Маркумдун жубайынын айтымында, ал түн ортосуна бир аз жетпей үзүлдү. Бир-эки айдай ал Бишкектеги атайын оорукананын кардиология бөлүмүндө дарыланган болчу.

Бала чак. Элеттик мугалим

Жеңиш Жунушалиев 1935-жылдын бештин айынын (декабрынын) 24үндө Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Корумду айылында туулган. Анын бала чагы экинчи дүйнөлүк согуш маалына туш келди. Окуудан тышкаркы убактарда башка өспүрүмдөрдөй эле иштеп жатты.

1954-жылы Каракол шаарындагы Мугалимдер институтун аяктады (бул институт кийинчерээк пединститутка кошулуп, аталган окуу жай эгемендик доорунда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине айланган).

Жеңиш Жунушалиевдин эмгек жолу айылдык жети жылдык мектептин мугалими болуп иштөөдөн башталган.

Тарыхчы адистиги боюнча таалим алуу. Мугалимдик иш-аракет

1955-1960-жылдары Жеңиш Жунушалиев Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Тарых факультетинен таалим алган.

Ага дарс окугандардын арасында таанымал илимпоздор, профессорлор Бегимаалы Жамгырчинов, Анварбек Хасанов, Борис Михайлович жана Анна Гавриловна Зима, ж.б. болгон.

1960-1965-жылдары Жеңиш Жунушалиев Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылынын орто мектебинин директору болуп иштеген.

Жооптуу кызматтарда

1965-1986-жылдары ал Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Араван райондук, Ош облустук комитеттеринде жана КП БКнын ар кыл жооптуу кызматтарында иштеген.

Окумуштуу 1986-1991-жылдары Кыргызстан КП БКга караштуу Кыргызстан Компартиясынын тарыхы институтунун директору болуп иштеп турду.

1992 - 1997-жылдары ал Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИАнын) Коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу катчысы кызматын аркалаган.

Узак жылдар бою (1997-2014-жылдары) ал КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору болуп иштеген.

Илимий ишмердиги

Профессор Жеңиш Жунушалиевдин илимий ишмердүүлүгү негизинен совет доорунун тарыхын иликтөө менен башталган. Ал 1975-жылы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын аяктап, кандидаттык диссертациясын жактаган.

Жеңиш Жунушалиев 1993-жылы КР УИАнын Тарых институтунун алдындагы Диссертациялык Кенеште «ХХ кылымдын 20-30-жылдары: Кайра түзүүлөрдүн жана трагедиялардын мезгили” аттуу темада докторлук ишин коргогон. Бул эмгек орус тилинде өзүнчө монография катары жарык көргөн (Джунушалиев Дж. Время созидания и трагедий в 20-30-е годы ХХ в. - Б.: Илим, 2003. - 256 c.).

Жеңиш Жунушалиев 130дан ашуун илимий эмгектин автору эле. Бир катар китептерди жана окуу китептерди биргелешип жарыялаган. Анын катышуусу менен жарыяланган эмгектердин арасында Жусуп Абдыракмановдун өмүрүн жана бейнесин жаңыча кароого багытталган китеп («Ю.Абдрахманов. 1916. Дневники. Письма к Сталину»), кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый баскычтарын таразалаган жыйнак да бар.

Жеңиш Жунушалиевге 1982-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери», 2000-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамдары ыйгарылган.

1996- жана 2002-жылдары Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаттыгын алган.

Кыргызстандын илимий коомчулугу Жеңиш Жунушалиевди Кыргызстандын ХХ кылымдагы тарыхы боюнча көрүнүктүү адис, жоопкерчиликтүү жана калыс жетекчи, өз оюн тайманбай айткан адис катары билчү.

Заманбап талкуулар

Албетте, 1990 - 2015-жылдары Кыргызстандын ар кыл тарыхый баскычтары тууралуу талкууларда анын айрым эскиче көз караштарын жаш кесиптештери сынга алган учурлар да болду. Айрым илимий маселелерде ал өзү да жаңычыл мамилени колдоп келди.

Маселен, ал үстүбүздөгү жылы миң жылдык мааракеси белгиленип жаткан даанышман акын жана ойчул Жусуп Баласагындын мурасын ырааттуу иликтөөгө чакыргандардын бири болду: “Негизинен - насаат. Башкаруучуга насаат. Демек, соодагерлерге, дыйкандарга кандай мамиле кылыш керектиги туурасындагы насаат. Тарыхый жагынан баалуулугун алганда, XI кылымда коомдо кандай маселе актуалдуу эле, аны Жусуп Баласагындын эмгегинен окуп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болот да...

Калыстык үчүн айта кетсек, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшкө баа берүү жаатында ал эски муундагы коммунисттердин айрым көз карашын ырааттуу колдогондугу белгилүү. Ошону менен бирге ал “Үркүн” аталышын четке какпоо керек деп санаган.

Борбордук Азиядагы суу, отун-кубат ресурстары колдонуу жаатында “Азаттык” үчүн курган маегинде ал мындайча оюн билдирген:

Токтогул ГЭСи менен суу сактагычы курулганда Кыргызстандын пайдасына караганда Өзбекстан менен Казакстандын кызыкчылыгы көбүрөөк эске алынган. Себеби ал энергетикалык эмес, ирригациялык режимге ылайыкталып курулган. Ал кезде Союздан акча келип турса эчтеке эмес эле. Азыр электр энергиясы жетишпей, жарык өчүрүлүп жатат. Токтогул ГЭСи элдин пайдасына иштесе энергетикалык режимде иштеш керек. Кышында электр энергиясын өндүрсүн. Өзбектер кааласа аккан сууну топтоп алышабы, башка бир жерге сактап алышабы – ал алардын өзүнүн иши. Биз адегенде өзүбүз жөнүндө ойлошубуз керек. Алардын принциби кандай? “Эми сууну кыргыздар кайра артка агызып алмак беле, табияттын суусу” деп атышат. Башкалар табияттын байлыгынан пайдаланып, кыргыздар эмне, агып жаткан суусунан пайдаланышка укугу жок бекен!

Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-кабарчысы, профессор Жеңиш Жунушалиевдин элеси дайыма эл эсинде калмакчы. Окумуштуунун артында аны сүйгөн үй-бүлөсү, ысымын эч өчүртпөй турган кесиптеш замандаштары, илимпоз шакирттери калды.

Акыркы сапарга узатуу

Профессор Жеңиш Жунушалиев 2016-жылдын бугу (май) айынын 4үндө саат 23:07де Бишкек шаарындагы батиринде дүйнөдөн кайткан.
Бугу (май) айынын 6сында Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилиги маркумдун сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу тууралуу чечим чыгарган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү бугу (май) айынын 7синде өттү. Оболу үйүнөн жаназа окулуп, андан соң КР УИАнын башкы имаратында акыркы сапарга узатуу жыйыны өттү. Эскерүү жыйынында КР УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев, академиктер Владимир Плоских, Аскар Какеев, ж.б. окумуштуулар чыгып сөз сүйлөштү.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган соң, калайык "Элим" ресторанында маркумга багыштап куран окутушту.

XS
SM
MD
LG