Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Жоолукчан кыздарга мектеп эшиги жабылды


Чымкенттеги окуучу кыздар мектепке кире албай турушат.
Чымкенттеги окуучу кыздар мектепке кире албай турушат.

Казакстандын мектептеринде жоолук маселеси кайра көтөрүлдү. Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке жоолук салынып келген окуучулар сабакка киргизилген жок.

Мындан улам айылдагы 30 чакты ата-эне үч күндөн бери мектептин алдында нааразычылык билдирип жатышат. Өткөн жылы Казакстандын Билим берүү министрлиги бирдиктүү формадан баш тарткан төрт окуучуну кийинки класска көчүрбөй койгон.

Мектептин алдына чогулган ата-энелерди полиция кызматкерлери көзөмөлгө алууда. Мектеп жетекчилигинин маалыматы боюнча жогорку класста окуган жоолукчан 200 окуучунун 73ү мектептин талабына макул болгон. Бирок ошол эле убакта "жоолукту чечпейбиз" деп көшөргөн 127 окуучу бар. Алардын бири буларды айтты:

- Биз президентибизге ыраазыбыз. Аны колдойбуз. Бирок биздин жоолугубузду чечпесинчи. Анткени биздин ыйманыбыз жоолугубузга байланган да.

Жанар Сафарова
Жанар Сафарова

Фирдауси айылындагы хижаб кийген кыздардын маселеси былтыр да көтөрүлгөн.

Чымкенттен 300 чакырымдай ыраак жайгашкан бул айылда негизинен тажик улутундагылар жашайт жана мектеп да тажик тилинде.

Жергиликтүүлөр окуучулар жоолукту "улуттук каада-салттан" улам салынып жатканын айтышат.

- Мектепте бир дагы орус, бир дагы казак жок. Бардыгы тажиктер. Бул кичинекей айыл. Мектеп окуучулардын баары бирдей форма кийишин талап кылды. Биздин салтыбыз, динибиз ушундай. Кылымдар бою кыздарыбыз ак жоолук салынып келген. Аны чечкенге болбойт, -деди Фирдауси айылынын тургуну Жанар Сафарова.

Казакстандын билим берүү министри Ерлан Сагадиев окуучулар мектепке жоолук менен киргизилбесин билдирди. Муну мекеме "мыйзам баарына бирдей" деген талап менен түшүндүрдү. Ал эми Фирдауси айылындагы мектептеги абалды изилдөө үчүн атайын комиссия жөнөтүлдү.

- Жоолук салынган окуучулар мектепке кирбейт деп так кесе айта алам. Биз аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Жергиликтүү акимчилик жана тийиштүү органдар менен биргелешип, комиссия түздүк. Азыр ошол маселенин үстүнөн иштеп жатабыз. Убакыт керек.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучуларды сабакка киргизбеген көрүнүш былтыртан бери курч талкууланып келет. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.

Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечип койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG