Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

"Темир көшөгө" жана сенек доорго байлануу


Актриса Элизабет Тейлор менен Ричард Бартон 1963-жылы тартылган "Клеопатра" тасмасы советтик көрүүчүлөргө 1980-жылдары жеткен.
Актриса Элизабет Тейлор менен Ричард Бартон 1963-жылы тартылган "Клеопатра" тасмасы советтик көрүүчүлөргө 1980-жылдары жеткен.

Маңкуртчулук же пропаганданын күчү - 2

Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы чыккандан, социалдык философия, адабият, театр сахнасы, кинематограф, карапайым элдин сөзүндө “маңкуртчулук” деген жаңы түшүнүк жаралып, калыптана баштады. Айрыкча, “кайра куруунун" доору, 80-жылдары, бул түшүнүк чыгармачыл чөйрөдө кеӊири талкууланды. Ошол убакта, замандаш маӊкурттун образы элдин каада-салтын билбеген, түпкү тегин унутуп, маданиятты сыйлабаган жаранга чегерилген. Бирок ошол убактагы социалдык ой, "замандаш маңкурт кантип пайда болот" деген суроого жооп бердиби? Кептин баары ушунда.

Эстейличи! “…Адамдарды радио менен башкарган заман келет...!” Чыгарманын таржысындагы багыттуу жана максаттуу маалымат көмүскөдө.

Ар бир окурмандын жеке көз карашы бар жана өз оюмду таӊуулоодон алысмын. Мен башканын оюн бирөөгө таӊуулоону, айрыкча пропаганданы жек көрөм.

“Кылым карытар бир күн” бүгүнкү күн менен болгон байланышы эмне экенин билүү үчүн, роман жарыкка чыккан мезгилди, 80-жылды учкай эстеп өтөлү.

Ошол убакта, 15 жашымда кинотеатрда Голливуддун “Клеопатра” кинотасмасы көрсөтүлүп калды. Ошондо бүт дүйнөгө таанымал, актриса Элизабет Тейлорду биринчи жолу көргөм. Ал мен үчүн ажайып сулуулуктун жана аялзаттын периштеси болгон эле.

Кийин эгемендик алган жылдары, 25 жашка чыгып калган кезимде “Клеопатра” 1963-жылы эле тартылганын жана актрисанын чыгармачылык мезгили эчак өтүп кеткенин билдим.

Ушу күндө жаштар арасында 1997-жылы тартылган “Титаник" тасмасын, анда баш каарманды ойногон Леонардо ди Каприо менен Кэйт Уинслетти укпаган, көрбөгөн, билбегендер жок болсо керек. Мындай көрүнүштү элестете да албайт чыгаар. Бирок ошол убакта бул реалдуу нерсе болгон. Ошол убактагы элдин дүйнө менен маалыматтык ажырымы канчалык экенинен бир мисал.

Союз кулагандан кийин ошол изоляциялык режим “темир көшөгө” деп аталды. “Темир көшөгө”, чет мамлекетке жарандардын эркин чыгуусуна бөгөт койгон чек ара. Бирок киши өтпөс чек арадан жаман, кыянаттуу нерсе – идеологиялык чек ара. Идеологиянын максаты - өлкөнү толугу менен сырткы маалыматтан ажыратып, демек маалыматтык боштукту жаратып, ПРОПАГАНДА менен толтуруу. Сырттан маалымат келбесе, анда кулдарды “биз дүйнөдөгү эӊ эркин өлкөбүз..., биздин жашоо баарынан сонун..., бир гана биздин жолубуз туура...” деп ишендирүү оӊой. Демек, маалыматтан толук ажыратуу, пропаганданын кудуретин күчөтүүчү өбөлгө.

Идеологиялык пропаганда аң-сезимге, айрыкча анализдик жана философиялык ойго кыйраткыч сокку урган. Бир гана “Маркс – Ленин философиясы“ туура деп, башка философия “коммунисттик идеалга” туура келбейт деген өкүм чыккан. Мындай өкүмдүн арты, философиялык ойдун өзүн жок кылуу. Чындыгында “Маркс – Ленин философиясы” жана “диалектикалык материализм” философиялык илимдин өзү эмес, ИДЕОЛОГИЯ. Философиялык илим, бийликтеги партиянын саясий идеологиясы менен алмаштырылган. Болуп көрбөгөндѳй көз боёмочулук жана алдамчылык! Маңкурттун башына кийгизилген “шири” дал ушу болуп жүрбөсүн?! Кыргыздын сөзү “сенек доор” деп таамай айткан. “Сенек” – акыл-эстин шал оорусу. Ошол доордон бир дагы философ чыкпаган себеби ушул.

