1-декабрдан тартып Кыргызстандын «Каркыра» өткөрмө бекетинен Казакстанга каттоо убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
Мындай кадамга казак тараптын аба ырайына байланыштуу «Кеген» автожол өткөрмө бекетин жапканы себеп болгон.
Буга чейин күндүз гана иштеген «Каркыра» өткөрмө бекетин жакындан тарта 24 сааттык режимге өткөрүү каралып жатканы кабарланган. Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпысынан 11 автоунаа өткөрүү пункту бар. Алардын бешөө көп тараптуу, алтоо эки тараптуу. Эки тараптуу бекеттердин төртөө 2010-жылы жабылган. (TSh)