9-майда Улуу жеңишке 75 жыл толду. Жыл сайын 9-майда белгиленчү маараке бул ирет коронавирус пандемиясына байланыштуу шаан-шөөкөтсүз өтүүдө.
8-майда Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү бул датаны белгиледи. Жапырт иш-чаралар уюштурулган жок, мамлекет лидерлерди мемориалдык комплекстерге барып, согушта набыт кеткендерди эскеришти.
Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген бир катар өлкөлөр Жеңиш күнүн 9-майда белгилешет. Карантинге байланыштуу Беларус менен Түркмөнстандан башка жерде аскердик парад өткөн жок.
Кремль аскердик парадды кийинкиге жылдырган.
7-майда АКШнын баш катчысы жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жалпы билдирүү таратып, Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарына жана ошондогу аскерлерге сый-урмат көрсөтүшкөн.
Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи дүйнөлүк согуштун алкагындагы Улуу Ата Мекендик согушка (1941-1945-жж.) Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанган. Алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган, 56 миңден көбү дайынсыз жоголгон.
Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыяры менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Айрым маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийим жөнөтүлгөнү айтылып жүрөт.
Экинчи Дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон. (SE)