Куугунтук көргөндөр Трампка арызданышты
Жапонияда анимациялык студия өрттөнүп, 24 адамдын өмүрү кыйылды. Кытай менен Мьянмадагы мусулмандар АКШ президентине жолугуп, арманын айтышты. "Кодоо" деген каймана аттуу маңзат барону Хоакин Гусманды Нью-Йорк соту өмүр боюу абакка кести. Кремл Зеленскийдин өтүнүчүн аткарбай, орус абагындагы украин аскерлеринин мөөнөтү узартылды. Тажикстанда сентябрдан тарта электр энергиясына төлөм 17% көтөрүлмөй болду.