Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Унутта калган репрессия курмандыктары


"Ата-Бейит"
"Ата-Бейит"

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Бүбүйра Кыдыралиева кыргыз элинин каймактары, 1937-38-жылдардагы Сталиндик катаал репрессиянын курмандыгы болгон Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана Баялы Исакеев баштаган 137 кишинин сөөгү көмүлгөн “Ата-Бейиттин” сырын ачкан адам. Ал атасынын керээзин 52 жыл бою сары майдай сактап, 1990-жылы гана улуттук сырды шардана кылганда иттей атылган кыргыздын кыйындарынын сөөгү ак кепинделип, кайра жерге берилген.

“Ата-Бейит” жалгыз кемпирге гана керекпи?

Бишкекте жашаган Бүбүйра апа 90го таяп калса да 7-ноябрда демилгелүү жаштар менен "Ата-Бейитке" барып, репрессия курмандыктарын эскерип келген. Ал бул күнү атайын барып куран окуганга жарабаган жогорку бийлик өкүлдөрүнө капа.

Бүбүйра Кыдыралиева
Бүбүйра Кыдыралиева

- Эскерүү мен үчүн эмес, кыргыз элинин келечеги үчүн маанилүү. Өлгөндү эскермейин жакшылык болбойт. Ата-бабасына куран окутпаган адамдан эмне жакшылык күтсө болот? Анын сыңарындай өткөндөрдү даңктамайын жаш муун кайдан сабак алсын? Тарыхыбызды, өтмүшүбүздү биле жүргөнүбүз оң.

Бүбүйра Кыдыралиевага “Ата-Бейит” сырын ачканы үчүн 2000-жылы “Эрдик” медалы берилген. Ошондон бери мамлекет эмгегимди баалабай жатат деп нааразы болуп келет.

Куугунтукка кабылган жүздөн ашык кыргыз интеллигенттери Совет бийлиги тарабынан эл душманы, улутчул катары 1938-жылдын 5-7-8-ноябрында атылганы аныкталган.

8-ноябрь куугунтук курмандыктарын эскерүү күнү катары расмий жарыяланганы менен, ага жогорку деңгээлде маани берилбей келатканы айтылып, бийликтин бул күндү быйыл да эскербегени мисал келтирилүүдө.

2011-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда 8-ноябрга карата атайын "Ата-Бейитке" барып, куран окуткан экен.

Былтыр болсо мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев менен Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов баштаган кызмат адамдары бул күндү утурлай атайын "Ата-Бейитке" барып, куугунтук курмандыктарын эскерген.

А быйыл болсо жогорку бийлик адамдарынан "Ата-Бейитке" барганы болгон жок.

Журналист жана тарыхчы Абдыбек Казиев репрессия курмандыктары быйыл да унутта калганына кейийт. Анын айтымында, кыргыз бийлиги эскерүү күнүнө караганда журналисттердин майрамына өзгөчө маани бергендей.

- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп расмий жарыяланганы менен соңку жылдары өлкөнү түптөөгө салым кошкон адамдар унутта калып келет. “Ата-Бейитке” аткаминерлерден бирөө да барган жок. Баягы эле студенттер, активисттер барышты. Бүбүйра апа мына 90го чыгып калды. Жазып-тайып көзү өтүп кетсе, жер чапкылап өкүнүп калабыз адатыбызча.

Куугунтук курмандыктарын эскерүүгө карата мамлекеттик эч кандай иш-чара мерчемделген эмес. Кыргыз тарыхындагы орчундуу күндүн эмнеге унутта калганын президенттин да, өкмөттүн да аппараты түшүндүрүп бере алган жок.

Курмандыктарды унуттурган ким?

Кыргыз бийлиги Кремлдин таасиринен улам репрессия курмандыктарын көз жаздымда калтырууда. Мындай пикирин оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди. Анын оюнча, Украина, Грузия, Молдова сыяктуу өлкөлөр авторитардык режимдин курмандыктарын сый-урмат менен эскеришет.

- Демократиялык жолду тандаган өлкөлөр режим курмандыктарына абдан маани беришет. Саясий жактан жогору баалашат. Биз болсо бүгүнкү күндө Кремлдин көзүн караган өлкөбүз. Мүмкүн ушул себептен репрессия курмандыктарын бийлик эстебей жатат. Анткени Орусияда Сталинге позитивдүү баа берүү саясаты жүрүүдө. Биздин бийлик Кремлге жаман көрүнгүсү келбейт да.

"Ата-Бейит"
"Ата-Бейит"

Анткен менен тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин репрессия курмандыктары унутта калды дегендерге кошулбайт. Анын пикиринде, кандуу жылдар боюнча мурдагыга караганда көп маалыматтар ачык айтыла баштады.

- Бүгүнкү күндө куугунтук курмандыктары тууралуу китептерде ачык эле жазыла баштады. Тиешелүү кишилердин катышуусунда илимий конференциялар өтүп жатат. Келерки жылы улуттук боштондук күрөштүн 100 жылдыгы белгиленет. Мунун баарын жакшы саамалык катары карасак болот.

Кыргыз интеллигенциясынын 1938-жылы атылган 137 өкүлүнүн сөөгү 1991-жылы Бишкектин тоо тарабындагы Чоң-Таш деген жерден табылып, кайра жерге берилген жана ал жерге "Ата-Бейит" деген ат ыйгарылган. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан азаматтардын сөөгү да ушул жерге коюлган.

XS
SM
MD
LG