Ал эми “темир көшөгөнүн” артында, болуп көрбөгөндѳй тездик менен өзгөрүп, өнүгүп бараткан социалдык коомдун аң-сезими менен кошо жарышып, байыркы догмадан бошонуп, жаңыланып бараткан замандын чакырыгына багыт алган, жаңы агым, “социалдык философия” жаралган жана дүркүрөп өнүккөн.

- Токто, токто, бир деме десе эле – жогор жактын кызыкчылыгы! – деп Узун Эдилбай сѳзүн бѳлдү. – Сен ушуну айтчы, анчейин түшүнбөй жатам. Демек, ар бирибиз жаныбызда транзистор сыяктуу радиокабылдама алып жүрүшүбүз экенбиз да, буйрукту угуш үчүн? Бирок мындай нерсе бардык жерде бар!

- Көр муну! Кеп ошондо болуп жатабы? Ал ерунда, баланын оюнчугу! Жанында эч ким, эч нерсе алып жүрбөйт. Мага демектен жылаңач жүр. Бир гана көрүнбөгөн толкундар – мындайча айтканда – биотоктор аң- сезимиңе ар дайым таасир берип турат. Андан кайда качып кутуласың? (романдан үзүндү)

Эмне үчүн бүгүнкү күндө, маалымат менен интернеттин заманында пропаганда жарандарга күчтүү таасир берип жатат? Пропаганда телерадио обону толугу менен ээлеп алды. Пропаганда саясий берүүлөрдө гана болбостон, көңүл ачуу, ток шоу, биржалык жаңылыктарда, аба ырайы маалыматында... Айтор үйдө, жумушта, машинеде, эртеңки, түшкү, кечки тамак менен кошо адамдын аң-сезими пропаганданын таасирине сугарылып жатат. Маалымат чөйрөсүндө фейк, жалган жаңылык, тарады. Эң жаман жери фейк, жалган экени билинип калган күндѳ дагы, соцтармакта кеңири тарап, өзүнүн бүлдүргүч ишин улантып жатат.

Тоталдык режим жок болмок тургай, жаӊы экономикалык формациядагы мутациялык мезгилден өтүп, демократиянын терисин жамынган МУТАНТ болуп чыга келди. Буга далил тоталдык пропаганда. Ал эми маалымат каражаттарынын замандаш технологиясы пропаганданын кудуретин күчөтүп койду.

Бирок эң негизгиси, 25 жылдан берки салыштырмалуу эркиндиктин мезгилинде, коомдун аң-сезиминде жаңыча ой жүгүртүү, алдыӊкы ойду издөө жана умтулуу жаралган эмес. Интеллигенция, алдыӊкы философиялык ойду өздөштүргөн жок. Социалдык коомдун аӊ-сезимин изилдеген аналитикалык илим пайда болгон жок. Айрыкча жаш муунга билим берүү системасы жана тарбия “сенек доордун” деңгээлинде калды. Окутуу реформасы болгон жок. Демек, коомдун түп-тамырына 70 жыл бою сиӊип кеткен тоталдык режимдин кулчулук идеологиясы өлгөн жок! Азыркы пропаганданын кудурети мына ушунда.

Химиялык реакциядагы эки элемент, донор – акцептор катышында болот. Эки элемент бирине бири донор – акцептор болбосо реакция жок. Айталык, маалымат – донор, коом – акцептор. Бирок, эгерде коомдо жаңы ойго умтулуу жок болсо (акцептор), алдыңкы эркин ой донор болуп бере албайт... Анда, пропаганда – донор, маӊкурт – акцептор.

- Атың ким?

- Маңкурт, - деп жооп берди.

- Ал сенин азыркы атың. Мурдагы атың эсиңдеби? Эстечи чыныгы атыңды...

Маңкурт унчукпады. Ал эстегенге аракет кылгандан, чекесине тер чыгып, көзүн туман каптап калганын, энеси көрдү. Бирок алдында өтө алгыс чек тургандай болду... Мына ошондо Найман Эне сурамжылап, көндүрүп, ишендирип, ѳзү ким экенин эсине салгысы келди.

- Сенин атың Жоламан. Угуп жатасыңбы? Сен Жоламансың. Атаңдын аты Дөнөнбай. Атаң эсиңде жокпу? Ал сени жаа тартканга үйрөтпөдү беле. Мен сенин энең болом. Сен менин уулумсуң. Сен найман элиненсиң, түшүндүңбү? Сен найман... (романдан үзүндү)

Кутманбек Кыдырмышев

XS
SM
MD
LG