Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

"Мегаком": УКМК менен "Ата Мекендин" тиреши


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Мегаком” уюлдук операторуна байланыштуу 2010-2012-жылдардагы коррупциялык иштерди тергөөнү өз колуна алганын маалымдады. Ошону менен атайын кызмат Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылганы үчүн ошол кездеги юстиция министринин милдетин аткаруучу, азыркы Жогорку Кеңеш депутаты Аида Саляновага козголгон кылмыш иштерин да тергей турганын билдирүүдө.

Ал арада "Ата Мекен” партиясынын лидерлери УКМКнын “Белизгейт” боюнча айыптоолору толугу менен төгүндөлгөнүн айтып чыкты.

Кайрадан калкыган "Мегаком" чатагы

УКМКнын 27-январда тараткан билдирүүсүндө 2010-жылы Максим Бакиевге таандык “Альфа телеком” компаниясынын 49% үлүшүн гана мамлекетке өткөрүп, калганын Penwell Business Limited компаниясына сактоого берүү мыйзамсыз болгону белгиленген. Маалыматта жазылгандай, “Альфа телекомдун” 51% үлүшүн алган Penwell Business Limited компаниясы акцияны биротоло өзүнө менчиктеп алуу үчүн 2010-жылдары жогорку даражалуу кыргыз чиновниктерине өтө ири суммада пара бергенин коопсуздук кызматы аныктап чыкканын айткан.

УКМКнын маалыматында “Ата Мекен” партиясынын лидерлери чет жактардан акча алып жүргөнү тууралуу аталган партиядан мурда депутат болгон Өмүрбек Абдрахмановдун айтып жүргөнү да мисал кылынган. Өмүрбек Абдрахманов өзү “Азаттык” буларды билдирди:

- “Мегафон” компаниясынын өкүлдөрү келип, сүйлөшүү өткөргөн. Жолугушууга мен катышкам. Ал эми акча бергенин билем. Мен бул тууралуу мурда маалымат каражаттарына да жарыялагам. УКМК мени чакырып сураганда да ошону айттым.

Бирок "Ата Мекен" партиясы Абдрахмановдун айткандары жалган экенин билдирүүдө. Партиядан билдиришкендей, Абдрахмановдун “Ата Мекен” партиясын “Мегакомго” байланыштырып, айткан маалыматтары буга чейин эле сот тарабынан жалган деп табылып, ал 100 миң сомдук айыппулга жыгылган.

УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев.
УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев.

Атайын кызматтын маалыматында аты аталган "Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын “Белизгейт” боюнча айыптоолору толугу менен төгүндөлгөнүн билдирип келишет. Депутат Алмамбет Шыкмаматов бул бийликтин айрым иштерин ачык айтканы үчүн “атамекенчилерге” атайын жасалып жаткан чабуул деп белгиледи:

- 2010-жылы эмне үчүн 100% алган эмес деген суроолорду кайра көтөрүп чыгып, бизге чаптагылары келип жатат. Мунун баары суу кечпейт, анткени, ал кезде Убактылуу өкмөттүн экономикалык маселелери азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө болчу. Экинчиден, УКМКнын эксперти Рыкунова деген аял экен. Баарыбызга белгилүү, Рыкунова ошол “Мегакомдон” миллиондогон акчаларды жеди деп айыпталып, соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан. Эми аны эксперт катары колдонуп жатышканы - жанагы Абдулла Юсупов дегенди эксперт кылгандай эле сөз.

“Атамекенчилер” жакын арада Белиз өлкөсүнөн дагы маалыматтар алынарын, алар УКМКнын документтеринин жасалма экенин тастыктайт деп бекемдешүүдө.

Penwell Business Limited компаниясы буга чейин Максим Бакиевге эч кандай тиешеси жоктугун маалымдаган. Компания тараткан маалымат боюнча, Penwell Business Limited 2010-жылы сот аркылуу «БиМоКом Лтд» компаниясындагы 51% үлүшүн калыбына келтирген жана сот чечими боюнча, 2010-жылы 13-декабрда «БиМоКом Лтд» компаниясындагы 51% үлүшүнүн мыйзамдуу ээси катары Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнүн маалымдаган.

УКМК: Салянова узарткан лицензия Латвияда компания ачууга негиз берген

27-январдагы билдирүүсүндө УКМК мындан сырткары 2010-жылы, ошол кезде юстиция министринин милдетин аткаруучу Аида Салянова тарабынан издөөдөгү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышын да мыйзамсыз деп тапкан. Маалыматта Алексей Елисеевге издөө 2010-жылдын 5-майында эле жарыяланганы белгиленип, Елисеев лицензиясынын мөөнөтүн узартып берүү өтүнүчү менен юстиция министрлигине 7-июнда кайрылганы айтылат. Ошондой эле УКМК юстиция министрлиги Елисеевдин соттолгону тууралуу маалыматты тактоо максатында ИИМге 18-июнда кайрылганын, бирок ИИМдин жообун күтпөй эле, 28-июнда Елисеевдин лицензиясын узартып бергенин белгилейт.

"Белизгейт": аныгы менен арсары

"Белизгейт": аныгы менен арсары

Жогорку Кеңеш УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин Белизден келди деген документтер боюнча маалыматын териштирди.

Коопсуздук кызматы бул узартылган лицензиянын негизинде Елисеев Латвияда «Central Asia Consulting» деп аталган компания түзгөнүн бекемдөөдө. Салянованын партиялашы жана кесиптеши Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын маалыматы аша чаап кеткен деген пикирде. Анын ою боюнча, Кыргызстандан берилген лицензия Елисеевдин Латвиядан ишмердүүлүк кылуусуна эч кандай шарт түзүп бере алмак эмес:

- Балтика өлкөлөрүндө консалтинг компаниясын ачуу үчүн Кыргызстандын лицензиясынын эч кандай кереги жок. Бизге жакында Латвиядан да жооп келет, ал жактагы тийиштүү органдарга бул тууралуу суроо-талап менен кайрылганбыз. Элдин баарына эле түшүнүктүү болуп турат. Бул ачык-айкын эле саясий негизде козголгон кылмыш иши. Эгерде мыйзам, тергөө баарына бирдей боло турган болсо, учурда коомчулукка коркунуч туудурган коррупциялык жана башка үрөй учурган кылмыш иштери толтура. Аны ошол КСДПнын жана президенттин айланасындагылар жасап жатканы үчүн, аларга эч ким кылмыш ишин козгобойт.

Бул иш боюнча Башкы прокуратура 26-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Саляновага кылмыш ишин козгогон, ишти тергөө Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

Баш прокурорлук кызматын тапшырып, кийинчерээк парламентке “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен келген Аида Салянова өзүнө кылмыш иши козголушун саясий куугунтук деп баалап келет.

Эки ишти тең УКМК тергейт

“Мегаком” компаниясына байланыштуу коррупциялык иштер жана Елисеевдин лицензиясы узартылганына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин мындан ары УКМК тергөөгө алмакчы. Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Башкы прокуратура тергөөнү УКМКга өткөрүп берди:

- “Мегаком” уюлдук операторуна байланыштуу 2010-2012-жылдардагы коррупциялык иштер боюнча 2012-жылы 8-сентябрда токтотулган тергөө иши кайрадан жанданат. Мындан тышкары Аида Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө башталды.

Сулаймановдун кошумчалоосу боюнча, бул эки ишти тең УКМКнын тергөө башкармалыгы карайт.

Коопсуздук кызматы тергөө учурунда чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү да сураларын, бул үчүн суроо-талаптар жиберилгенин да маалымдоодо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG