Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

Эл аралык кылмыш тобунун өкүлү «Коля кыргыз» кармалды


Камчы Көлбаев. Бишкек. 18-апрель, 2013-жыл.
Камчы Көлбаев. Бишкек. 18-апрель, 2013-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармады.

Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу» беренеси менен айып коюлууда. «Коля кыргыз» деген каймана ат менен таанылган кылмыш дүйнөсүнүн лөгүнүн ысымы айрыкча быйылкы парламенттик шайлоодо көп аталды. Көлбаевдин кармалышы жаңы келген бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү аракетиби же коомчулуктун көзүн будамайлообу?

Камчыбек Көлбаевге кине коюлду

Кыргызстанда бирден-бир эң ири уюшкан кылмыштуу топту жетектегени айтылып жүргөн «мыйзамдагы ууру» Камчыбек Көлбаев 22-октябрда Бишкекте колго түштү. Бул тууралуу алгач социалдык тармактарда маалымат тарап, аны күч кызматкерлери кармап кетип баратканы тартылган бир нече сүрөт жарыяланды.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00

Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий маалымат берип, Көлбаев уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалганын ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу» беренеси менен каттоого алынып, тергөө иштери башталды.

«Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Камчыбек Асанбектин (Камчыбек Көлбаев) кылмыштуу ишмердүүлүгү жана ага аралашкан адамдарды аныктоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин адвокаттары же жакындары акыркы окуя боюнча комментарий бере элек. Ал Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жаңы бийликке катуу талаптар коюлуп жаткан учурда кармалды.

Бир жума мурун атайын кызматтын төрагасы болуп дайындалган Камчыбек Ташиев Кыргызстанда кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү тууралуу убада берген. Ал мыйзам бузса Көлбаев да камакка алынарын айтканы бар:

«Эч нерсесине карабай, баарын жазалайбыз. Камчыбек Көлбаев кысым кылып же мыйзам бузса жазага тартылат. Жазаланып гана эмес, камакка отургузулат. Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла. «Уурулар» эми эки-үч «Лексустун» коштоосунда кортеж болуп жүрбөйт! Бандиттер качып, жашына башташат. Биз ошондой кылабыз».

Кримтөбөлдүн кыргыз саясатындагы карааны

Кримтөбөл Камчыбек Көлбөевдин кыргыз саясатына тийгизген таасири боюнча кеп-сөздөр болгону менен ал коомчулукка ачык айтылган эмес. Аны биринчилерден болуп 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев айтып чыкты.

Ал өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор коррупционерлер, саясатчылар менен жуурулушуп мафия болуп алышканын билдирген. Ошондой эле Көлбаев бийликчил деп сыпатталган партияларды каржылап шайлоого алып баратканын, саясатчылардын көбү анын атын атоодон корко турганын жарыялаган:

«Баары эле «бийликчил партиябыз» деп айтышат. Чынын айтканда алар бийликчил эмес, алардын кожоюну бир эле киши. Ал криминалдын ана башы «Коля Кыргыз» деп коёт. Ошонун алдында баары «шестёрка». Бүгүнкү күндө криминалдашуу жүрүп жатат. Криминал бийликке умтулуп, өз кишилерин жиберип атат. Кимди жөнөтүп атат? Уюшкан кылмыштуу топтун белдүү мүчөлөрүн эмес. «Шнырь» деп коет, мындай жөнөтүп койчулар. Алардын алдыңкы тобу келе жатат».

Өмүрбек Суваналиев кримтөбөлдүн туулган күнүндө жыл сайын президент баш болгон жоон топ саясатчылар барары тууралуу сөздүн четин чыгарган. Муну ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун аппаратты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Криминалга каршы күрөш башталдыбы?

Көлбаевге байланышкан сөздөр парламенттик шайлоодон кийин да токтогон жок. Ал түгүл президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров менен да байланышы бар экени айтылган. Жапаров мунун баарын ушак деп баалап, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшө турганын кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Көлбаевдин кармалышы менен жаңы бийликтин криминал менен күрөшүү боюнча ишине баа бериш эрте деп эсептейт.

«Баарын убакыт көрсөтөт, - деди ал. - Ошол эле Райымбек Матраимовдун иши эмне болгонун көрбөдүкпү. УКМК аны кармамыш болуп фотосессия кылды. Эми 24 млн. доллар төлөп бермей болду. Көлбаев боюнча мындан кийинки аракеттерин көрүшүбүз керек. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн күч органдары күчтүү болуп, милиция жакшы айлык алышы зарыл. Мейли, Көлбаевди бир ай же бир жыл камаган менен деле ал түзгөн топ иштей берет да».

Ал арада Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевди кармоо аракетин кубаттады. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттерде» «Көлбаевдин кылмыштуу тармагы - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «Brothers’ Circle» эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү» деп жазды.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга бир миллион доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны «кара тизмеге» киргизген.

Бир жылдан соң Орусиянын Ички иштер министрлиги да Көлбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган.

Саясатчы Бектур Асанов Садыр Жапаров башында турган бийликтин кылмыш дүйнөсү менен күрөшүү тууралуу кат-кат убадасына азырынча ынабай турат. Ал Бишкекте өткөн талкуулардын биринде «азыркы бийликте тургандардын бир тобу криминал экенин, алар бийликти да, криминалды да өздөрү башкаргысы келип жатканын» билдирген. Ал эми Көлбаевдин кармалышы боюнча «Азаттык» менен төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Бир аз күтө турушубуз керек. Азыр эптеп эле элдин көңүлүн алуу аракети болуп жатат. Кармап алып «бир аз отура тур. Анан чыгып кетесиң» деген келишимдер буга чейинки бийликтин тушунда да болгон. Эгерде азыр да ушундай оюндар болсо бул бийликтин келечеги жок. «Эптеп шайлоодон өтүп алсак калганын көрө жатарбыз» деп жатышы да мүмкүн. Биз уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө мыйзам кабыл алышыбыз керек. Ошондо кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн мындай топторго кошулганы үчүн эле колунан жетелеп барып камаса болот. Алардын статусуна жараша жоопкерчилигин да караш керек. Кыргызстанда даяр мыйзам деле бар. Мен муну өкмөт мүчөлөрүнө да айткам. Азырынча жооп боло элек».

46 жаштагы Камчыбек Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

Ал 2008-жылы Москвада «мыйзамдагы ууру» макамын алып, «таажы кийгени», буга бир катар кримтөбөлдөр күбө болгону тууралуу маалымат бар.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

XS
SM
MD
LG