Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Кубат Табалдиев: Тарыхый мурастар четинен талкаланууда


2500 жыл мурунку сак мүрзөсү. Жел-Дөбө, Ысык-Көл облусу.

Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын кире беришинде, так эле жолдун боюнда урап, жок болуп бараткан эски күмбөздү көрүүгө болот.

Бул күмбөздүн тарыхына кызыгып, белгилүү археолог окумуштуу Кубат Табалдиевге кайрылдык. Ал бир гана биз кызыккан күмбөз тууралуу эмес, Кыргызстандын аймагындагы бардык тарыхый эстеликтердин аянычтуу тагдыры тууралуу кеп кылды.

- Күмбөз жер менен жексен болуп, жок болуп бараткан экен. Бул эмне болгон күмбөз? “Манастагы” кадимки Кыргыл чалга тиешелүү деп да жүрүшөт.

-Семиз-Бел айылына жетпей жолдун оң жагында жайгашкан күмбөз ХIХ кылымдагы же ХХ кылымдын башына туура келип, кыргыздарга таандык. Ошол жерде убагында мыкты сакталган күмбөздөр болгон. Совет мезгилинде жол курулушу учурунда алар бузулган. Сиз айтып жаткан күмбөз ошол мүрзөлөрдүн калдыгы. Жергиликтүү эл ичинде бул күмбөздөргө байланыштуу ар кандай уламыштар айтылып жүрөт.

Мисалы, Кум-Дөбө айылындагы күмбөздөр комплексин "Кырк чоронун күмбөздөрү" деп аташат. Калган күмбөздөр Кочкордун батыш ыптасындагы Комсомол айылына жакын жердеги күмбөздөр. Аларды дагы "Манас" эпосу менен байланыштырып келишет. Бирок мезгили боюнча алып карай турган болсок, булар XVIII кылымдан ХХ кылымдын башына чейин Теңир-Тоонун төбөлдөрү көмүлгөн күмбөздөр. Алардын аттары ушул күнгө чейин белгисиз.

Семиз-Бел айылындагы күмбөз, Ысык-Көл.
Семиз-Бел айылындагы күмбөз, Ысык-Көл.

Бул күмбөздөр 1987-жылы мен изилдөө иштерине катышып жүргөндө жаңыдан бузулуп жаткан эле. Азыр көбү жөн эле дөбөгө айланып калды. Салыштырмалуу жакшы сакталып калган күмбөздөр Кум-Дөбө айылындагы Махмуд Кашкаринин картасында көрсөтүлгөн Кочкор-Башы шаарчасынын эң акыркы сакталып калган дубалдарынын үстүндө турат. Бул XVIII кылымдагы белгилүү адамдардын, ошол кездин элитасынын күмбөздөрү болушу эч шек туудурбайт.

- Бул тарыхый объектилерди коргоо боюнча кандайдыр бир иш-чаралар жасалды беле?

- Кеп ошондо болуп атпайбы. Майда күмбөздөрдү мындай коелу, тарыхый мааниси чоң Кочкор-Башы шаарчасынын дубалдары кайдыгер мамиледен улам талкаланып, акыркы чеби жеке менчикке өтүп кете жаздады.

Кочкор-Башы шаар калдыгы. Азыр бул байыркы шаардын ураган дубалдарынан кыш куюшат.
Кочкор-Башы шаар калдыгы. Азыр бул байыркы шаардын ураган дубалдарынан кыш куюшат.

Тарыхый күмбөздөрдүн, шаарчалардын баары талкаланып, ордуна атканалар курулгандыгына күбө болдук. Эстеликтерди кадимкидей эле айдоого айландырып, түздөп жаткан учурлар кездешет. Эгемендикти алгандан кийин жерлердин тарыхый маанисине карабай эле бөлүп берип салгандыктан, 2000-3000 жыл мурунку көрүстөндөрдүн көбү түздөлүп, топурак-ташы алынып кетти. Алыс кетпейли, Бишкек шаарынын аймагындагы орто кылымга таандык "Кузнечная крепость" шаарчасы (Ред. Жибек Жолу жана С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк-чыгышындагы Кокон хандыгына таандык шаарчанын калдыгы) өкүнүчтүү абалда. Бул трагедия.

Кочкор-Башы чебиндеги ХIХ кылымга таандык күмбөз.
Кочкор-Башы чебиндеги ХIХ кылымга таандык күмбөз.

Биз канча жолу кайрылуу жасабадык! Жазып, айтып келе жатабыз. Мен Кыргызстан боюнча мындай эстеликтердин баарын жаттап бүткөм. Бул кайрылуу менен эле чечиле койчу маселе эмес. Бизде эстеликтерди коргоо боюнча маданият калыптанган эмес. Эгерде бизде андай маданият калыптанганда, бул эстеликтер эчак сакталып, коргоого алынып, Кыргызстан "Ачык асман алдындагы музейге" айланмак. Улам убакыт өткөн сайын маданий мурастардын баасы өсө берет. Бул инвестиция тарта турган, өлкөгө киреше алып келген, туризмди өнүктүрө ала турган маданияттын бир чоң багыты болушу керек эле. Мисалы, Түркия тарыхый жайларынын эсеби менен эле чоң киреше табат. Кен казганга караганда, бул натыйжалуу тармак да. Бирок азыр да кеч эмес.

Археолог окумуштуу Кубат Табалдиев.
Археолог окумуштуу Кубат Табалдиев.

- Андай деңгээлге жетүү үчүн кандай кадамдар жасалганы туура?

- Башка өлкөлөрдө тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча атайын мамлекеттик уюм болот. Алар тарыхый объектилерди сактоо, реставрациялоо жана консервациялоо боюнча иш алып барышат.

Менимче, дүйнө жүзү боюнча Кыргызстанда гана атайын мамлекеттик эстеликтерди сактоо боюнча өзүнчө каржысы бар, бардык керектүү техника менен камсыздалган уюм жок. Бул жаатта коңшу мамлекеттерден да арттабыз. Мен өз алдынча жылына бир жолу эптеп экспедицияга чыгам.

Албетте, тарыхый мүрзөлөрдөгү күмбөздөрдүн ар бирин каттап, изилдегенге менин чамам жетпейт. Ар бири сакталып калса деп жүрөгүмдөн каалап турам, бирок бул бир кишинин колунан келбейт. Бул ишти реставраторлору, консерваторлору, штабы, жумушчулары, адистери бар чоң уюм аткарышы керек. Ал эми жалгыз изилдөөчү, мисалы, мен 6 чарчы метрди 2-3 айлап, кээде жылдап изилдейм. Азыр археологдор ушинтип өз алдынча же чакан топ болуп иштеп жатышат. Мамлекет 30 жылдан бери археологиялык экспедицияларды каржылай элек. Мындан тышкары, жергиликтүү эл дагы бул объектилердин маанисин түшүнүп, алардын сакталышына кызыкдар болушу керек.

- Ушул иштин баарын уюштурууга, археологдордун башын бириктирип, атайын изилдөөчүлөрдүн тобун түзүүгө, коом уюштурууга сиздин божомолуңузда канча каражат керек?

- Мен салыштыруу түрүндө айтайынчы. Буга ат чабышта биринчи келген чабандеске же улак тартышка сайылган баш байге жетмек. Мындай иш-чараларга каражат табылып, ал эми илимий изилдөө жүргүзүүнү системалуу уюштурууга акча табылбай жатканы ойлондурбай койбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG