Кабулдагы кош жардыруу
Ооганстандын баш калаасы Кабулда парламенттин жанында болгон кош жардырууда кыркка чукул киши набыт кетти. Кеминде 78 адам жарадар экенин жергиликтүү полиция билдирди. Жабыркагандардын көбү жайкын тургундар жана парламенттин кызматкерлери эле. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды.