Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:18

Инспектор пара менен кармалды


Инспектор пара менен кармалды
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Эсеп палатасынын Б.Ш. аттуу кызматкери 23-ноябрда курулуш фирмасынын жетекчисинен 47 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты. Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын тейлеген инспектор Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылындагы бала бакчаны ремонттоо үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу пара алганы айтылууда. УКМКнын Антикоррупциялык кызматы бул боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат. Өткөн жумада Эсеп палатасынын эки жооптуу кызматкери да ири суммада пара алып жаткан учурда кармалган болчу. (УКМКнын оперативдик тасмасы)

XS
SM
MD
LG