Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

«Динди саясатка аралаштыруу жаман тажрыйба»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо айрым талапкерлер өзүнүн диндар экенин көрсөтүүгө аракет кылып, теледебаттарда диний көз караштагы чакырык таштоого үлгүрдү.

Кийинки жылдары буга чейинки шайлоо жараяндарында да талапкерлер динди колдонгон бир нече факты байкалган. Талапкердин жарандарга диний ишенимин таңуулашы, элге ушул жол менен таасир этүү аракети кыргыз мыйзамдарына дал келеби? Бул жагдай мамлекеттик башкарууда кандай оош-кыйыштарды жаратат?

«Биз жана дин» түрмөгүндө эксперт Канатбек Мурзахалилов «Сарасеп» маалымат-аналитикалык порталынын редактору Эсен Өмүракуновду кепке тартты.

- 10–январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Талапкерлер үгүт өнөктүгүндө, өз роликтеринде, теледебат учурунда өз динчилдигин шайлоочуларга көрсөтүүгө далалат кылганын байкадык. Алардын диний риториканы колдонгону, намаз окуганын, диний жөрөлгөлөрдү аткарып жүргөнүн жалпы коомчулук алдында айтканы шайлоочуларга канчалык таасир этти деп эсептейсиз?

Эсен Өмүракунов.
Эсен Өмүракунов.

- Ооба, 10-январдагы президенттик шайлоо учурунда бир нече талапкер диний риториканы түрдүү деңгээлде колдонду. Платформасынын негизи катарында динди биринчи, андан кийин экинчи, үчүнчү катарда колдонгондор болду. Бирок жалпысынан алганда азыркы кездеги мекенчилдик, улутчулдук деген сезим калктын көңүлүн буруп, элдин баары ошого берилди. Бул сезимдер ички, тышкы душман менен күрөш сыяктуу болуп, шайлоочулар чогуу Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдошту. Эл тууралыкты эмес, жеңил жолду тандады. Көйгөйүн, ой-пикирин, жоопкерчиликти бир кишиге жүктөп, андан кандайдыр бир «сыйкыр» күтүү сыяктуу, буга чейинки саясий жараяндарда учурабаган сезимдер басымдуулук кылды.

"Диндин саясатташканы начар тажрыйба"
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:58 0:00
Түз линк

Мусулманчылыкта, ислам дининде «мужиза» деген түшүнүк бар. Ал «керемет» деп айтылат. Бул учурда бир адам келип, анын отурган орду ага кандайдыр касиет берип, ал бардык нерсени түшүнүп, бардык нерсени чече баштайт. Ушундай күтүү менен мусулмандар да шайлоодо добуш берди. Мекенчилдикке, улутчулдук сезимдерге, жеңилдикке качырып, ушундай сезимдерге алдырышты.

- 2017–жылдагы президенттик шайлоо мезгилинде мурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун динчилдиги айтылып, ал тургай анын мечитте намаз окуп жаткан видео тасмасы социалдык тармактарда кеңири таркаган эле. Өткөн жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун контекстинен алып караганда «Ыйман нуру» партиясы башкалардан айырмаланып, жигердүү диний позицияны колдонду. Ал эми бул президенттик шайлоодо жалпы элдин диний ишенимине таасир этүү мурдагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланды?

- Кыргыз саясаты ислам дининин факторун колдонууга акырындап кирди. Ооба, 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков диний риториканы колдонгон жок. Бирок анын айрым диний лидерлер менен чогуу болгону, алар аны колдогону, намаз окуп мечитте көрүнгөнү шайлоочуларга кандайдыр бир таасирин тийгизди. Азыркы кезде бул таасирди салыштырганга мүмкүнчүлүк болуп жатат.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо менен салыштырсак болот. Ошол кезде «Ыйман нуру» партиясынын сап башында турган Нуржигит Кадырбековдун лидерлик салымы болду. Бирок булардын командасы да жер-жерлерде күчтүү иштеп, 70 миңдей добуш алган.

Акыркы президенттик шайлоодогу Мыктыбек Арстанбектин алган жыйынтыгына карасак, сандык жагынан да, пайыздык жактан да «Ыйман нуруна» салыштырмалуу үч эсе аз добуш алды. Бул жерде негизги талапкерлерден башкасы эч бир адамдык, каржылык ресурсту колдонгон жок деп айтсак болот. Диний ресурс акыркы президенттик шайлоодо калкка минималдуу таасир этти же таасир эткен жок деп да айтсак болот.

- Өлкөдөгү мусулман жамааттарынын шайлоодогу позициясы кандай болду? Муфтияттын, расмий дин кызматкерлеринин шайлоо жараянындагы ролуна да токтоло кетсеңиз.

