Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Дача СУнун чечилбеген көйгөйү


"Манас" аба бекетинин жанындагы Дача СУ конушу. 16-январь, 2018-жыл
"Манас" аба бекетинин жанындагы Дача СУ конушу. 16-январь, 2018-жыл

"Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ конушунда 250дөн ашык үй-бүлө башка жакка көчүрүлүүгө муктаж. Аларды көчүрүү маселеси 39 кишинин өмүрүн алган былтыркы авиакырсыктан кийин көтөрүлүп, бирок ушу кезге чейин чечиле элек.

Дача СУ айылындагы үйлөр мыйзамсыз курулганы каргашалуу окуядан кийин аныкталган. "Манас" аэропортунун айланасында жалпысынан он чакты конуш элдин коопсуздугу үчүн коркунучтуу аймактардын катарына кирген. Былтыркы учак кырсыгынан кийин элдин коопсуздугун камсыздоо жаатында кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Авиация тармагындагы эреже боюнча учуу тилкесинен кеминде эки-үч чакырым аралыкта эч кандай курулуш, имараттар болбошу керек. Аэропорттон 500 метр гана алыстыкта орун алган Дача СУда бул талаптар одоно бузулганы туура бир жыл мурун болгон учак кырсыгынан кийин ачыкка чыкты.

Учак кырсыгы боюнча "Азаттыктын" атайын берүүсү

Дача СУ: учак кыйраткан кыял-тилектер
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:33 0:00

Аткарылбаган талап

16-январда авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү үчүн жаңы ачылган эстеликке келген жергиликтүү тургундардын бири Гүлзада Иманкулова "Азаттык" радиосуна буларды айтып берди:

13-январда курмандыктарга эстелик ачышыптыр, бирок бул жактын элинин көбү билбей калдык.

- Үйүбүз учак кулаган жерден төрт там нары жайгашкан. Үйүбүздөн жарака кеткен, аны эч ким деле текшерген жок. Бизди укпайт деле. Минтип тартып кетесиңер, бирок эч кандай натыйжа жок. Учактар үстүбүздөн учуп өткөн сайын киши эмес, итибиз деле коркот.

Гүлзада Иманкулованын айтымында, мамлекеттик деңгээлде аракет көрүлбөгөндүктөн дачасулуктар азыр өздөрүн башка жакка көчүрүүнү талап кылбай калышкан.

Учак кырсыгынан каза болгондорду эскерүү. 16.01.18

"Эркин эл" саясий партиясынын лидери, активист Мавлян Аскарбеков "конуш тургундарынын көйгөйүн көз жаздымда калтырууда" деп бийликти сындады:

- Эртең дагы бир учак кулабайт деп эч ким кепилдик бербейт. "Кыркка жакын адамды жоготтук, эми дагы киши жоготобуз деп күтүп отурбай аракеттенели" деп бийликке сунуш кылганбыз. Максим Бакиевдин Бишкектеги үч чоң жер тилкесин көрсөткөм. 2010-жылы мен тиешелүү комиссиянын мүчөсү болчумун, Максимдин жерлери калып калганын билем. "Ошону Дача СУнун жашоочуларына бекер бөлүп бергиле, эл чогулткан каражатты, түркиялык компания бере турган акчанын баарын чогултуп, көп кабаттуу, бардык шарты бар турак жай салып көчүрүп кеткиле" деп талап койгонбуз. Кайтыш болгондордун туугандарын, кырк кишини көчүргөнү жакшы иш болду. Бирок калган эл эмне болот?

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Мыйзам бузуулар азыр да уланууда"

Транспорт жана жолдор министринин авиация тармагы боюнча кеңешчиси, Жарандык авиация департаментинин мурдагы директору Эрмек Өмүралиевдин айтымында, аэропорттун айланасында курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар азыр да бар. Бирок аларга ким уруксат берип жатканы министрликке да түшүнүксүз:

- Биз көптөн бери айтып келатабыз. Аэропортто коопсуздук зонасы деген бар. Өзгөчө учуу-конуу траекториясында курулуш салынбашы керек экенин айтып жатабыз. Бир гана "Манас" эмес, башка аэропортторго дагы. Жарандар аэропорт жакка курулуш курам деген ниети менен кайрылган учурларда биз кайсы жерге курулуш мүмкүн экенин, кайсы жерде мүмкүн эмес экенин түшүндүрүп беребиз. Тилекке каршы, эл жергиликтүү органдар менен маселени чечип, өз кызыкчылыгын карап курулуш жүргүзө берет. Ушундай кырсыктар болгондо гана баары ойлонуп калышат.

