Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Коррупция менен жапатырмак күрөшөлү


Урматтуу кыргызстандыктар!

1094-жыл мурун ички араздашуулардан улам гүлдөп турган мамлекетибиз кулаган. 1004 жылдан кийин гана, 1924-жылы 14-октябрда мамлекеттүүлүккө жетишкенбиз. Бул тарыхый окуянын 90 жылдыгын белгилейбиз. Ал эми дүйнөгө толук көз карандысыз мамлекет катары таанылганыбызга болгону 23 жыл толду.

Бирок ушул аз убакыт ичинде далай көйгөйлөрдү жараттык, мен алардын бирөөнө гана токтолойун. 2010-жылы революциядан кийин коррупцияга каршы катуу кармаш жарыяладым эле, жыйынтык болгон жок. Күрөшкүлө деп дайындаган кишилерим өздөрү коррупционер болуп чыга келишти. Чынын айтсам, айлам кетип турат. Ишенээр кишим, таянаар тоом калбады менин.

Урматтуу калайык калк! Ойлоп көрсөм менин таянарым эле силер экенсиңер. Жанымдагылар чындыкты айтпай, мени алдашарын эми даана түшүндүм. Чындыкты издеп Ак үйгө барбагыла, бекер убара болосуңар,

Урматтуу жарандар! “Эл үнүн” угуп, “Ыңгайсыз суроолорду” көрүп, дайыма силер менен бирге гана коррупцияны ооздуктаса болоорун түшүндүм. 2015-жылды “Коррупция менен жапатырмак күрөшүү жылы” - деп жарыя кылайын, бул күрөштө силерге таянайын, силерди угайын, силер менен бирге болоюн.

Биз Манастын урпактары намысты колдон алдырбайлы, зарлап жеткен азаттыктан кол жууп калбайлы. 1156 эле күн калды мөөнөтүмдүн бүтөөрүнө, коррупцияны жеңгенге үлгүрбөй каламбы деп корком.

Каныбек Бейшенбек уулу

XS
SM
MD
LG