Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 08:25

«Кайненем менен күйөөм экөөлөп сабашты...»


Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айткан келин Жалал-Абад шаарындагы кризистик борбордо жашап жатат.

29 жаштагы келин ооруканадан кризистик борборго которулду. 29-апрелде ал денесиндеги көгала тактар менен Сузак райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган.

Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» реабилитациялык борборуна 8-майда келген келин окуя тууралуу буларды айтып берди:

«Сузактын ооруканасына эки күн катары менен «Тез жардам» менен келдим. 28-апрелде күйөөмдүн токмогунан улам бейтапканага келип, «короодо жыгылып түштүм, эч кимге доом жок» деп арыз жазып, үйгө кетип калгам. Үйгө барарым менен кайра жаңжал башталды. «Сен атайылап доктурга жатып алдың» деп кайненем кайрадан жолдошума токмоктотту. Таңында ооз бекиткенден кийин башталды. Колумдагы балага да карабай, күйөөм мени шнур менен сабады. Кайненем мойнумдан бууп, кармап берип турду. Качан гана эс-учумду жоготуп, мени сыртка таштап салганда качып кетүүгө үлгүрдүм. Кошунабыз мага жардам берип, «Тез жардам» чакырып, ооруканага алып келишти».

Жалал-Абад шаарындагы кризистик борбордо жаткан келин.
Жалал-Абад шаарындагы кризистик борбордо жаткан келин.

Окуяга байланыштуу Сузак райондук ички иштер бөлүмү Бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен каттап, сотко чейинки териштирүү башталды. Бирок азырынча юридикалык баа бериле элек.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев соттук-медициналык экспертиза дайындалганын айтты:

Шеркул Турганбаев.
Шеркул Турганбаев.

«29-апрелде Сузак милициясына 29 жаштагы аял арызданып, күйөөсү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилеп салганын билдирген. Натыйжада ал Сузак райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») менен катталган».

Келин төрт жыл мурда турмушка чыгып, Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында жашайт. Жубайлардын ортосунда төрт жана эки жаштагы балдары бар. Күйөөсү Орусияга барып-келип иштеп жүрөт. Келин иштебейт, балдары менен үйдө отурат. Жолдошу аялына кол көтөргөнүн мындайча түшүндүрдү:

«Үйдөгү уруш келинчегим менен апамдын ортосунда башталды. Көптөн бери эле тил табыша албай жүрүшөт. «Тынч ажырашалы» деген сунушума өзү макул болбойт. Ошол күнү да болбогон нерсе үчүн ызы-чуу чыгарып, апамдын колун тиштеп, кайрып салыптыр. Мага жини келип, балдарды жөнү жок уруп жаткандыктан өзүмдү кармай албай ага кол көтөрүүгө аргасыз болдум. Азыр да ага түшүндүрүп, ызы-чуусу жок эле ажырашып кетерибиз оң болорун айттым. Ага макул болбой менин үстүмдөн милицияга арыз жазыптыр. «Макул, жооп бергенге даярмын» деп айттым».

Жубайлардын балдары азыр Кызыл-Сеңир айылында. Келин психологиялык жана юридикалык жактан жардам алып кризистик борбордо жашап жатат. Алдыдагы күндөрү борбордун жардамы менен курска катышып, андан соң жумушка орношкону турат. Күйөөсүнүн кордугун мурунтан көрүп келгенин айткан келин акыры ажырашуу чечимин кабыл алганын билдирди.

«Булардын үй-бүлөсү башынан эле мени жактырбайт. «Ата-энеси жок, жүгү жок келин» деп ыза кылышат. Апам мен бир жашка толгондо, атам кийин кайтыш болгон экен. Мен чоң энемдин колунда чоңойдум, анын да көзү өтүп кеткен. Башка туугандар менен карым-катнаш жок. Ошондуктан кайненем башынан тартып эле кемсинтип, кордук көрсөтүп келет. Акыркы жолу мени муунтканда аргасыз колун тиштеп, өзүмдү коргоого аракет кылдым. Мен балдарым үчүн, тирүүлөй жетим калбасын деп баарына чыдап келе жатам. Акыры өмүрүмө коркунуч жаралгандыктан милицияга арыз менен кайрылууга туура келди. Кандай болбосун кылган иши үчүн жазасын алышсын».

Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» реабилитациялык борборуна ай сайын 170тей адам кайрылат. Алардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жардам сурагандар.

Борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө ички иштер органынын аракети алгылыктуу болбой жатканын айтты:

Гүлмайрам Аттокурова.
Гүлмайрам Аттокурова.

«Ооруканада жаткан келинге туура эмес диагноз коюлуп, дарылоо туура эмес болгон. Ал өз каражатынын эсебинен дарыланып, акчасы жоктугунан ооруканада эки күн жөн эле жатып калган. Ага дарыгерлер өз убагында Стамбул протоколун толтурган эмес. Бул жагдайда милиция менен дарыгерлер байланышта эмес экендиги, зомбулукка каршы чаралары жетишсиздигин көрсөттү. Мындан сырткары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кайненеси кошулбай калыптыр. Биз бул багытта ички иштер органына кайрадан арыз беребиз. Анткени эң чоң ролду кайненеси аткарып жатат».

Карантин учурунда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын укук коргоочулар да тынчсыздануу менен белгилеп келе жатышат. Маалыматтарга ылайык, быйыл жыл башынан бери 2019 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% арбын.

2019-жылы болсо өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG