Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Чехиялык кыргыздардын уюму каттоодон өттү

Чехиядагы кыргыз диаспорасынын уюму расмий каттоодон өттү. 17-майда Борбордук Европа өлкөсүндөгү кыргыздардын өкүлдөрү бул окуяны чакан маданий кечеге чогулуп белгилешти.

Жума күнү, бугу (май) айынын 17синде, Чехиянын борбору Прага шаарындагы Панкрац майданында боз үй тигилип, чехиялык кыргыздардын диаспорасын баш коштурган атайын уюмдун “тушоо кесүү” аземи өткөрүлдү. Ага Чехиядагы кыргыз диаспорасынын айрым өкүлдөрү катышты.
Чехиядагы кыргыздар 1995-жылдан бери өлкө борборунда ар кыл маданий иш-чараларды коомдук демилге катары уюштуруп келишет. Алардын арасында “Азаттык” үналгысынын кызматкерлери, ишкерлер, жумушчулар, студенттер бар.
Бирок кыргыз диаспорасынын өлкөдөгү уюму быйыл гана алгачкы жолу расмий түптөлдү.
Кыргыз диаспорасынын уюмунун туңгуч жетекчиси - Саадаткан Даминова (Saadatkan Daminova) айым. Ал ушул тапта Карловы Вары шаарында ишкердик менен алектенет.
Жума күнкү аземге катышкандар жаңы уюмдун жетекчилигине Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы маданий алакаларды чыңдоого омоктуу салым кошкон диаспоралык көпүрө катары байсалдуу ишмердик жүргүзүү тилегин билдиришти.
Саадаткан Даминова жыйылгандарга кыска маалымат берип, заманбап кыргыз-чех алакалары азырынча күтүлгөндөй сереге бийиктеп өнүгө электигин, бирок үмүт бар экенин белгиледи. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы гана Чехия менен Кыргызстандын расмий чөйрөлөрү эки өлкөнүн ортосунда кош салык төлөөнү болтурбоо тууралуу макулдашууга жетишти. Эми бул макулдашуу парламенттер тарабынан тастыкталууга тийиш.
Кыргызстандагы чех диаспорасы 1924-жылы апрелде бул тоолуу аймакка “Интергельпо” кооператив уюмун негиздөө үчүн келген социалист чех, словак жана мажар (венгр) жумушчуларынын жана инженер адистеринин байырлап калышы менен калыптана баштаган. 1930-жылдары алардын өкүлдөрү жазыксыз жерден сталиндик куугунтуктоолорго да кириптер болгон.
Ал эми Чехиядагы кыргыз диаспорасы пост-коммунисттик доордо гана (негизинен, 1990-жылдардан тартып) калыптана баштады.
Учурда Чехиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп Чехияда жогорку билим алган, чех тилин мыкты билген кыргыз ишкери Марат Жаанбаев иштеп келет.
Айтмакчы, Чехиянын ордо шаарында тигилген кыргыздын улуттук боз үйү журналист Карамат Токтобаевага таандык. Ал боз үйдү ар кыл улуттук-маданий иш-чаралар маалында тигүү үчүн атайын Ала-Тоодон алдырткан.
Ишембиде түшкө маал Панкрац көк майсаңында Чехиядагы ар башка улуттардын өкүлдөрү өздөрүнүн кезектеги маданий фестивалын уюштурууда. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да ага жандуу катышып, өздөрүнүн салты, өнөрү, элдик оюндары менен өлкөдөгү башка этносторду тааныштырмакчы.

XS
SM
MD
LG