Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Азиада: намыска жараган спортчулар


Айсулуу Тыныбекова (көк) жана монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж (кызыл)
Айсулуу Тыныбекова (көк) жана монголиялык балбан кыз Орхон Пуревдорж (кызыл)

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын 21-августтагы үчүнчү күнү кыргыз балбандары куржунга төрт медал кошту.

Кыргызстан Азия оюндарында негизги үмүттү балбандарга артса, өз кезегинде күрөшчүлөр ал ишеничти актап келатат.

Оюндардын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын эсебинде алты медаль бар болсо, анын бардыгы күрөштүн түрлөрү боюнча келип отурат. Ошол эле учурда Кыргызстанда кыз-келиндер күрөшү да барган сайын жакшы өнүгүп келатканын кыздардын жеңишинен кийин ишеничтүү айтса болот.

Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

20-августта Айсулуу Тыныбекова алтын медалды илип кетүүгө бир кадам жетпей калды. Өкүнүчтүүсү, алтын байге үчүн таймашта Тыныбекова буга чейин эки жыл мурда Олимп оюндарынын тандоо мелдешинин финалында уткан монголиялык атаандашы Орхон Пуревдоржго багынып кала берди. Бирок Айсулуунун соңку кезекте жаракатына байланыштуу тыңгылыктуу машыкпаганын эске алганда, күмүш медал кыргызстандык кыз үчүн күтүүсүз болду.

- Чындыгында мен колумдагы жаракатка байланыштуу машыгууну өткөргөн жокмун. Керек болсо “күрөшпөй эле койсомбу?” деген суроо менен акырына чейин жүрдүм. Бул жакка келердин алдында Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун узатуусунда жүргөндө деле мен өзүмдү жаман сезип жүргөм. Ошондуктан даярдыгым буга чейинки мелдештерге караганда алда канча чабал болчу, - деди Айсулуу Тыныбекова.

Айсулуунун жолун улап, 21-августта Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова кыз келиндер күрөшүндө коло медал алышып, жакшы көрсөткүчкө жетишти.

Айсулуу: Мени колдогондорго ыраазымын
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Каныбек кайра Шинобуга утулду

Ал эми эркектер арасында Каныбек Жолчубеков алтын үчүн кармашта жапон атаандашы Шинобу Отага туш келди. Быйыл жазында Бишкектеги Азия чемпионатында Жолчубеков ушул эле жапон балбанга утулган эле. Тилекке каршы кыргыз балбаны бул саам да өчүн ала алган жок.

Каныбек Жолчубеков (кызыл) жана Шинобу Ота.
Каныбек Жолчубеков (кызыл) жана Шинобу Ота.

Күмүш медалды ошондой эле эркин күрөшчү Магомед Мусаев тагынды. Ал чечүүчү кармашты алдырып жибергенин төмөндөгүдөй айтып берди.

- Мен бир жылдан бери ири мелдештерге чыга элек болчумун. Ошондуктан мага төрт атаандаш тең оор болду. Бул аралыкта жаштар өсүп чыгыптыр, көпчүлүк каршылаштарымды тааныбайт экенмин. Айтор, күчүм финалга чейин жетпей калды. Бирок мен баары бир кайгырбастан машыгууну улантам.

Ал эми күрөштүн ушул эле грек-рим түрү боюнча 67 килограммга чейинки салмактагы спортчу Амантур Исмаилов коло медаль утту.

Натыйжада Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын жалпы командалык расмий эмес жыйынтыкта Кыргызстан 18-орунга жайгашты. Мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстанда алты медал (үч күмүш жана үч коло) бар.

Азырынча Азия оюндарындагы командалык көрсөткүчтө Кытай ишеничтүү биринчи орунда келатат. Бул өлкөдө жалпысынан 60 медаль бар болсо, анын ичинен отузу - алтын медаль. Экинчи орунда Жапония өлкөсү 47, үчүнчүгө Түштүк Корея 34 медаль менен жайгашты.

Акжол килемге келатат

Азия оюндарынын алкагында 22-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдештер уланат. Алгачкылардан болуп 77 кг. салмактагы кыргызстандык Акжол Махмудов күрөш килемге чыгат. Анын 1/8 финалдык бөлүктөгү атаандашы кореялык Ким Хён У тандалды.

Акжол Махмудов
Акжол Махмудов

Кореялык балбан эки жыл мурун Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарында коло медаль алган. 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиаданын чемпиону болгон. Дүйнөнүн бир жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону.

Анткен менен Акжол Махмудов Азия оюндарына учурдагы Азиянын чемпиону катары келди. Кыргыз балбаны биринчи жолу Азия оюндарына катышууда. 19 жаштагы Махмудов быйыл жазында Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль алган. Ал ага чейин уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж) болгон. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталса, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган.

Ошондой эле бүгүн 87 кг салмакта Самат Шырдаков, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана 130 кг салмакта Мурат Рамонов Кыргызстандын намысын коргошот.

18-августта башталган Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Оюндарга Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG