Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:31

Атамбаев Жээнбековдун кадр саясатына капа


Жыйындан тартылган сүрөт.
Жыйындан тартылган сүрөт.

Экс-президент, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасы Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына нааразы.

Бул тууралуу 16-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Атамбаев менен жолугушуудан чыккандан кийин "Азаттыкка" билдирди.

Жолугушууга аталган фракциянын өкүлдөрүнүн жарымы гана барды. Бул азыркы жана мурунку президенттердин ортосундагы тиреш, бийликтеги партиянын ичиндеги ажырым тууралуу талкууларды жандантты.

Кыргызстан социалдык-демократиялык партиясынын катчылыгы мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин депутаттар менен жолугушуусу тууралуу учкай маалымат таратты. Анда Атамбаев депутаттардын суроолоруна жооп бергени, учурдагы айрым бир маселелерди, партиянын ички ишин, эмки парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулаганы айтылат. Ошондой эле мындай жолугушууларды маал-маалы менен өткөрүп туруу жөнүндө чечим кабыл алынганы да кабарланды.

Жыйындан бир көрүнүш.
Жыйындан бир көрүнүш.

Жолугушуу тууралуу депутат Рыскелди Момбеков "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына нааразы болду. Ал кызматтан бошогон УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева тууралууу да пикирин билдирди:

- Атамбаев "Индира Ырысбаевнанын (Жолдубаева - ред.) өзүнөн да кетип калды. Жогорку Кеңешке барса болмок, барбаса - анда парламентте добуш берүү менен чечпей эле өз арызын жазып берсе болмок", - деди. Башкалар тууралуу, азыркы президенттин кадр саясаты боюнча капачылыктарын айтты. Бирок биз деле ал киши өзү дайындаган кадрлар боюнча капачылыгыбызды айттык. Ал киши көп нерселерди укту. Ачуу чындык көп айтылды. Ал киши алардын баарын укканга аргасыз болду.

Жолугушууда негизинен КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовго, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илимияновго байланыштуу нааразы пикирлер көп айтылганы белгилүү болду. Партиянын катчылыгындагылар "Азаттыкка" бул жолугушууда "эмоциялар орун алганын" ырастап, бирок "аларга комментарий жана түшүндүрмө берүү орунсуз болот", деп жооп беришти.

Депутат Рыскелди Момбеков Атамбаев Ниязовду партиялык иштен четтетүүгө, саясий кеңештин курамынан чыгарууга макул болгонун билдирди:

- Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, "ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт" деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди.

Анткен менен КСДПнын катчылыгы Момбековдун айткандарына тактоо киргизди. Ага ылайык, Фарид Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кеткени менен саясий кеңештин мүчөсү боюнча калат.

Алмазбек Атамбаевдин депутаттар менен жолугушаары маалым болгондон бери ага кимдер бараары коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган. Катчылыктын маалыматына караганда, жолугушууга фракциянын төрагасы Иса Өмүркулов, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Абтандил Кулбараков, Данияр Аттокуров, Азамат Арапбаев, Анвар Артыков, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиева, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина, Мухтарбек Айнакулов, Карамат Орозова, Сайдолимжон Жураев жана Дастан Бекешев катышты.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков баштаган жоон топ депутаттардын жолугушууга катышпаганы партиядагы ажырымга, саясий тирешке байланыштуу талкууларга жем таштады.

КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров экс-президент менен жолугушууга барбаган себебин ал жакка жетишпей калганы менен түшүндүрдү. Зулпукаров фракцияда бөлүнүп-жарылуу жок деп ишендирди:

- Биз жер-жерлерде болчубуз. Жетишпей, кечигип калдык. Азыр КСДПнын дарегине ар түрдүү божомолдорду айтып жатышат. Кудай буюрса, фракция өтө ынтымактуу. Чакырган жерден калбаш керек, чакырбаган жерге барбаш керек. Барайын деген эле чоң үмүтүм бар эле, жетишпей калдым. Алмазбек Шаршенович менен мамилем өтө жакшы. Алмазбек Шаршенович менен кошо биз Сооронбай Шариповичти колдоп, келечектеги алты жылдык ишин колдойлу деген үмүтүбүз бар.

Төрөбай Зулпукаров экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун кадр саясатына байланыштуу нааразылыгы тууралуу оюн айтуудан баш тартты.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

Бул жолугушуу Алмазбек Атамбаевдин саясий салмагы, кош бийлик тууралуу талкууга жем таштады. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев бул жолугушууга байланыштуу төмөнкүдөй пикири менен бөлүштү:

- Бул Алмазбек Атамбаев КСДПга кандай депутаттарды, кандай адамдарды чогултуп алганын көрсөтүп жатат. Экинчи маселе - бул албетте, тирешүүнүн күчөгөнүнөн кабар берет. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин саясий кадыр-баркы кеткенин көрсөтүп турат. Үчүнчүдөн, КСДП фракциясынын ич ара ыркы, ынтымагы кетип, ар кайсы тарапты карап калганынан кабар берет. Бул партиялык тизме менен шайлоо эмнеге алып келээринин ачык-айкын күзгүсү.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

Талдоочу Бекбосун Бөрүбашев Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда мындай жолугушууга чакырган депутаттардын баары келмек деген ойдо:

- Алмазбек Атамбаев өзүнүн депутаттары, КСДПнын депутаттары менен жолукканга акысы бар. Бул партиянын ички маселеси. Жолугушууга барбай койгон 19 депутат партиялык тартипке баш ийген жок. Балким кимдир-бирөө ооруп, дагы башка объективдүү себептер менен барбай калышы мүмкүн. Бирок эгер Атамбаев президент болуп турганда жолугушууга чакырса, ошол 38 депутаттын баары тең эле ооруп-сыркоологонуна карабастан жетип бармак. Бул ал кишинин таасири азайып баратканын көрсөтүп турат.

Алмазбек Атамбаевдин депутаттар менен болгон жолугушуусу жогорку бийликтеги айрым бир кадрдык дайындоолорго туш келди. Президент Сооронбай Жээнбеков "өз арызынын негизинде" деп иштен алган УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы катары сыпатталган Болот Сүйүмбаевди премьер-министр Сапар Исаков 16-апрелде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы кылып дайындады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG