Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

“К. Молдобасановдун чыгармалары – кыргыз элинин байлыгы”


Бүгүн 1-октябрь - эл аралык музыка күнүндө композитор Калый Молдобасановдун 80 жылдыгынын урматына Улуттук консерваторияда чоң концерт өтөт.

Кыргызстандын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу композитор Калый Молдобасанов манасчы, акын жана комузчу, Кыргыз эл артисти Молдобасан Мусулманкуловдун үй-бүлөсүндо туулуп өсүп чоңойгон. Андыктан анын чоң композитор болуп чыгышына – мындай чыгармачыл адамдын тарбиясы кенен жол ачкан. Композитордун “Манас”, “Куйручук”, “Маңкурт жөнүндө сөз” балеттери жана “Саманчынын жолу” балет-ораториясы кыргыз сахнасында гана эмес, бир катар башка өлкөлөрдүн театрларында да коюлуп келет.

Улуу композитордун 80 жылдыгына арналып бүгүн Улуттук консерваторияда саат 16да башталганы жаткан концертке Бишкектеги бардык музыкалык окуу жайлардын окуучулары, студенттери, аспиранттары жана опера жана балет театрынын солисттери катышмакчы.

Улуттук консерваториянын проректору Екатерина Лузанова Калый Молдобасановдун чыгармаларынын кыргыз көркөм өнөрү менен ажырагыс түбөлүктүүлүгүн белгиледи:

- Тилекке каршы Калый Молдобасанов арабыздан 2006-жылы кетип калды. Бирок анын музыкасы биз менен жашап жатат жана түбөлүк жашарына ишенем. Себеби Калый Молдобасановдун чыгармалары окуу репертуарына да, концерттик репертуарга да терең кирди. Анын чыгармаларын оркестрлер, хорлор, солисттер, ансамблдер аткарышууда. Өзгөчө“Саманчынын жолу” балет ораториясы чет өлкөлөрдө да коюлуп, ал эми кыргыз опера жана балет театрынын репертуарынан түшө элек.

Калый Молдобасанов Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында да, Москвадагы Чайковский атындагы консерваторияда да дирижерлук класстан окуган. Калый Молдобасанов Абдылас Малдыбаев атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында 30 жылдай эмгектенип, бир катар жылдар башкы дирижер болуп иштеди.

Кыргыз эл артисти, аталган театрдын солисти Эсенбүбү Нурмамбетова Калый Молдобасанов менен бир канча жылдар чогуу иштеди:

- Мен Калый агайдын дирижерлугунда көп спектаклдерде ойноп калдым. Мисалы италиялык композитор Джузеппе Вердинин “Риголетта” операсында Риголеттаны, Джоаккино Россининин “Севилдик чач тарачында” Разинаны. Анын дирижерлугуна токтолсом, оркестр менен, солисттер менен өтө тактап майын чыгара иштеп, анан гана эл алдына алып чыкчу. Калый агайдын калтырган эмгектери – элине калтырган чоң байлык деп ойлойм.

Эсенбүбү айым Калый Молдобасановдун адамдык бийик сапатын да белгилеп өттү:

- Эч кимге бой көтөрбөгөн, баарына тегиз улуу инсан эле.

Калый Молдобасанов бир топ элдик ырларды оркестрге салып, романстарды, кантаталарды жазган. Бишкектеги музыкалык окуу жайларында, консерваторияда музыка өнөрү боюнча адистерди тарбиялоодо да эмгеги чоң.

Улуу композитордун окуучуларынын бири, Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти Кайынбек Кускаков Калый Молдобасановдун чыгармачылыгын жогору баалады:

- Союз тарардын алдында Социалисттик эмгектин баатыры болгон киши. СССРдин эл артисти. Дирижер, композитор. Бул кишинин “Куйручук” балети, “Саманчынын жолу” балет-ораториясы, “Маңкурт” балети, дагы башка чыгармалары, романстары, кантаталары бар.

Андыктан Кайынбек Кускаков Калый Молдобасановдун 80 жылдык мааракеси Улуттук консерватория уюштуруп жаткан иш-чара менен эле чектелбей, мамлекеттик деңгээлде белгиленип, Кыргыз улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун наамы ыйгарылса, татыктуу болмок деген пикирде:

- Калый Молдобасановдун 80 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилениши керек деп ойлойм. Анан бул инсандын ысмын Улуттук консерваторияга ыйгарсак, буга Калый Молдобасанов бирден бир татыктуу инсан болмок.

Калый Молдобасановдун жаркын элесине, 80 жылдыгына арналып Улуттук консерваторияда бүгүн өтө турган концертте – Калый Молдобасановдун музыкалары менен кошо кыргыздын жана чет өлкөлөрдүн композиторлорунун да чыгармалары аткарылат. Ал музыкалар Бишкек мэриясынын алдындагы эл аспаптар оркестринин жана Улуттук консерваториянын оркестринин коштоосунда аткарылмакчы.

XS
SM
MD
LG