Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 09:29

Индонезиядагы зилзала


Индонезиядагы зилзала
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Индонезиянын Ломбок аралында 5-августта болгон катуу жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 140тан ашты. "Reuters" агенттиги билдиргендей, набыт болгондордун арасында чет элдиктер жок.

Күчү жети баллга жеткен зилзаладан эки жүздөн ашуун киши жабыркап, имараттар кыйрады. Матарам шаары ири зыян тартып, электр энергиясы үзүлдү. Куткаруу-тазалоо иштери уланууда, бирок алардын колу айрым жерлерге жете элек.

Ломбок - туристтер көп барган жер. АКШнын Геология кызматы билдиргендей, силкинүүнүн очогу аралдын түндүк жээктеринен 10 чакырым тереңдикте болгон. Анын күчү Бали аралында да сезилген.

Бир жума мурда да Ломбок аралында жер титирөөдөн 16дан ашык кишинин өмүрү кыйылган. (Видео орус тилинде)
XS
SM
MD
LG