Азыр соцтармакта ошол эле талаш - "Айылдыктар жалкообу, аракты көп ичеби?" деген суроо талкууланып жатат. Маселен, ошол “жалкоо жана аракечтердин” эмдигиче миллионго жакын айылдыктар таза сууга зар болуп жашап жатышына же башка дагы бир жагдайларга күнөөсү жокпу? Кызуу талаштын чоо-жайына токтолгуча, мени окуп жаткандар менен башка бир маселени айтып койгум келет - айтпай-дебей эле айыпты моюнга илип коюу - бул биринчи иретте башкаруунун ыкмасы. Айып менен коркуу сезимдери, мансапкорлук - менин бир философ досумдун айтуусунда, коомду башкаруунун негизги ыкмаларынын бири болуп саналат. Бул жерде кимдин кантип жана кандайча мансапкорлуктун жардамы менен жакшы кызматка жетишин узун сабак сөз кылып убакыт кетирбейли.
Тилекке каршы, мамлекет өзү жарандарына коркунуч сезимин жайылтат, буга мисалды алыстан издеп деле кереги жок. Мавлян Аскарбековду кантип соттоп жатышканын мисал келтирүү эле жетиштүү. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ага каршы КР КК 297-беренесинин 1-бөлүгү ("Күч менен бийликти басып алуу же конституциялык түзүлүштү өзгөртүү боюнча ачык чакырык жасоо") боюнча айыптоодо. Бул эми башкаларга – бийликке каршы сөз айтууга батынгандарга каршы жасалган ишарат.
Бардык эле адамдар өздөрүн айыптуу сезип, такай коркуп жашайт деп айтыш кыйын. А бирок күнөөкөрлүк сезими аркылуу көпчүлүктү каалагандай башкарууга, аларды алдоого болот. Көпчүлүк психологдордун айтымында, күнөөкөрлүк сезими - адамга төрөлгөндөн кошо келген нерсе эмес, социалдык жагынан калыптанган сезим. Адамдын абийири күнөөкөрлүк сезими менен уялаш эмес. Абийир деген - жекече нерсе, ал сырттан башкарылбайт, күнөөкөрлүк сезиминен мурда кысталыш жагдайдан кантип ыктуу жол таап чыгып кетүүнүн аргасын издейт.
Айрым ата-энелер, тилекке каршы, баласын катуу башкарыш үчүн ага күнөөкөрлүк сезимин бекем калыптандырууга аракеттенишет. Ошентип отуруп татыктуу тарбия берүүну унутта калтырышат. Дин менен дин ишмерлери мына ушул аздек сезимге таянып, момун мусулмандарды төрөлгөн айыбы менен убагында окубай калган намазына чейин айтып, коркутуп башкарууну жакшы көрүшөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде өзүн айыптуу, күнөөкөр сезүү болгон эмес, аларда адам менен аны курчаган табият бир бүтүндүк менен жалпылыкты түзүп, пенде баласынын жасаган-эткендеринин залакасы гана эске алынган.
Күнөөкөрлүк сезиминин ордуна аң-сезим жана да чынжырга туташкан байланыш - аракет – анын залакасын түшүнүү иштелип чыккан. Өзүн күнөөкөр сезүү – бул тажрыйбага чукак ата-эне менен кичинекей баланын, диний таксыр менен динчилдин, мамлекет менен жарандарынын ортосундагы баш ийүүгө негизделген өз ара байланыш. Өзүн айыптуу сезүү такай эле “айыпка жыгылып аткандардын” аң-сезимин өрчүтө бербейт, тескерисинче, маселени татаалдаштырып, аягында анын өзүн багынтып алат. Мына ушул байланыш Иван Крыловдун айтылуу “Карышкыр менен козу” тамсилинде кемелине келтире сүрөттөлгөн: “Азуулуунун алдында дайыма алсыз күнөөлүү”.
Өзүн күнөөлүү сезүү колониалдык доордо аябай күчөйт, мында айыптуу болуу бир адамга эмес, жамы күнкор калктарга жайылат. Жөнөкөй пенделик мүчүлүштүктөр бүтүн бир калктын каны-жаны менен кошо келген маданий өзгөчөлүгү катары сыпаттала баштайт. Ошондой “маданий кемтиктердин” бири катары күнкор калктардын “жалкоолугу” баса-баса айтыла баштайт. Мексикалык жазуучу Хосефина Олива де Колдун минтип жазганы бар. Христофор Колумбдун америкалык индеецтер менен жолугушуусу аны абдан таңдандырган. “Мынчалык боорукер, ачык адамдарды башка жерлерден жолуктуруш мүмкүн эмес. Индеецтер христиандарга колунда болгондун баарын бергенге даяр, ушинтип айтсаң көптөрү ишенбейт” деп жазган мексикалык жазуучу айым. Бул адамдар “эмне сурасаң аны эч ойлонбой колуңа карматышат, алар бергенине эмес, бергенди алганга эле чоң ыраазы”. Ушундай ыраазылык менен айтылган мактоо сөздөрдүн аягы сууй электе эле, испан өкүмдары тарабынан “Индиянын санжырачысы” катары дайындалган Фернандес Де Овьедо кырк жылдан кийин индеецтерди “турган туруму менен жалкоо, куйту, ишти кыбыр жасаган түнт, коркок, карөзгөй, жалаң жамандыкты гана ойлогон” жалаңкыч адамдар катары сыпаттаган.“Алардын көбү эптеп эле иштебештин амалында уу ичип алышты, башкалары асынып алышты” дейт ал. (“Индеецтердин испан конкистадорлоруна каршылыктары”. Москва, “Прогресс” басмасы, 1988). Конкистадор Овьедонун айтымында, индеецтер үмүтү биротоло үзүлүп, кулчулуктан кутулуунун жалгыз аргасы катары өз жанын өзү кыйбаптыр, жок, алар жалкоолук менен иштегиси келбегенден улам ушундай иштерге барышкан имиш.
Жарандарынын жалкоолугун айтпаган кыргызстандык президент калбады деле окшойт. Анан минтип айтышат: “биздикиндей кооз өлкөдө кедей болуп жашаштын өзү уят... Мен Чүй облусун көп кыдырам, кимдин кандай үйдө жашаганын жакшы билем. Эгер эшигинин алдын алабата басып кетсе - бул жерде ким экени билинип эле турат: албетте, кыргыз. Иштеш керек”.
Эшигинин алдын алабата басып, үйүнүн дубалынын шыбактары көчүп кетсе - ал ээсинин жалкоолугунан эмес, ал жерде жашоо кыйын болуп, бактысын башка жактан сынагысы келгенден короо-жайын карабай таштап койгон. Андай айылдар менен үйлөр башка өнүккөн өлкөлөрдөн деле көрүнөт. Иштерге иши жок, келечеги бүдөмүк турса, ал жерде кимдин калгысы келсин, канчалар көчүп кетип атышпайбы? Айрыкча эл бир эмес эки сыйра козголуп, бийликти күч менен алмаштырган биздин өлкөдө алакан жайып отуруп калуу маанайын биздин аткаминерлер да күчөтүп ийишет. Системага каршы туруудан, ага каршы күрөшүүдөн эч кандай майнап чыкпай тургандыгын элдин кулагына куюудан эч тажашпайт. Мындай аракет жалгыз эле бизге эмес, жамы КМШ мейкинине тиешелүү нерсе. Буга Орусияда кыйла уу-дуу жараткан режиссер А Звягинцевдин “Левиафан” менен Ю. Быковдун “Кеңкелес” көркөм тасмасы жакшы мисал болуп бере алат. Бул эки фильм Орусия менен чет өлкөлөрдө оголе көп сыйлыктарга арзыды. Эки тасмада тең жалгыз каарман мамлекеттик машине түрүндөгү системага каршы чыгып, жеңилип калганына арналган. Эки фильм тең мамлекеттик каражаттардын эсебинен тартылган, орус тилиндеги мыкты тасмалардын КМШ мейкининдеги таасири күчтүү.
Баарынан кызыгы - ушу тапта “азия жолборсторунун” бири катары таанылган малайлар да жалкоо катары айыпталган. “Жамбаштап жаткандан башканы билбеген жергиликтүүлөр” тууралуу апыртма кептердин, дегеле колониялык капитализмдин идеологиясына айланып кеткен ушул учурма сөздөрдүн чоо-жайын малай окумуштуусу Саед Алатас ушундай аталыштагы китебинде шашпай чечмелеп берген, китеп 1977-жылы Лондондон чыккан. Мурда мындай апыртмалар колониялык бийлик тарабынан жергиликтүү элдин баркын түшүрүү, кадырын кетирүү максатында айтылып келсе, азыр ал жагымпоз буржуазиялык башкаруучулардын сүйгүнчүк кеби.
Жагымпоз буржуазиялык башкаруучулар дегенде азыр биз өз өлкөсүнүн жаратылыш байлыгын арзанга сатып, четтен келген насыяларды уурдап жеп атып байып алган башкаруучу аткаминерлер катмары менен чириген байларды түшүнөбүз. Насыялардын баары болбосо да көбү өлкө үчүн бир тыйын пайдасы жок катаал шарттар менен алынган, ал эми анын ишин аткарууга кара жумушчусунан тартып жетекчилерине чейин чет элдиктер тартылган. Мындай жагдайда айтылчу жүйө да белгилүү - жергиликтүү адистер менен жумушчулардын “кесиптик даярдыктары жетишсиз”, “келбей коюшат” же болбосо дагы бир айныксыз жүйөнү алдыга жайылат: “бу кыргыздар жалкоо” имиш. Ал эми баласын уяткарып, зекип турган ата-энелердин мисалында баарына “мыңк” этпей баш ийген баланы тарбиялоо максатын көрсөк, акылдуу бала тарбиялайын деген ата-эне баласын эч качан айыптабайт. Эгер бизге кимдир-бирөө "өлкөбүздүн азыркы абалына өзүбүз гана күнөөлүүбүз, мамлекетибиздин ушул абалга келиши, кедейликтен чыга албай отурган аймактар менен шайлоодо акчага сатылган добуштарга чейин - өзүбүз гана күнөөлүүбүз" деп ишендиргиси келсе, андайлар бизди сыйлабаган, кандай да болсо элди алдап, болушунча башын айландырып башкаргысы келген мансапкорлор деп гана түшүнүшүбүз керек.
Элери Битикчи, тарыхчы, философ
Орусчадан которгон Бекташ Шамшиев, "Азаттык"
PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.