- Диний жамааттарды биз коомдон бөлүп карабайбыз. Диний жамааттардын конъюктурага ылайыкташып кеткени, аң-сезими жалпы калкты кайталаганы байкалууда. Социологияда «лоялдуулук өзөгү» деген түшүнүк бар. Бийликке ким келсе ошол талапкерди колдоо ар бир коомдо 30-35% чейин жетет. Кыргызстанда болсо автоматтык түрдө 40% бар деп айтсак болот. Муфтиятты, аны колго алган «Таблиги жамаат» кыймылын, башка муфтиятка таасири жок башка жамааттарды алсак, баарынын эле «лоялдуулук өзөгү» аябай күчтүү. Албетте, алардын көбү азыркы шайлоодо утуп чыккан талапкер Садыр Жапаровду колдоду. Ошондуктан Кыргызстандагы исламдык жамааттар да, муфтият да коомдон сырткары болушу мүмкүн эмес.

- Быйылкы президенттик шайлоодо диний чөйрөдөн Мыктыбек Арстанбек аламанга катышып, жалпы шайлоочулардын 1,8% жакын алган добушу Кыргызстанда саясий исламдын канчалык күчкө ээ экендигинен кабар береби? Анын «мамлекеттик башкарууга шарият мыйзамдарын алып келем» деген билдирүүлөрүн диндин саясатташуусу же саясаттын диндешүү феномени катары карасак болобу?

- Мыктыбек Арстанбек 17 талапкердин арасынан эң аз акча коротуп, төртүнчү орун алды. Анын алган добуштары жалпы шайлоого катышкан адамдардын 1,8% жетпеген бөлүгүн түзгөнү Мыктыбек Арстанбекти колдогон кандайдыр бир кууш спектрдеги динчил тайпа бар экенинен кабар берет. Ал президенттик шайлоодон кийин дароо эле бир нече билдирүүлөрдү жасады. Акыркы билдирүүсүндө «Нур» деп партиясынын атын да атады. Буга чейин түзүлгөн партия экен.

Эми анын акыркы президенттик шайлоодо 1,8% жакын добуш алганы Кыргызстанда саясий исламдын күчкө ээ болгонун эмес, анын канчалык алсыз экенин, диний күн тартиби калкка, ошол эле мусулмандарга саясий өңүттө канчалык сиңгенин көрсөтүп турат.

Анткени негизги талапкер улутчулдук, мекенчилдик, ички жана сырткы душмандарга каршы туруп, электоратты аларга тукуруу, каршы туруу сыяктуу билдирүүлөрү азыркы диний күн тартибин жууп кетти. Акыркы шайлоо саясий исламдын алсыздыгын көрсөттү.

Кыргызстандын борбордук мечити.
Кыргызстандын борбордук мечити.

Акыркы жылдардагы шайлоолордо диндин саясатташуусу же саясаттын диндешүү феномени бири-бирине сиңишип бара жаткан процессти көрүп жатабыз. Кайсы убакта кимиси жеңет? Саясат биротоло диндешеби же дин биротоло саясатташабы? Аны динамикада көрүшүбүз керек. Азыркы кездеги динамикага ылайык саясат диндешип, дин да саясатташып баратканын көрүп жатабыз. Акырында кайсы тарабы жеңет? Ал кийинки шайлоолордо белгилүү болушу мүмкүн.

- Келечекте диний риториканы саясий максатта колдонуу Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруу түзүмү үчүн кандай оң жана терс натыйжаларды алып келиши мүмкүн?

Дин - Кудай менен адам баласынын ортосундагы мамиле. Бул негизинен руханий мамиле болгондуктан, эң интимдүү мамилелерге кирет. Муну коомдук саясат деген феноменде колдонуу эч качан оң натыйжа бербейт.

- Диний риториканы саясатта колдонуу буга чейинки тарых, башка мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй Кыргызстанда деле эч кандай оң натыйжага алып келбейт.

Себеби, дин - Кудай менен адам баласынын ортосундагы мамиле. Бул негизинен руханий мамиле болгондуктан, эң интимдүү мамилелерге кирет. Муну коомдук саясат деген феноменде колдонуу эч качан оң натыйжа бербейт. Негизинен адамдар динчилдигин, орозо кармаганын, намаз окуганын же башка Кудайдын аты менен кылган нерсесин башкаларга айтпашы керек. Дин өзүнүн ичинде, өзүнүн руханий, интеллектуалдык дараметинин өсүшүнө жардам берип жаткан ички сезим катары гана калыш керек деген ойдомун.

XS
SM
MD
LG