Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Башкаруу кризиси: кулдун бий болгону курусун...


Талас шаары
Талас шаары

Жакында Талас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынара Назаралиеванын таламын талашып митингге чыккан 25 мектептин директору, жети бала бакчанын жетекчиси, билим берүү бөлүмүнүн эки кызматкери жумушунан алынды. Бул окуяда райондук жетекчинин өзүнө тийиштүү жагдайды башка ирет сөз кыларбыз, азыр кызмат баскычтарындагы иерархиялык баш ийүүчүлүк жана адеп маселесин талкуулайлы.

Би-Би-Сиден бир сабак

Белгилүү журналист Султан Жумагулов менен чогуу түштөнүп отурганда, батыштагы жетекчилердин кызматкерлерге мамилеси жөнүндө бир мисал айтып берген эле:

- Алар даражасы жогору деп чоңдорго бөйпөңдөбөйт, улуу-кичүү дебей бардык кызматкерлерге бирдей карайт. Аскар Акаев президент кезинде Лондонго барганда Би-Би-Синин баш деректирине жолуга кетейин деп бурулса, ал "графигимде бош убакыт жок" деп кабыл албай койгон. Бирок мен бул радиодо иштеп жүрүп баш кеңсеге киргенде, дал ушул сен экөөбүздөй эле бир столдо кофе ичип, сүйлөшкөнбүз. Эч бир өйдөсүнүүчүлүгү жок, жөнөкөй мамиле кылышат алар.

Кол алдындагылар, кол жоолук болбогула

Бизде да өз кадырын билген, кулчулук сезимден арыла алган мекендештерибиз бар.

Мындан он беш-жыйырма жылдай илгери бизде текст терип иштеген 16 жашар кыз татаалыраак маселеге туш келсе, дайыма менден кеңеш сурачу. Нурзада (аты ушундай) жумушуна кечикпей келип, адегенде отурган ордун иретке келтирип, гүлдөрдү сугарып, анан компьютерине отурчу. Кичи пейил, шайыр, айткан сөздү дароо түшүнгөн, иштин көзүн билген тың кыз эле. Мыкты иштеп, сырттан окуусун улантып, спорттук секциясын да таштабай, комуз чертип... – дегеле баарына жетишип жүрдү.

Кийин башка мекемеге которулду.

Бир күнү келди, жетекчим менен чырдашып калдым деп. Тааныштарынын ж.б. ар кандай тексттерин (реферат, баяндама ж.б.) кол алдындагыларга берип тердиртчү экен тиги деректир, Нурзада болсо бир-эки ирет чаканыраак ишин аткарып, кийин мындай ашыкча түйшүктөн такыр баш тартып коюптур.

- «Тил албай койгонуң үчүн жумуштан кетирем!» - деп кыйкырды эле, мыйзамда андай берене жок дедим. Бирок чын эле мыйзамда жокпу?

- Мен юрист эмесмин, бирок жанагыдай берене Эмгек кодексинде болушу мүмкүн эмес деп ойлойм.

Эртеси дагы келди. Деректир менен талашы тууралуу министрге даттануу жазыптыр. «Чындык үчүн күрөшүү керек, бирок бул көбүнчө кыйын. Жумушуңду так, таза иштеп, ачууга, ызага алдырбай, айкырык-кыйкырыкка тартылбай, бекем турсаң, жеңип чыгышың мүмкүн. Бирок жогорку инстанциялардан деле колдоо таппашың ыктымал. Жумуштан кетип, далай убарагерчилик тартып калышыңа кайыл болсоң, тобокел кылып көр. Болбосо жетекчилер менен эрегише бербе», - деп кеңеш бердим.

Министрдин орун басары даттанууну окуп, деректирди чакырып сураштыргандан кийин Нурзаданын дооматы жөндүү экендигине ынаныптыр да, кызматкерлерди конкурстук негизде тандап ал деп жетекчиге буюруптур.

Ошондо Нурзаданын алгачкы жеңишине атасындай кубанганмын. Кийин ар кайсы кызматтарда иштеди, азыр өзү жетекчи. Бул арада, балким, ал кыйла өзгөргөндүр, бирок кол алдындагыларга адамгерчиликтүү мамиле кылат деп ишенем.

Кесипкөй болсоң, жетекчиң сага баш ийет

Албетте, Нурзада үчүн ошондогу кадам оңойго турган жок. Мындайда жамааттагы кырдаал да кандай болору бештен белгилүү эмеспи. Тикелей каршылашууга альтернатива деп мен Орусияда окуп жүргөн кезде кураторубуздан уккан кеңешти да айткан элем.

Төртүнчү курска барганда ректор менен ар жылдык жолугушууда чатак чыккан. 1988-жыл, Горбачевдун кайра куруусу, айрыкча сөз эркиндиги, ачык-айкындык, демократия ураандары жаңырып турган кез. Биздин факультеттин орус жана улуттук деген эки бөлүмү бар эле, улуттугунда Тажикстандан барган студенттер окучубуз. Ошол жыйындын төрүндө отурган кафедра башчы айтып калды, силердин бөлүмдүн макамын көтөрүп, өзүнчө улуттук факультет ачалы деп. "Улуттук өз алдынча жол тандоо укугу" деген дүңгүрөк ураанга чейин айтты. Бирок факультеттин окуу программасынын мазмуну, окуу планы эч өзгөрбөстүгүн тактап сурагандан кийин, булардын көздөгөнү эле эптеп декан, анын орун басары ж.б. кызмат орундарын ачтыруу болгондугун түшүндүк. Факультетти бөлбөгүлө, андан көрө эки бөлүмдүн студенттерин чогуу окуткула дедик. Тигилер алдын ала даярдаган бешинчи курстун дүжүр балдары унчуга албай калды.

Ошентип, жыл аягына чейин далай ирет чогулуш өткөрүштү, кызыл чеке болуп көп талаштык. Пединституттун ички гезити менен эле чектелбей, Москвага, «Учительская газетага» да жаздык. Акыры биздин позиция туура деп табылды...

Диплом алгандан кийин жолго билет алыш үчүн шаарга чыкканда, кураторубуз кезигип, үйүнө чакырды.

"Бир жыл бою акыйкат, чындык деп чырылдап жүрдүң, мейли, муну да баштан өткөрсүн деп тыйган жокмун. Азыр өзгөчө учур, силерге, жаштарга ыңгайлуу болду да, жеңип чыктыңар. Бирок дайым эле мындай боло бербейт, сен таламын талашкан көпчүлүк кайра өзүңдү каралап салган жагдайлар болот. Айрыкча силер тарапта ушундай, бул сөзүмө таарынба. Көбүнчө чындыкты гезитке жазышып, соттошуп, инстанцияларга арыз жазып жүрүп далилдеш мүмкүн эмес. Андан көрө ар бир тоскоолдукка же куугунтукка кабылган сайын мурдагыдан да мыкты иштеп, кесипкөйлүгүңдү арттыра беришиң керек. Ошондо сен начальникке эмес, ал сага көз каранды болот, анткени сенин тың иштегениңе кызыгып чакырып турган башка мекемелердин бирине кетип калышыңды каалабайт", - деди Владимир Петрович чай ичип отурганда.

Өзү да окуусун бүтүп бир кыштактагы мектепке жолдомо менен барып иштегенде кандай адилетсиздикке кабылгандыгын, бирок дал ошол окуя ал үчүн эң баалуу сабак болгондугун айтты.

"Жамааттагылардын көпчүлүгү ишке кайдыгер, убакытты ушак, калжың ж.б. нерселерге коротконго көнүп алган немелер эле. Менин так иштегенимди жактырбай, жабыла жамандап, жалаа жаап, акыры мектептен кеткенге аргасыз кылышты. Көпкө чейин катуу чүнчүп, чөгүп жүрдүм. Акыры башка мектепке барып такыр башкача иштөөнү чечтим. Кийинки окуу жылдын башталышына чейин усулдук, теориялык жактан кошумча даярданып, жаңы мектепте мурдагыдан жакшы иштегенге аракеттендим. Сабакты дайыма кызыктуу, мазмундуу кылып өтчүмүн. Окуучулар бир да сабактан калбай, мен окуткан адабият менен тилге дилгир болуп калышты. Адабий кечелерди, курч талкууларды уюштуруп, программага кирбей калган далай сонун чыгармаларды талдадык. Бул жерде деле кесиптештерден эч ким мени жактабады, колдободу, бирок анча-мынча тийишкендерге көңүл бурбай койгонумдан кийин жамаат куугунтуктаган да жок.

Кышында биздин мектепке райондук билим берүү бөлүмүнөн бир методист келип, беш-алты мугалимдин сабагына катышып кеткен эле. Бир күнү деректир мени кабинетине чакырды. «Сизге кандай жардам керек? Колубуздан келишинче сиз үчүн бардык шартты түзүп берели, кааласаңыз сабактарыңызды көбөйтөлү, жүгүртмөнү сизге ылайыктап өзгөртөлү», - дейт. Мурда ооз учунан гана саламдашып же башын ийкемиш болуп коёр эле. Көрсө, баягы методист деректирлерди чакырып алып, кайсы мектепте кайсы мугалим жакшы, кайсылары начар иштерин айтып, менин сабагымды абдан мактаптыр. Ошол жерден башка деректирлер да кызыгып сураптыр, бизге да ушундай чыгармачыл педагог керек деп".

Чыныгы педагогдор намыскөй

Акаевдин тушунда эгемен Кыргызстандын мугалимдеринин биринчи съезди болгон. Жыйындын экинчи бөлүгүндө аймактардан келген делегаттар бир нече топко бөлүнүп, Бишкектин ар кайсы алдыңкы мектептерине тарашты. Мен кошулган топ № 67 мектепке барды. Деректир Светлана Керимкулованы ээрчип, бир нече мугалимдин сабагына баш бактык. Коридордо баратканда пол жууган кемпирге деректир сыпайы кайрылып, өтүүгө уруксат сурады. Мугалимдер баары өздөрүн эркин кармап, тажрыйбалары жөнүндө эң кызыктуу чыгарманы баяндагандай айтып берип жатышты. Бул жерде жетекчи менен катардагы кызматкерлердин мамилеси өз ара терең сый-урматка негизделгендигине делегаттар толук ынанышты. Ошондо бир эжей өтө толкунданып, мындай деген эле:

"Бул мектептеги адамгерчиликтүү, иштиктүү маанай мага ушунчалык жакты, ажайып бир майрамга аралашкандай болуп турам! Көчүп келгенге мүмкүнчүлүгүм болсо, мен деректирлик кызматымды өткөрүп берип, ушул мектепте пол жуугуч же кароол болуп иштегенге да макул болор элем!".

Башчыбы же кулбу?

Утурумдук жумуш табылып калабы деп Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында, кийинчерээк Лев Толстой көчөсүндө тургандардын ордун «кул базар» дегендерге каяша айттым эле. Алар кантсе да маңдай тери менен акча табат, кулдардай бекер иштебейт. Чыныгы кулдар – эң жийиркеничтүү абалга кайыл болуп эт менен челдин арасында мителик кылган «чоңдор». Анткени алар кызмат ордуна жетиш, жеткенден кийин аны сактап калыш үчүн өзүнөн жогору тургандарга, жумшарта айтканда, кол аарчыдай кызмат кылат. «Кожоюндун» буюрганын эч ойлонбой аткарат, тигинин каалаганындай «ОБОН» созот, «музыкасына» бийлейт: бирөөнү макта, жакта десе, желмогуз болсо да жактап «митингге» чыгат, карала десе, кимге болсо да жалаа жабат.

Баарынан да кызыгы, «кожоюн» кызматтан түшүп калганда кечээги кошаматчылар биринчи болуп аны «сындай» баштайт…

Соңку сөз ордуна: мамлекетибиз бекем болсун десек…

Кийинки убакта Кыргызстандын келечегине шек санаган, учурдагы мамлекеттүүлүк абалын сындаган пикирлер көп айтыла баштады. Балким, булардын арасында биздин «болбой калышыбызды» каалаган, ошол каалаган нерсесин чындыктай көрсөтүүгө умтулган жактар бар чыгар. Бирок баары андай эмес да.

Кадр саясатында иш билбеген «ляппай таксыр» кошаматчылар үстөмдүк кыла берсе, кемчиликти айткан кишини душман көргөн өнөкөт жоюлбаса, анда шорубуз куруй тургандыгы анык…

Принциптен алып караганда, Эмгек кодексин бузгандыгы үчүн деректирлерди кызматтан кетирген прокуратуранын кадамын колдоо гана керек. Бирок көзөмөл органы «А» дегенден кийин «Б» дей алабы?..

Башкача айтканда, эмгек тартибин башка мекемелерде иштегендерден да бекем талап кыла алабы? Жогорку Кеңештин майрамдап-сайрандап, жыйынга теңинен көбү катышпай, бирөө беш-алтысынын ордунан «добуш берип» көз көрүнөө эле алдамчылык кылган депутаттарынан баштап бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдардын так, таза иштешин талап кыла алабы?

Же кептин баары митингдеби?

Эскертүү: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG