Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 20-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 23:26

Өкмөт бажыны рентген менен көзөмөлдөйт


«Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде ишке кирген инспектордук-кароо комплексининин рентгени автоунааны текшерүүдө.

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрмө жайында инспектордук-кароо комплекси ишке кирди. Коррупциянын алдын алат деген мындай комплекс “Торугарт” бекетинде да жумушун баштаганы турат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) киргенден кийин аталган системаны орнотууга милдеттенме алган. Бирок ар кандай себептерден улам ал иш кечеңдеп, өнөктөш мамлекеттердин сынына кабылып келген.

Жаңы комплекстин сыры

Ош облусундагы «Эркечтам» көзөмөл-өткөрмө бекетинде ишке берилген инспектордук-кароо комплексин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү барып презентация кылды.

Орусия Федерациясынын Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Андрей Струков катышкан ачылышта кыргыз премьери бул система ЕАЭБдин бирдиктүү чек арасындагы коррупциянын алдын аларын айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев “Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплексинин ачылышында.
Мухаммедкалый Абылгазиев “Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплексинин ачылышында.

- Коррупциялык тобокелчилик жогору болгон орган катары, көбүнесе товарларды каттоонун тиешелүү тутумунун жана ачыктык механизминин жоктугуна байланыштуу бажы кызматынын баркы калыптанып калган. Бүгүн биз борборлоштурулуп, автоматташтырылган көзөмөлдөө системасы коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн режиминдеги бардык процедуралардын ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кыларын көрдүк. Бул өзгөчө бажылык тариздөө убагында укуктары көп учурда корголбой калган ишкерлер үчүн маанилүү. Модернизациялоо товарларды декларациялоонун анык эместигине, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгүнө, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт Кыргызстандын чек арасындагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайдын ичинен 12си модернизация болгонун, алардын алтоо кеп болуп жаткан стационардык инспектордук-кароо комплекси менен жабдылганын билдирүүдө. Анын ичинен кыргыз-кытай чек арасындагы экинчи “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекети ноябрь айы аяктагыча ишке берилери айтылды. Калгандарынын мөөнөтү белгисиз.

“Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплекси.
“Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплекси.

Мамлекеттик бажы кызматы бул система чек арадагы өткөрүүнү жеңилдетерин, натыйжада кезек да кыскара турганын кабарлоодо. Тагыраагы аталган комплекс бир жүк ташуучу автоунааны 199 секундада текшере алат экен.

Мамлекеттик бажы кызматынын бажы көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Салиев буларга токтолду.

- Кээ бир машинелерге физикалык түрдө, башкача айтканда ачып, жүктү түшүрүп кароо жүргүзүп келгенбиз. Азыркы күндө өтүп жаткан автоунаалардын ичиндеги жүктөр инспектордук-кароо комплексинин рентгенинен көрүнүп турат. Ошол жабдуунун экранынан көрүнүп турган сүрөт аркылуу товарлар коштоочу документтерге дал келүүсүн аныктай алабыз.

Бажы жана чек ара кызматкерлери. “Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплексинин ачылышында.
Бажы жана чек ара кызматкерлери. “Эркечтам” бекетиндеги инспектордук-кароо комплексинин ачылышында.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине кирген учурда эле чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларын заманбап жабдуу менен камсыздап, инспектордук-кароо комплексин киргизүүгө милдеттенме алган. Бул өлкөнүн биримдикке интеграцияланышын караган «Жол картасында» да белгиленген жана ал үчүн Орусия жардам бермек болгон.

Өкмөт кабарлагандай, Москва бул максат үчүн 127 млн. доллар бөлүп берген. Системанын ачылышына орус бажы кызматкери катышып жатканы да ошондон.

Коррупция азаябы?

Бирок Бишкек уюмга кошулганына толук төрт жылдан ашты жана келтирилген комплексти ишке киргизүү ушунча убакытка кечеңдеп келди. Мунун айынан уюмдагы өнөктөш мамлекеттердин сын да айткан учурлар болду. Орусия, өзгөчө Казакстан ачык эле Кыргызстандын чек арасындагы “жыртыктар” үчүн күнөөлөп жүргөн.

