Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-май, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Котормо - тилге да, элге да жардам


Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөндө Бишкекке барганда бир китеп дүкөнүнө кире кетейин дедим.

Көптөн бери кыргыз агартуучуларынын өмүр баяндарын жана ишмердүүлүгүн жакшылап чагылдырып, топтоштуруп берген бир китеп алып окугум келип жүрдү эле. Мамлекет болуп калыптанып калышыбызга салым кошкон алптарды ушул күнгө келип кыйратып тааныбаганым үчүн уялам. «Ишеналы Арабаев ким болгон?» деген суроого: «Белгилүү адам болгон. Интеллигент болгон. Бир университетке анын ысымы ыйгарылган...» деп жооп бергим келбейт. Кыскасы андай китеп таппадым. Бардык темада кыргыз тилинде китептер жарыяланып турса кана дешиңиз мүмкүн, бирок кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн алтын ысымдары тууралуу китеп таба албаганым өтө кейиштүү болду.

Негизи кыргыз тилинде бир эле бул багытта эмес, бир топ темаларда жетиштүү материал жок экендиги аянычтуу. Бул жетишсиздик окуу материалдарында болгондой эле, калктын калың катмарына арналган, адамдын маданий деңгээлин өнүктүргөн маңыздагы китептерде да байкалат. Мисалы, мен университетте окуп жүргөндө философиядан сабак берген эжекебиздин дептерине жазып алган конспектиси бар эле. Ошол дептер тытылып, жаны араң калганынан бир топ жылдан бери ошол дептердегини жаздырып, кайталатып келатканын түшүнгөм. Окуу китеби катары кыргызча бир китеп бар болчу. Бирок философиянын табиятынан аны түшүнүүдө бир кыйналсак, ал китептин «кыргызчасын» түшүнүүдө дагы бир жолу кыйналчубуз.

Китеп которуу доминосу

Өзгөчө гуманитардык тармакта биз үчүн артыкчылыктуу деп эсептелген кыргызча китептерди жаратуунун эки жолу бар. Биринчиси - өзүбүздүн адистерге атайын тапшырма берип эмгек жаздыруу. Экинчиси - учурда дүйнөлүк классикага айланган, сапаттуу эмгектердин тизмесин түзүп, аларды кыргызчалаштыруу.

Биринчи жол бир аз максатка ылайык болбой калышы турган кеп. Анткени соңку бир топ жылда жазылган, өлкөбүздөгү университеттердеги гуманитардык тармактардагы дипломдук иштердин (менимче) 80-90% бири-биринин көчүрмөсү же Интернет булактардан уурдалган маалыматтар менен толтурулган. Албетте, майын чыгарып илим жолун улап жүргөн агай-эжейлерибиздин орду башка. Бирок көпчүлүк эмне жазганын билбей, жетекчиси аны окубай эле дипломду кучактап калгандарды жашырганда эмне? Кыскасы, бул жол менен ийгиликке жетүү кыйла машакаттуу болчудай.

Экинчи жол аябай турмушка жакын болчудай сезилип турат. Анткени так ушул жол менен дүйнөлүк илимий тенденцияга кыргызча эшик ачып берүү мүмкүн болобу деп турам. Эң керектүү деп тандалган багыттардын ар биринен киришүү иретиндеги бир канча зарыл эмгектерди кыргызчалаштыруу кыргыз тилдүү окурмандарга бир топ пайда болмок:

1. Кыргыз тилин өнүктүрөлү деп ажобуз баш болуп көкүрөк кагып келе жатабыз. Бирок кыргыз тилин кызыктуу тил кылууга жетиштүү кам көрүлбөй келет. Тактап айтканда, кыргыз тилинде кызыктуу китептер, макалалар, интеллектуалдык маңыздагы материалдар, теле берүүлөр, жаштарды бир жерге чогулткан платформалар жетишсиз. Так ошол себептүү кыргызча үйрөнүү жаңы муунга кызыксыз.

Котормо жолу аркылуу бир топ сапаттуу эмгектерди кыргызчалаштыруу маданий маңыздагы иш-чаралардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул болсо кыргыз тилин кызыктуу тил катары сактап калууга, көп колдонууга өбөлгө түзөт.

2. Орус тилин билүү өлкөбүздө маанилүү. Анткени бул тил бизде дүйнөлүк тенденциядан кабардар кылып турган биринчи чет тил болуп калды окшойт. Муну үйрөнө алгандарда бир аз да болсо дүйнөдө эмне болуп жатканынан кабардар болууга, интеллектуалдык жагын бир аз өркүндөтүүгө өбөлгө түзүлүп жатат. Бирок кыштактан чыккан балдар үчүн бул агым менен тең жарышып окуп кетүү бир топ кыйын жана убакыт жоготууга себеп болуп жатат. Натыйжада орусчаны чала билген таза кыргызды тек эле теңи көрө албай, коомдо ажырым чоңоюп келе жатканы да маалым. Андыктан айтылуу котормолорду сунуш кылуу аркылуу адегенде кыргыз тили аркылуу деле орто деңгээлде интеллектуал болуу мүмкүн экендигине шарт түзүү бул ажырымды азайтат деп ойлойм.

3. Бул материалдар балким адегенде чет тил үйрөнбөгөн, бирок аракеттенсе илимпоз чыга турган адамдар үчүн да өтө маанилүү факторго айланмак. Илим-билимдин даамын бир аз татып алган киши чечкиндүү түрдө анын артынан түшө алат. Бул жолдо тил үйрөнүүгө, өз билимин тереңдетүүгө аң-сезимдүү түрдө аракеттене алат.

Тарыхтан сабак алалы

Багдад IX-X кылымдарда илимдин, маданияттын, цивилизациянын шаары болгону тарыхтан маалым. Албетте, мунун бир топ себептери бар. Бирок мен бул жерде эң маанилүү себебине токтоло кетейин.

Багдадды айтылуу айбатка ээ кылган эң маанилүү фактор - бул котормо иш-аракеттери болгон. Аббасилер доорунда халифа Мансур тарабынан борбор деп белгиленген Багдадда бир топ багытта котормо иштери жүргүзүлгөн. Ага чейин жеке демилгелер менен бирин-серин уланып келген котормо иштери андан кийин мамлекеттик саясат катары жогорку деңгээлде улантылган. Натыйжада Индия тилинен, персчеден жана мурдараак грекчеден пехлевичеге которулган эмгектер которулган. Тийиштүү доордун таасирдүү академияларынан Жундишапур академиясынын тилмечтери халифа Мансурдун жана Харунрашиддин сунушу менен Багдадга алынып келген. Натыйжада грекче, пехлевиче, санскритче, сүриян тилиндеги (арамей тилинин батыш диалектиси) эмгектер араб тилине которулган. Ушинтип эллинисттик философия, Инду жана Сасани мурасы араб тилине которулган (İslam Ansklopedisi, Tercüme Hareketleri (Muhittin Macit)).

762-жылы борбор болуп тандалган Багдад котормо иштери аркылуу кыска убакыттын ичинде, IX-X кылымда илимдин, маданияттын шаарына айланган. Котормочуларга айлык 500 динар (дээрлик 26 000 АКШ доллары) маяна төлөп, илим адамдарына көрсөтүлгөн сый-урматтын жообу бир цивилизация болуп кайтып келерин ошол учурдун аткаминерлери түшүнүп жеткен экен, көрсө.

Котормого коротконго даярбызбы?

Элдин деңгээлин жогорулатуу аркылуу мамлекеттин абалы оңолушун каалаган адам катары ушуга окшогон долбоорду ишке ашырууну сунуш кылат элем. Билим берүү министрлигинин жетекчилиги менен философия, логика, тарых, психология, социология, педогогика сыяктуу багыттарда, киришүү маңызындагы классикага айланып калган бир канча эмгекти которо баштаса болот. Бул жерде эң маанилүүсү - эң керектүү багыттарды тактап, ошол багытта калың катмар окуганда түшүнө турган, сапаттуу эмгектерди тандоо. Бул ишти кылдаттык менен, жоопкерчиликтүү жана ыкластуу түрдө мамлекеттик саясат катары колго алууга толук негиз бар деп ойлойм.

Мисалы, тандалган китептерди сапаттуу кылып которуп, басып чыккан соң атайын коомдук резонанс жаратып, алардын бир канчасы тууралуу телепрограмма же радио уктурууларды жасоо аркылуу көп кишиге окутса айырманы сезе тургандай өнүгүү болот эле. Башында биз үчүн маанилүү деп эсептелген (мисалга) 30 эле китепти тандап, баштап алсак, мунун уландысы эсеби жүздөгөн эмгектерге жетип, илим дөңгөлөгүбүздү айландырып, күүлөп алат белек деген ой. Өзгөчө жаштарды китеп окууга шыктандыруу максатында ошол эле министрлик аркылуу жарыш уюштурса да болот.

Котормочуга халифа Мансур төлөп берген маянадан коркуунун кажети жок го дейм. Анткени башында цивилизация курууга талапкер болбой турсак деле мейли... Биз бул иш-чара аркылуу бир эле учурда элдин билим жана маданий деңгээлин жакшыртып алууну жана болочок илимпоздорго (өзгөчө элеттик) илим-билимдин даамын таттырып алууну максат кылсак жетиштүү. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей, котормо аркылуу домино таасири сыяктуу өзгөчө элеттик балдардын жүрөгүндөгү илим-билимге болгон кызыгууну ойготуп коюу - элетке, элге зор кызмат болор эле.

Мен атайын кызыгып эсептеп көрдүм. Баштапкы кадам катары, 30 китептин которулушу, редактордон өтүп басмага даяр абалга келиши ашып барса жаңы 3 бөлмөлүү бир батирдин акчасы экен. Жүздөгөн долларларды кычкачка, отургучка короткон мамлекет эл-журттун жана эртеңки Кыргызстандын маданий деңгээли, келечеги үчүн жок дегенде бир канча батирдин акчасын садага чаба алса керек деп ойлойм.

Айталы, бул идея мамлекеттен колдоо тапкан жок дейли. Анда жок дегенде жеке ишмер, саясатчы же бир аз чөнтөгү калың ишкер сыяктуу тараптарды топтоп, Кыргызтандын маданий тагдырын жакшы жакка бурууга салым кошсо да болот. Кыскасы кандай жол менен болбосун, бул иштин ийгиликтүү аткарылышы көпчүлүккө келечек тартууламак.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» позициясын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG