Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Алган эмес, берген утат


Оо калкым? “Эмнени эксең, ошону оросуң” деген накыл бар эмеспи. Бирок биз акыркы кезде өзүмчүл болуп бараткандайбыз.

Жаштарыбыздын келечегин ойлогон эч ким калбагандай. Максатыбыз акча, байлык жыймай. Кандай гана болбосун бийликке жетип, ал бийлигибиз өз туугандарыбыз үчүн кызмат кылып калды. Ууру, рэкет көбөйдү.

Аны чоң абийир көрүп, жаштарыбыз жаман жолго түшүп баратат. Кыздарыбыз жумуш жок деген шылтоону бетке кармап, денесин соодалаганга өттү.

Эстегилечи, бала кезиңерде ата-энеңер кантип бата берчү эле? Эл керегине жараган уул-кыз бол дечү беле. Элибиз амандашканда оболу ден соолук сураган жакшы адат бар. Биз акыркы жылдары ошол ден соолугубузга кам көрбөй калдык. Тамеки, арак, насвайга алдырган жаштар көбөйүп баратат. Аны саткан пенделер деле жаш муундун ден соолугун талкалап жатам деп ойлобойт. Анын зыянын өзүбүз эле тартабыз. Жаш муундун ден соолугуна, билимине эмитен кам көрөлү.

Мамлекетке салык, жаккан электрдин акысын төлөгөндөн качабыз. Бейиштей жердин кадырын билип өлкө тагдырын да ойлоп койсок. Бар күчүбүздү мамлекетибиз үчүн жумшайлы. Алган утулса да, берген утулбайт. Какыраган чөлдү бейишке айлантып жашаган өлкөлөр бар. Аларга караганда бейиштей жерде жашап атабыз. Адал эмгектен гана баар табабыз. Бирөө баары, баары бирөө үчүн деп жашаганды үйрөнөлү. Эгеменбиз деп төш кагабыз. Бирок канчалык мактанбайлы армиябыз алсыз, экономикабыз чабал. Бул эки нерсе күчтүү болмоюн чыныгы Эгемендик болбойт. Биздин эгемендик чоң державалардын көлөкөсүндө турбашы керек. Алга умтулалы кыргыз элим. Эгемендик майрамыңар менен куттуктайм!

Алмазбек Айдаралиев, Аксы району

XS
SM
MD
LG