Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Айдоочулар Кытайда кыйналууда


Торугарт. Нарын
Торугарт. Нарын

Кыргызстандык отуз айдоочу унаасы менен Кытайда төрт күндөн бери камалып жатат. Буга байланыштуу Оштогу оор жүк ташуучу айдоочулар бирикмеси нааразылык жыйынга чогулушту.

Учурда Кыргызстандын унаалары үстү тент (күндөн жана жаан-чачындан коргоочу материал) менен жабылганына байланыштуу Кытайга кире албай жатат. Буга байланыштуу айдоочулар Кыргызстандын Транспорт жана Тышкы иштер министрликтерин "өз жарандарына күйбөйт, ыкшоо иштеп жатат" деп айыпташууда.

Чек арадан эч тоскоолсуз Кытайга кирген кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалар Улуу-Чат аймагында камакка алына баштады. Айдоочулардын айтымында, Кытайдын транспортту көзөмөлдөгөн кызматы кыргызстандык унаалардын үстүнө темир жабууну талап кылууда. Оштогу айдоочулар коомунун төрагасы Иса Сулайманов мындай талап эч бир эл аралык мыйзамга сыйбасын айтты:​

Кытайга каттаган айдоочулар
Кытайга каттаган айдоочулар

- Кытай өкмөтү автоунаалардын үстүнө "сандык" жасагыла деп талап кылууда. Айдоочуларга виза берүүнү татаалдаштырып, 600 долларга чыгарышты. Чек арадагы басмырлоону айтып бүтпөйсүң. Кытайдын чиновниктери акча өз жарандарынын чөнтөгүнө түшсүн дейт. Биздин чиновниктер өз чөнтөгүн гана ойлойт. Кытай талап кылып жаткан сандык - бул темир контейнер. Биз ал талапты аткарсак, машиненин салмагы оорлойт. Биздин өкмөт унаа салмагын чектеп койгон. Андан сырткары ага кран менен жүк жүктөөгө болбойт. Капталынан жүктөлө турган товар да салынбайт. Аны бир гана Кытайдын машинелери ташып калат. Кытай ушуга шарт түзүп жатат.

Айдоочулар бирикмесинин төрагасы Иса Сулайманов кытай өкмөтү жасалма тоскоолдук жаратып, кыргызстандык айдоочуларды киргизбөө аракетин баштаса да кыргыз аткаминерлери бейгам жатат деп нааразы болду.

- Кыргызстан транзиттик өлкө. Биз Кытайга көз каранды болгондой эле алардын дагы бизге көз каранды жактары бар. Кытайдын жасалма тоскоолдуктарына Кыргызстан дагы жооп кайтарышы керек эле. Алардын унааларынын узундугу да, туурасы да, бийиктиги да, салмагы да бизде текшерилбейт. Транзиттен алынган салык акысы арзыбаган сумма. Биздин оюбузча Кыргызстандын Транспорт же Тышкы иштер министрлигинде Кытайдын тыңчысы иштеп жатат. Качан болсо утулуп карап отурабыз.

Бүгүн кар күрөттү, эртең...

Оштогу оор жүк ташуучулардын «Юг транс» бирикмесинин төрагасы Толубай Досбаев кытай чек арачылары кыргыз айдоочуларын келекелеп жатканын айтты. Кыргызстан болсо казынага миллиондогон салыкты төлөп аткан өз айдоочуларынын укугун коргобойт деп айыптады.

- Эркеч-Тамдагы кытай чек ара бекетин зымкана деп коет. Ошол жерде кытай чек арачылары кыргызстандык айдоочуларды кар күрөтүп, жол тазалатып жатат. Бул боюнча видео далилдер бар. Жайында ошол зымкананын айланасын шыпыртат экен. Аны мен жакында угуп калдым. 50-60 жаштагы айдоочуларды мажбурлап дене көнүгүүсүн жасатканын угуп калдык. Бүгүн кар күрөтсө, эртең даараткана тазалатат. Бул деген басмырлоо, кемсинтүү, маскаралоо да. Буга каршы бир да чиновнигибиз үн каткан жок. Биздин укукту коргой турган мамлекет жокпу? Биздин укугубуз корголбосо, жок дегенде бир ооз сурап коюшпаса, анда биздин мамлекеттүүлүгүбүз кайда туугандар?

Тышкы иштер министрлигинин Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мирланбек Исмаилов айдоочулардын дооматынан кабардар экенин, аларга кат жүзүндө расмий жооп берилгенин айтуу менен чектелди.

- Айдоочулар бүт дооматтарын айтып келишкен. Биз аларга кат жүзүндө расмий жооп бергенбиз. Бекер отурган жокпуз. Мисалы, виза берүүнүн квотасын суранып жүрүп көбөйттүк. Алар нааразылык акциясын уюштурабыз деп жатышат. Ал өздөрүнүн иши. Биздин эл ошентип бийликти коркутуп жаман үйрөнгөн. Тартип болушу керек да.

Ал арада Оштогу оор жүк ташуучулар бирикмесинин дагы бир лидери Надыр Токтосунов Кытайга каттаган айдоочулардын көйгөйү чечилбесе, Тышкы иштер жана Транспорт министрликтеринин толук курамын отставкага кетирүү үчүн иш таштоо боло турганын эскертти.

- Азыр айтылган көйгөйлөр чечилбесе, биз иш таштоо акциясын уюштурабыз. Капчыгайдан Торугарттын каттамын токтотобуз. Сосновкадан Бишкекти токтотобуз. Кара-Тайдан Эркеч-Тамдын каттамын бууйбуз. Ошол үч чекит менен Кыргызстандын импортун токтотуп койгонго толук күчүбүз жетет. Ошондо бажы салыгынын планын кантип толтурушканын көрөбүз. Товарлардын азыркыдай арзан болуп турганын көрөбүз. Ушинтип биз 2010-жылга кайра кайтабыз. 2010-жылы дагы иш таштагандан кийин бийлик биз менен сүйлөшүүгө келген. Ошол нерсе кайталанганы калды. Азыр Кыргызстан боюнча бардык облустардын оор жүк ташуучу айдоочулары менен сүйлөшүп жатабыз. Баары колдошууда.

Кыргызстанга импорттун басымдуу көлөмү Кытайдан келет. Алардын көбүн кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалар ташычу. Бир эле Ош шаарында Кытайдан Кыргызстанга товар алып келген миңден ашуун оор автоунаа бар. Кыргызстандын казынасын толтурган бажы салыгынын ири бөлүгү дал ушул Кытайдан, КамАЗ менен ташылган товарлар эсебинен камсыздалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG