26-июнда автокырсыкка учурап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор.
Учурда ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, эс-учун билбеген абалда жатат.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков “Азаттык” радиосуна ырчынын баш мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганын билдирди.
26-июнда Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөсүндө саат 15:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Анда «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун машинеси менен «Тойота Камри 50» үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан.
Жол-кайгуул кызматы эки автоунаадагы үч киши түрдүү жараат алганын кабарлаган.(AiA/ZKo)