Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:01

Казакстанда активист Тулесова он суткага камалды


Асия Тулесова AFP агенттигине маек берип жаткан учур. 31-май, 2019-жыл. Алматы шаары.
Асия Тулесова AFP агенттигине маек берип жаткан учур. 31-май, 2019-жыл. Алматы шаары.

Казакстандын Алматы шаардык соту активист Асия Тулесованы он суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Тулесовага 6-июнда өткөн демонстрациялар маалында “полициячыларга зомбулук көрсөткөн” деген айып тагылды.

10-июнда сот жараяны өтүп жаткан маалда имараттын алдында Тулесованын тарапташтары чогулуп "Асияны бошот", “Репрессияларды токтоткула" деген ураандарды чакырып турушту.

6-июнда полиция митингге чыккан жүздөн ашуун адамды кармап кетип, көбүн ошол күнү кечинде бошоткон.

Тулесова митинг маалында тартип коргоочулардын биринин шапкесин чаап жибергени чагылдырылган видео Интернетке таркап кеткен. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айткан.

9-июнда укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Касым-Жомарт Токаевге атайын петиция менен кайрылышты. 1800 адам кол койгон кайрылууда Тулесованы бошотуу жана соңку жылдардагы митингдер маалында болгон полициянын аракеттерин көз карандысыз иликтөө талаптары жазылган.

6-июнда казакстандыктар “Тынч жыйындар жөнүндө” мыйзамга нааразылык билдирүү үчүн митингге чыгышкан.

Ал мыйзамга ылайык, митингдер бийликтин уруксаты менен атайын бул үчүн бөлүнгөн аймактарда гана өтүшү шарт.

XS
SM
MD
LG