Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Корея кезектеги саммитке камданууда


Түштүк Кореянын делегациясын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү кабыл алды. 6-сентябрда Пхеньян тарабынан жарыяланган сүрөт.
Түштүк Кореянын делегациясын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү кабыл алды. 6-сентябрда Пхеньян тарабынан жарыяланган сүрөт.

Түндүк менен Түштүк Корея эки өлкө лидерлеринин үчүнчү саммитин 18-20-сентябрда өткөрмөй болушту. Мындай чечим бир күн мурда Пхеньянда өткөн эки тараптуу жолугушууда кабыл алынды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы Пхеньянда шаршемби күнү өткөн жолугушууну адаттагыдай даңазалап көрсөттү. Түштүк Кореянын расмий чабарманы Чон Ый Ён жетектеген делегацияны Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү кабыл алды.

Дал ушул жолугушууда эки Корея ортосундагы кезектеги саммитти 18-20-сентябрда өткөрүү чечими кабыл алынды. Үч күндүк саммитке даярдык, анын ичинде протокол, коопсуздук маселелерин эки өлкөнүн өкүлдөрү кийинки аптада чек арадагы Панмунжом кыштагында талкуулашмакчы.

- Биз Корей жарым аралына туруктуу тынчтык орнотуу жана өнүгүү маселелелерин, өзгөчө өзөктүк куралдан арылуунун практикалык жолдорун талкуулайлы деп макулдаштык. Ким Чен Ын мырза Корей жарым аралындагы денуклеаризация процессин аягына чыгаруу тууралуу убадасын аткарам деп ишендирди. Ошондой эле Түштүк Корея менен эле эмес, АКШ менен да бул маселе боюнча жакындан кызматташууга дилдир экенин айтты,-деп билдирди Сеулга кайтып келгенден кийин Түштүк Кореянын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён.

Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин (оңдо) 27-апрелдеги саммиттин соңунда.
Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин (оңдо) 27-апрелдеги саммиттин соңунда.

2018-жылга чейин баллистикалык ракеталарын жана өзөктүк бомбаларын тынымсыз сынап, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган Түндүк Корея быйыл жыл башында дипломатиялык аракеттерин жанданткан.

Натыйжада эки Кореянын учурдагы лидерлери биринчи жолу апрель айында чек арадагы демилитаризациялык аймакта жолугушкан. Анда эки тарап өзөктүк куралдан “толук” арылууну жана 65 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекитти коюну убада кылышкан.

Май айында АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы саммит өтөөр-өтпөсү белгисиз болуп турганда эки корей лидери экинчи ирет Панмунжомдо кездешкен.

Июнь айында тарыхта биринчи жолу АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери Сингапурда жолугушуп, анын соңунда президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялаган. Андан бери "Түндүк Корея убадасын канчалык аткарып жатат?" деген суроо Американын өзүндө утур-утур талкуу жаратып келе жатат.

Мисалы, быйыл июль айында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сенаттын Тышкы иштер комитетинде суроолорго жооп берип жатып, Пхеньян убадаларына карабастан өзөктүк куралга керектүү материалды өндүрүүнү улантып жатканын айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Сингапур, 12-июль 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Сингапур, 12-июль 2018-жыл.

"Вашингтон пост", "Рейтер" сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы басылмалар да АКШнын чалгын спутниктеринин сүрөттөрүнө таянып, Түндүк Кореядагы кубаттуу баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдо иш тынымсыз уланып жатканын жазып чыгышкан.

Эки жума мурда Трамп денуклеаризация процесси жетиштүү деңгээлде жүрбөй жатканын жүйө кылып, мамлекеттик катчы Майк Помпеону Пхеньяндагы сүйлөшүүлөргө жөнөтпөй койгон.

Деген менен Ким Чен Ын талаштуу аскердик сыноолорун токтотууну, денуклеаризация жараянын 2021-жылга чейин бүткөрүүнү убада кылганын Түндүк Кореяга барып келген түштүк кореялык делегациянын башчысы Чон Ый Ён билдирди:

- Ким Чен Ын Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө денуклеаризация жараянын ишке ашырууну, 70 жылга созулган кастык мамилени оңдоону, эки өлкөнүн алакасын жакшыртууну көздөөрүн айтты.

29-августта президент Трамп Түндүк Корея маселеси боюнча үн катып, Пхеньян менен иш уланып жатканын, бирок "АКШнын Корей жарым аралынын өзөктүк куралдан арылтуу аракетине тоскоолдук жаратууда" деп Кытайды күнөөлөгөн. Расмий Бээжин бул айыптарды четке каккан.

Кантсе да Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын ортосундагы Пхеньянда өтүүчү кезектеги саммит кырдаалга дагы аныктык киргизгени турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG