Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

"Куугунтук же байлыгын бөлүшүү". Назарбаев "империясынын" тагдыры


Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн металл тосмонун фрагменти. Соңку нааразылык акциялары учурунда анын жүзү ылайланган. Алматы, Казакстан, 11-январь, 2022-жыл
Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн металл тосмонун фрагменти. Соңку нааразылык акциялары учурунда анын жүзү ылайланган. Алматы, Казакстан, 11-январь, 2022-жыл

Экс-президент Нурсултан Назарбаевдин соңку видео кайрылуусу эмнеден кабар берет? Анын жакындарын алдыда эмне күтөт? Бийлик үчүн күрөш узакка созулган чет элдеги соттук териштирүүлөргө чейин жетпейби? Президент Токаев Назарбаевдин 30 жылдык системасын "сындырып", саясий мурасын өзгөртө алабы?

АКШдагы Барнард коллежинин профессору, Колумбия университетинин Гарриман институтунун директору Александр Кули “Азаттыкка” Казакстандагы окуялар жана көшөгө артында жүргөн "оюндар" тууралуу маек курду. Аны "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Елнур Алимова кепке тартты.

Александр Кули, Барнард коллежинин саясий илимдер боюнча профессору жана Колумбия университетинин Гарриман институтунун директору.
Александр Кули, Барнард коллежинин саясий илимдер боюнча профессору жана Колумбия университетинин Гарриман институтунун директору.

"Видео кайрылуу келишимге келүүнүн белгиси"

-Нурсултан Назарбаев өлкөдө башаламандыкка айланган нааразылык акциялары чыккандан берки биринчи видео кайрылуусу чыкты. Ал анда “элитанын” ичинде эч кандай чыр-чатак жок экенин айтты. Назарбаев өлкөдөн эч жакка кетпегенин, бийликти 2019-жылы Токаевге өткөрүп берип, ошондон бери пенсионер экенин билдирди. Анын бул билдирүүсүн Сиз кантип түшүндүрөт элеңиз?

-Бул нерсе Назарбаевди саясий өнөктөрүнөн, үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана кошоматчы жан-жөкөрлөрүнөн ажыратып, анын саясий мурасынын оң жагын гана көрсөтүү аракетине окшоп турат. Анан да Назарбаев өзүнүн пайда болушу менен бул нерсе макулдашылганын, ал жетишиле турган бардык келишимдерге "макул" экенин туюнтуп жатат деген ойдомун.

-Соңку күндөрү анын жакын туугандары - күйөө балдары жана инисинин уулу кызматтан алынды. Бул эмнеден кабар берет?

-Менимче, бул окуялар башкы үй-бүлө мүчөлөрү стратегиялык, экономикалык башкаруудан четке сүрүлүп жатканын көргөзөт. Бул алар тынч коюу үчүн белгилүү бийликтен жана байлыктан баш тартууга макул болгон макулдашылган транзиттин бир бөлүгүбү же Токаев алардын экономикалык империясын тартып алуу аракетин баштадыбы? Маселе ошондо. Менин оюмча, сүйлөшүү аркылуу үй-бүлөнүн жана анын жакындарынын сүргүндөгү коопсуздугу менен укуктук макамын кепилдеген кандайдыр бир макулдашууга жетишилет. Башка да план болушу мүмкүн. Ал жакында казак бийлиги Назарбаевдерди жана алардын өнөктөрүн куугунтуктай башташы мүмкүн деген альтернативалык божомол.

Анткен менен биз экс-банкир Мухтар Аблязовдун мисалынан көргөндөй, ал нерсе аябай кымбат жана татаал нерсе. Себеби, Назарбаевдер кланы тыштагы активдерин - кыймылсыз мүлктөрү менен банк эсептерин көмүскө ортомчулар аркылуу абдан ишенимдүү жашырган.

Албетте, алардын чет элдеги жашоосун татаалдаштырып койсо болот. Мен бир эле мисал келтирейин, Дарига Назарбаева булагы белгисиз Лондондогу байлыгы үчүн сотто айыпталуучу болгон. Бирок сот бул ишти анын пайдасына чечишине казак бийлигинин мүлктүн келип чыгышын ырастап, жиберген документтери негиз болду. Себеби, соттор мүлктөрдүн мыйзамдуу же мыйзамсыздыгын аныктоодо ошол өлкөнүн бийлиги жиберген маалыматка таянышат.

Ал эми азыр казак бийлиги Назарбаевдер мыйзамсыз жол менен же мажбурлап тартып алган мүлктөр тууралуу чет элдик сотторго так далилдерди келтирсе эмне болот?! Анда ал жактагы экс-президенттин жакындарынын байманалуу жашоосу суктанарлык болбой калат.

Бул жол менен мүлктөргө болгон көптөгөн менчик укуктары же ал компаниялардагы үлүштөр кайра каралышы мүмкүн. Ошондуктан, сыртта сүргүндө жүргөндө ичтен саясий колдоо болгону маанилүү. Бирок, өз өлкөңдүн өкмөтү сени куугунтуктаганда, анда сүргүндөгү жашоо алда канча татаал жана кымбатка түшүп калат. Мен бул иштер кайсыл өңүттө же канчалык терең кетерин билбейм. Бирок, Назарбаевдер кандай чен менен алганда да абдан бай экени айныксыз. Бул жагдай алардын көптөгөн бизнес келишимдерин кайра кароого негиз берет.

-Ал эми Назарбаев жана анын жакындарынын тагдыры эми эмне болот? Аларды кандай келечек күтөт?

-Менимче, бир жагынан кайсы бир символикалык өзгөрүүлөрдү жарыялоо аракети болот. Мисалы, экономиканы жана мамлекеттик башкарууну “Назарбаевсиздештирүү” жараяны же болбосо башкы үй-бүлөнүн таасирин чектөө жараяны жүрүшү ыктымал. Бирок бул жерде маселе Назарбаевдер көптөгөн активдерин чет өлкөлөрдө канчалык бекем жана ишенимдүү жашырганында. Атүгүл, үй-бүлөнүн чет элдеги мүлктөрү жөнүндө азыр толук маалымат табуу абдан татаал. Бул кандайдыр бир келишимге келүүнү татаалдаштырат. Анткени казак өкмөтү чет өлкөлөрдөгү мүлктөр туурасында маалыматтарга ээ эмес.

Бирок, ошентсе да, тараптар кызыл чеке талашка жана катуу тирешке алып келбегендей келишимге келүүгө баары бир кызыкдар. Себеби, Назарбаевдер чындап эле абдан чоң активдерге ээ жана коопсуздугуна кепилдик алууну көздөйт.

"Масимовдун камалышы ички күрөштүн жыйынтыгы"

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов .
Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов .

-Казакстандагы соңку нааразылык акциялары адам өмүрүн алган кагылышууларга айланды. Токаев муну бийликти кулатууну көздөп, “чет өлкөдө даярдалган террорчулардын иши” деп баалады. Бирок башка талдоочулар аны кландардын ортосундагы бийлик үчүн күрөш деп айтышууда. Бул окуяларга кандай карайсыз?

-"Сырткы демөөрчүдөн" келчү коркунучтарга басым жасоо азыр репрессияларды актоо сценарийинин бир бөлүгү. Мунун баары “түстүү ыңкылаптар” деп алкактанып жатат, туурабы? Көчөдөгү нааразылык акциялары мыйзамсыз деген негизде, тыштан каржыланчу кандайдыр бир таза эмес күчтөр иштеп жатат деген идеяны жайылтуу аракети бар.

Бирок чын эле эмне болду? Бир жагынан, өлкө батышында газдын кымбатташына каршы башталган көчө акциялары теңсиздикке жана жоопкерчиликсиз элитага каршы митингдерге айланып кетти. Ал эми кайсы бир күчтөр зордук-зомбулукка шыкактады. Президент Токаев менен Назарбаевдин саясий кланынын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүрүп жаткансыйт. Буга жеке Назарбаевдин канчалык тиешеси бар экенин билбейм. Бирок Улуттук коопсуздук комитетинин экс-башчысы Карим Масимовго мамлекетке чыккынчылык боюнча айыпталып камалышы ички күрөштүн бар экенин ырастап турат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (оңдо) орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында. 29-май 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев (оңдо) орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында. 29-май 2019-жыл.

Үчүнчүдөн, буга Орусия баштаган ЖККУ аскерлеринин кийлигишүүсү. Белгиленгендей, алар стратегиялык объектилерди гана көзөмөлдөп, түз согуштук аракеттерге же күч колдонууга барган эмес. Бирок алардын кириши президент Токаевге каршы биригүүнү көздөгөн Казакстандын айрым күч түзүмдөрүн токтотуп калды. Кремл президентти колдой турганын көрсөттү. Максат ийгиликтүү ишке ашты.

Символикалык өзгөрүүлөр же Назарбаевдин мурасынан баш тартуу

Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

-Азыр мамлекеттик телеканалдар борбордуНур-Султан деп атабай калды. Алтургай Назарбаев өзү кайрылуусунда аны жөн эле борбор деди. Бул өзү эмнени билдирет?

-Нур-Султандын атын алмаштырууга келсек, ал абдан таң калыштуу деле нерсе эмес. Бул иш оңой эле жасалат. Башында эле анын ысымын борборго ыйгарууну калктын калың катмары кыжырдануу менен кабыл алган. Ошондуктан азыр Токаев жасай турган символикалык иш – борбордун мурдагы атын калыбына келтирүү. Билесизби, символдор коомдук аң-сезим үчүн абдан маанилүү болушу мүмкүн. Андыктан бул мени таң калтырбайт. Башка объектилердин да аттарын өзгөртүү аракеттери жүрүшү мүмкүн. Бул саясий өткөөл учурга мүнөздүү көрүнүш.

-Эми экс-президент Назарбаевдин тарыхый мурасы жана саясий ролу кандай өзгөрөт?

-Бул абдан кызыктуу нерсе. Назарбаев Казакстанды бутуна тургузууга жардам берди. Ал өзөктүк куралды өткөрүп берген ролу үчүн деле сыйга татыктуу. Бирок ал айткандай, баары ойдогудай ишке ашкан жок. Ал Казакстанды көз карандысыз жана кадыр-барктуу өлкөгө айландырууга стратегиялык аракеттерди жасады. Анын бул эмгегин андан эч ким тартып ала албайт.

Бирок бийлик адамды бузат экен. Отуз жылдай бийликте отуруп, борборго өз ысмын ыйгаруу-анын абройун ашкер жогору көкөлөтүп, ички эгосунун күчөгөнүн билдирет. Назарбаев мамлекет курууда маанилүү рол ойноду. Бирок анысы ашкере эле байма-бай шөкөттөлүп келген.

Азыр эми анын саясий мурасы четке кагылып, Нурсултан Назарбаевдин жеке өзүнө эмес, бирок кайсы бир кыңыр иштерге аралашканы ачык байкалган айрым үй-бүлө мүчөлөрү же жакын жан-жөкөрлөрүнө карата айыптар тагылышы күтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG