Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны


15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыкты.

Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 917 529 киши добуш берген.

Ал эми аймактар боюнча алганда Жээнбеков төмөндөгүдөй добуш алган.

Чүй облусу — 37,26%

Талас облусу — 12,77%,

Ысык-Көл облусу — 50,7%,

Нарын облусу — 56,05%,

Жалал-Абад облусу — 59,35%

Ош облусу — 72%

Ош шаары — 72,3%

Баткен — 57,39%

58 жаштагы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигинин президенттик кызматка көрсөтүлүшү анын ушу кезге чейинки кызмат тепкичтеринин логикалык баскычы болуп калды.

Кесиби боюнча зоотехник жана бухгалтер, мектеп мугалиминен баштап өлкөнүн өкмөт башчысына чейинки кызмат тепкичтерин басып өттү. Мамлекет башына келсе Алмазбек Атамбаевдин саясатын ырааттуу улантууга убада берип келет.

Бул тууралуу бүгүн ал 15-октябрда да айтты:

- Мен Алмазбек Атамбаевдин курсун улантам. Менин негизги максатым – жетишкендиктерди бекемдөө жана реформалардын жаңы этабын ишке ашыруу, - деди Жээнбеков.

Кечинде шайлоо таза, акыйкат өткөнүнө токтолуп, аны чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге, атаандаштарына жана башка тиешелүү тараптарга ыраазычылык билдирди:

- Шайлоо демократиялык принципте болду. Катуу атаандаштык күрөш менен таза өттү. Алты жылда абдан көп жетишкендик болду, тынчтык менен туруктуулук орноду. Менин негизги максатым - ошону бекемдөө. Алдыда көп реформалар бар. Ошону аяктап, өлкөнү өнүктүрүү менин милдетим. Мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү, аны сезип турам.

Атамбаев: Ким жолумду уласа, ошол "мураскерим"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:43 0:00

20 жашында мектептин мугалими болгон Сооронбай Жээнбеков Коммунисттик партиянын райондук комитетинин инструкторлугуна көтөрүлгөн. 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган, кийинки 12 жыл тийиштүү комитетте айыл чарба маселелерин көзөмөлдөгөн. 2007-жылы Кыргызстандын айыл чарба министри болуп дайындалган. Бул кызматта жарым жыл гана иштеген.

2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин Ош облусунун жетекчиси болуп дайындалды. Беш жылдан кийин Бишкекке келип, Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген. 2016-жылдын мартында Жээнбеков президенттик аппараттын жетекчи орун басары, бир айдан кийин өкмөт башчы болуп дайындалган. 2017-жылдын августунда президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин кызматтан кеткен.

Кызмат тепкичтеринин узун тизмесине карабай, Жээнбековдун кол алдындагылар менен иштешүү ыкмаларын жана реформаторлук сапаттарын сындашат.

Атамбаев: Жээнбеков президенттикке татыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Жээнбековдун КСДП тарабынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлүшү башкаруучу партиянын ичинде да талаш-тартыш тутанткан болчу. Президенттин дагы бир жакын адамы, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков дагы талапкердигин коюуга бел байлап туруп, кайра баш тарткан.

Атамбаев Жээнбеков башкарган өкмөт "президенттиги тушундагы эң мыкты өкмөт" болду деп эсептейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG