Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Өмүрдүн баасы канча?


Azattyk+
Azattyk+

Айрым маалыматтарга ылайык, жылына жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят. Адистер анын себебин ар башка түшүндүрүшөт. Адам өмүрүнүн баасы канча? “Азаттык+” ушул суроого жооп издеди.

Он миң сом үчүн кыйылган өмүр. Сузак районундагы Сымкат айылындагы Алимбековдун үй-бүлөсү чырактай уулунан ажырап, аза күтүп турган чагы.

Уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу ушул жылдын 23-октябрында асынып алган. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда. Бирок экинчи тарап жана милиция дооматтарды четке кагууда. Окуя тууралуу студияга келген маркумдун жакын тууганы Шакир Бабаназаров айтып берди.

Кыргызстанда жашы жете электер арасында суицид же өзүнө өзү кол салган көрүнүштөр боюнча так сандар жок. Ички иштер министрлиги мындан бир жума мурун эле акыркы тогуз айда 70тен ашык бала өзүнө кол салды деп жарыялаган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстанда 10-сентябрды Суицидге каршы күн катары мамлекеттик деңгээлде жарыялоону сунуштады.

Психологдор өспүрүмдөрдүн муктаждыктары канааттандырылбай калганда жанынан кечет деп белгилешет. Ал эми өспүрүм курактагылардын негизги муктаждыгы - өз теңтуштарынын арасында кадыр-барктуу же теңата болуусу дейт балдар психологу Кундуз Оморова.

Айрым иликтөөлөр Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды. Буга адистер ата-эне менен бала ортосунда диалогдун азайышын, мектеп рекетчилигин, чоңдор тарабынан балага болгон өкүмзарлыкты келтиришет. Соңку кезде өнөкөткө айланган бул көрүнүштөн улам өспүрүмдөр өзүнө кол салып же жаштайынан кылмыш жообуна тартылган учурлар аз эмес.

Өмүрдүн баасы канча?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:47 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG