17-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кошуунуна кызматка чакырылган 153 жоокер салтанаттуу ант берди. Аземге жоокерлердин ата-энелери, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү болуп, жалпысынан 500дөн ашуун киши катышты. Ушундай эле ант берүү Бишкек шаарында жана Лейлек районунда да өтүп, республика боюнча 274 чек арачы жоокер аскердик антын беришти. (Санжар Эралиевдин сүрөт баяны)