Бүгүн Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндөгү дарактардын кыйылышына каршы болуп жарандык активисттер жана айрым тургундар балдары менен нааразылыкка чыгышты.
Алар буга чейин мэрияга чейин барышканын, элдин пикири менен эсептешпей, көңүл бурулбай жатканын билдирип жатышат. Ошол аймакта жүргөн милиция кызматкерлери дарактар кыйылган аймактардан алыс туруу боюнча эскертүүгө баш ийбеген үч-төрт жаранды кармаганын кабарлады.
Тургундардын айтымында, “Зеленстрой” Токтоналиев көчөсүн кеңейтүү максатында дарактар кыйылып жатканын билдирген.
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов бак кыюу ишин нааразылык акциясы токтото албасын билдирди. Ал аталган көчөдөгү дарактарды кыюу боюнча тургундар менен бир катар жыйындар болуп, пикирлерин угушканын айтты. Ал жалпысынан 143 дарак кыйылып, ордуна 208 бак отургузуларын кошумчалады.
- Дарактар кыйыла турганын ноябрда эле маалымдаганбыз. Тургундардын пикирин эске алып айрым дарактарга тийген жокпуз. Бирок бардык талаптарын аткара алган жокпуз. Мисалы айрымдарына 60-70 жыл болгон, ордуна жаңысы тигилет. Бул бир кварталдын эмес, жалпы шаарга ылайыктуу көчө болушу керек.
Буга чейин Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун тургундары дагы нааразылыгын билдиришкен. Бул райондо 800 түп дарак кыйылары айтылган.
Белгилүү эколог жана Бишкек шаардык кеңештин депутаты Эмил Шүкүров экологияны коргоо иштери керектүү деңгээлде жүрбөй жатканын, жаратылышты коргоо боюнча план жоктугун "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып белгиледи. Ошондой эле картайды деген шылтоо менен башка бактар дагы кыйылып жатканын кошумчалады.
Бишкек мэринин орун басары Бакыт Дүйшөмбиев бак-дарактардын кыйылышына байланыштуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мындай деди:
- Шаардын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган, Токтоналиев көчөсү Түштүк магистрал менен төмөн карай Медеров көчөсүнөн Горкийге жетип, андан Кулатов көчөсүнө бириге турган болсо тыгынды азайтууга мүмкүн болот. Бул шаар үчүн, шаар тургундары үчүн зарыл көчө болуп атат. Анын туурасы 15 метр болуп төрт катар транспорт жүрүүгө мүмкүн болот.
Дүйшөмбиев кыйылган 143 дарактын ордуна 208 жаңы бак отургузуларын, учурда оңдолуп жаткан көчөлөрдү жашылдандырууга шаар бюджетинен 51 млн сом каралганын билдирди.