Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:56

Калем: Айсулуу Эсен кызы


“Азаттык плюс” жаштар программасы жаш акын-жазуучулардын чыгармачылыгына арналган “Калем” түрмөгүнүн алкагында Айсулуу Эсен кызы менен тааныштырат. Каарманыбыз учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде окуйт, Казакстанда 2006-жылы өткөн “Шабыт” чыгармачыл жаштар фестивалынын дипломанты. Быйыл Айсулуунун “Мен жоготкон күз” деген аталышта алгачкы поэтикалык жыйнагы жарыкка чыкты.

Жолуктуң мага

Жабыккан сезим жаңыдан жаралгансып,
Жалындайт жүрөк жарабай сыр катууга.
Жаралдың бекен жароокер дүйнөң менен,
Жамгырдай төккөн жашымды кургатууга.

Жоготуп баарын жолумду таппай анан,
Жадаган элем жалгыздык мекенинде.
Жан биргем өзүң жомокто кайып болуп,
Жолуктуң мага жок болуп кетээримде.

Кайсы бир кезги кайгылуу мүнөттөрүм,
Кайдадыр калып жазылбайт жаңы ырымда.
Кабылган кезде кадимки соолуп калган,
Кан жүрдү менин какшыган тамырымда.

Сен келдиң мага сен келдиң өмүр берип,
Айланып өзүн азаптын дарысына.
Азапка эмес ажалга баш ийдирбес,
Жанымда эми сен барсын, сен барсың да.

Жашоомдо эми сен барсың, сен барсың да!


Жалгыздык кечим

Түнкү саат үч, түйшүгүн арткан санаа,
Түпөйүл ойлор түйүнү чечилбеген.
Түгөйлөш болуп түн бою сырдашамын,
Жаныман кетпес жалгыздык кечим менен.

Үлпүлдөп чырак, караңгы күңүрт бөлмө,
Үшүгөн сайын үргүлөп баратамын.
Үзүлбөйт үмүт өзүңдү күтүп анан,
Узатып айды жылдызды таратымын.

Күтөмүн азыр баштагы жооругуңдай,
Шам болуп үйгө шарт кирип келишиңди.
Шашылып келсе шамалда калбасын деп,
Белендеп жатам бекитпей эшигимди.

Таң сүрүп барат, тар бөлмө агыш тартып,
Таарынат жүрөк тагдырга наалат айтып.
Таң атып кайра кеч кирсе мейли бирок,
Келбесе экен “жалгыздык” кечим кайтып.


Бөбөк

Таптаза тамчы суудай мөлтүрөгөн,
Карасам карагаттай көздөрүнөн.
Бала кыял наристе назик сезим,
Бал тамат балдыраган сөздөрүнөн.

Ойносо олтура албай бир орунга,
Кошулуп кетем кээде мен да оюнга.
Алдастап алаканын кечке карайт,
Быйтыйган колун коюп колдорума.
XS
SM
MD
LG