Эрмек Өмүралиев.
Эрмек Өмүралиев.

"Аэропортко жакын жайгашкан жашоого кооптуу аймактагы жер тилкелерине үй куруп жашагандарды каргашалуу кырсыкка чейин эмне үчүн эч ким көзөмөлдөгөн эмес?" деген суроого бир дагы бийликтер таамай жообун бере элек.

Дача СУ конушунун тагдыры бүдөмүк

Ошол эле кезде дачасулуктарды башка жакка көчүрүүнүн үстүнөн мекеме аралык комиссия иштеп жатканы белгилүү болду. Сокулук районунун акиминин орун басары Улан Садалиев маалымдагандай, комиссия ишин качан аяктай турганы белгисиз:

Азыр Сокулук районунда гана эмес, жалпы Чүй облусунда трансформацияланган жер жок, мораторий киргизилген.

- Жергиликтүү бийлик үй салганга уруксат берген эмес. Бир жыл бою жабыркагандардын маселеси менен убакыт созулуп кетти. Дачасулуктарды көчүрүүнү бир эле мекеме же министрлик чече албайт. Азыр мекеме аралык комиссия иштеп жатат. Бир жыйынтыкка келе элек. Сокулук районунда гана эмес, жалпы Чүй облусунда трансформацияланган жер жок, мораторий киргизилгени баарына маалым. Ушул тапта райондук бийлик аэропорттун тегерегинде курулуш кургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ошентип, Дача СУ тургундары башка жакка көчүрүлөбү же жокпу деген маселе ачык калууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары, кырсыктын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев 13-январда кандуу окуянын курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышында аэропорттун калктуу конуштарга жакын жайгашышы кадыресе көрүнүш деп айткан:

- Эч ким учактан кулайын дебейт да. Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) өз талабы бар. Анда учак, учкучтар, аны кабыл алып жаткан аэропорт, диспетчердик кызматтар кандай талаптарга жооп бериши керектиги жазылган. Азыр учактар үйлөрдүн үстүнөн учуп жатканын көрүп атабыз. Европадагы кээ бир өнүккөн мамлекеттерде көп кабаттуу шаарлардын үстүнөн барып, конуп жатпайбы. Дача СУ ушул жерде жайгашып калганынан эмес, техникалык жактан бардык талаптарга жооп берсе, бул өңдүү кырсыктар болбойт деп ойлойм.

Дача СУ конушунда жер тилкеси же турак жай Бишкектин башка аймактарына салыштырмалуу кыйла арзан. Советтер Союзунун мезгилинде дача катары колдонулган бул конушта Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жер тилкелери колдон колго сатылып, чоң үй куруп туруктуу жашагандар көбөйгөн. Азыр аймакта 250дөн ашык түтүн бар. Жалпысынан конушта дача катары 400дөн ашуун жер тилкеси бөлүнгөн экен.

Туруктуу жашап калгандар курулуштарын мыйзамдаштыруу жана айыл макамын берүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылышкан. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция мунун негизинде комиссия түзүп, кырсыкка чейин аэропортко жакын жайгашкан он бир дачаны иликтеп чыккан. Анын үчөөндө гана жашоо коопсуз деп табылган. Аэропорттун тегерегинде үй куруу көйгөйү бир эле Бишкекке эмес, Жалал-Абаддагы, Оштогу, Исфанадагы жана Караколдогу аба майдандарга да тиешелүү.

Былтыр 16-январда Дача СУ конушуна Түркиянын "АСТ Airlines" компаниясына таандык "Боинг" үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Кыргызстандык 35 киши жана экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Гонгконгдон Стамбулга багыт алган учак “Манас” аэропортуна май куюш үчүн токтогону келе жатканы айтылган.

Дача СУ: эстелик жанындагы ый. 16.01.18

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG