Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Газ чыккан жерде балдар ууланды


Батыш Казакстан облусу, ууланган баланы ооруканага алып бара жаткан медицина кызматкерлери.
Батыш Казакстан облусу, ууланган баланы ооруканага алып бара жаткан медицина кызматкерлери.

Өткөн айдын аягында Батыш Казакстан облусунун Березовка айылында 25 окуучу, бир канча чоң адам ууланып ооруканага түшкөн.

Айыл тургундары окуядан бир канча күн өтсө да массалык уулануунун так себептерин айтылбай жатканына нааразы. Алар бийликке өздөрүн тез арада башка жайга көчүрүү талабын коюшту.

28-ноябрда Батыш Казакстан облусунун Березовка айылында 25 окуучу эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөнү маалым болгон. Балдардын ата-энелери ушунча убакыттан бери уулануу себебин биле албай келет.

Березовка айылынын тургундары маалымат берип жатышат. 9-декабрь. 2014-жыл. Орал
Березовка айылынын тургундары маалымат берип жатышат. 9-декабрь. 2014-жыл. Орал

​Ууланган балдардын биринин энеси Күнсулу Сарсенбаеванын айтымында, дарыгерлер иликтөө жыйынтыктары менен медициналык корутундуну дагы эле бербей отурат. Ал экинчи ирет ушундай окуя болуп жатканын айтты:

– Облустук бийликтен бизге жардам болот дешти. Бизге жол куруп, суу алып келбей эле койсун. Биздин талап – айылды башка жакка көчүрүү керек. Балдарга коюлган диагнозду он күн өтсө да колубузга беришкен жок. Бул ууланууга чейин балдарыбыздын мурдунан кан аккан. Үчүнчү жолу эмне болорун эч ким билбейт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:24 0:00
Түз линк

Березовка айылынын тургундары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен буга чейин да бир топ жолугушууларды өткөргөн. 1-декабрдагы жолугушууда облустук Экологиялык департаменттин башчысынын орун басары Ерлан Сапаров соңку текшерүүлөр уу газдын абадагы өлчөмү чектен ашпаганын көрсөткөнүн маалым кылган:

- Санитардык коргоо аймагында орнотулган 16 станциянын биринде да уулуу заттардын көрсөткүчү белгиленген даражадан ашыкча байкалган эмес.

Березовкага жакын жерде «Карачаганак Петролеум Оперейтинг» ишканасы газ өндүрөт. Ал айылга жакын жерлерге 16 сигнал-станцияларын орноткон. Бул жабдыктар абада күкүртүү суутектин көлөмү көбөйүп кеткенде белги берип турат.

Березовка айылында ууланган окуучулар. 4-декабрь. 2014-жыл. Батыш Казакстан облусу
Березовка айылында ууланган окуучулар. 4-декабрь. 2014-жыл. Батыш Казакстан облусу

Аталган айылда миңден ашуун адам жашайт. Демилгечилердин көчүрүү талабына 951 адам кол койгон. Алар өзүдөрүн “коркунучтуу экологиялык аймакта жашап жатабыз” деп эсептешет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG