Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Бишкектин жер мафиясы


“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү баш калаадагы мыйзамсыз берилген жерлерди жана андагы башаламан курулуштарды иликтөөгө алды.

Бишкектеги муниципалдык жерлердин тагдырын 22 кишиден турган туруктуу комиссия чечет. Жер тилкелерин сатуу же ижарага берүү чечимин ошолор кабыл алышат. Жер комиссиясынын курамына мэриянын тиешелүү кызматтарынан, ар бир акимияттан бирден жана шаардык кеңештен беш депутат кирген.

Аталган комиссияны алты жылдан бери вице-мэр Бакыт Дүйшөнбиев жетектейт. Ишкерлердин көбү вице-мэр башкарган комиссияны коррупциялык схемаларга айыптап келишет. Эмне үчүн жер комиссиясына жарандык коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар мүчө боло албайт. Же сөзсүз эле курулуш компаниясы бар депутаттар мүчө болуш керекпи?

2014-жылы прокуратура жер комиссиясынын айрым мүчөлөрүнө жана УМСтин кызмат адамдарына жер тилкелерин ижарага берүүдө мыйзамдарды одоно бузган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон. Деген менен соттук териштирүүлөргө ушул күнгө чейин чекит коюла элек.

Курулуш компаниялары жерди ижарага алуу, көп кабаттуу үй куруу жана ага тиешелүү уруксат кагаздарын алуу коррупциялык схемаларга жык толгонун айтып келишет. Айрым эсептөөлөр боюнча тиешелүу кызматтар жер тилкесине уруксат кагаздары үчүн 75 миң доллар, канализация, жылуулук жана башка керектүү коммуникация кызматтарына кошуу үчүн 25 миңден 200 миң долларга чейин “шапке” сурашат.

ЖИА бизнес бирлигинин эсебинде мэриянын тиешелүү кызматтары өөнөп калган паралар батирлердин наркын 30 пайызга чейин кымбаттатат. Ушундан улам баш калаада көп кабаттуу үйлөр жаандан кийинки козу карындай көбөйгөнү менен арзандабай келет.

Бишкектин жер мафиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:28 0:00

XS
SM
MD
LG