Быйыл жайда Казакстандын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча мамлекеттик комитет атайын билдирүү таратып, кыргыз-казак чек арасындагы ири мыйзам бузуулар үчүн Бишкекти айыптаган. Мунун себеби катары коңшу өлкө кеп болуп жаткан кароо комплекстеринин жоктугун атаган.

“Казакстанга өздөрүнүн өнүмдөрүн жеткирүү үчүн аткезчилер түрдүү схемаларды ойлоп табышууда. Анын бир жолу Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына Кыргызстан аркылуу кирүү. Бул жерде заманбап техника жана инспекциялык-кароо комплекстери менен жабдылбаган өткөрмө пункттары көмүскө импортко жылчык берип жатат. Берилген документтерде көрсөтүлбөгөн товарды Кыргызстан аркылуу жашыруун ташылууда. Товарлар жок адамдарга жөнөтүлгөн учурлар да катталды. Кыргызстан тараптан келген жүктөрдү анализдөөдөн кийин, ушул жылдын 1-кварталында жок адамдарга товар жөнөтүү боюнча 1800 факты аныкталды. Бул фактылардан каржылык жоготуу 1 млрд. теңге деп бааланууда”, - деп айтылган казак тарап тараткан видео билдирүүдө.

Инспектордук-кароо комплексинин жабдуулары.
Инспектордук-кароо комплексинин жабдуулары.

Жогоруда инспектордук-кароо комплекси киргизилип жатат делген алты өткөрмө бекеттин экөө кыргыз-кытай чек арасында экенин биле алдык. Бирок калган төртөө кайсы мамлекеттер менен кесилиште экени такталган жок.

Бирок башка маселе, система орнотулбаган көзөмөл-өткөрмө бекеттери кантет? Анткени кыргыз-казак чек арасында эле иштеп жаткан сегиз өткөрмө жайы бар, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында да бир нече пункттар бар. Ушундан улам да бажыдагы аткезчиликтин жана коррупциянын кыскарышына ишенгендер аз.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайына барган учуру. 4-ноябрь, 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайына барган учуру. 4-ноябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов эгер инспектордук-кароо комплексинин жабдууларын ЕАЭБдеги башка мамлекеттердин бажы кызматкерлери да онлайн режимде карап турса, анда мыйзам бузуу кыскарышы мүмкүн дейт. Бирок ал мындан да жол тапкандар чыгарын эскертүүдө.

Мурадыл Мадеминов
Мурадыл Мадеминов

- Мисалы, “Райымдын схемалары” жана өзбекстандык "Абу-Сахий" фирмасы жөнүндө сөз кылсак. Тагыраагы чоң калкы бар Өзбекстанга киргизилип жаткан товарлар дейли. Кытайдан чыгып жаткан товарлар Өзбекстанга транзиттик товар деп кирет дагы, Оштогу же Кара-Суудагы жасалма (липовый) терминалдарга жүктү түшүрүп калышат. Жүк ташуучу автоунаалар ичи бош абалда Өзбекстанга кирип чыгып коет. Башкача айтканда, биздин бажынын, чек аранын “кирди-чыкты” деген мөөрлөрүн бастырып чыгышат. Ошентип товарлар бизге эч кандай бажы төлөмүсүз эле келип калат. Казакстанга, Орусияга транзит кетет деген товарларды да ушундай жол менен өлкөгө алып киришкенин билебиз. Мына ушул схема иштей бериши мүмкүн. Документтерди транзит деп жасашып, кыргыз-кытай чек арасынан инспектордук-кароо рентгенинен эч кандай көйгөйсүз өткөрүп, бирок товарды Кыргызстанда алып кала бериши ыктымал. Ошол жерде акчаны бөлүшүп жата беришет. Балээнин баары мына ушунда.

Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Эл өкүлү “Райымдын схемалары” деп Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө кеп кылып жатат. Матраимовду буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана башкалар да бажыдагы аткезчилик үчүн айыптаган, ал өзү муну төгүнгө чыгарган.

Арийне кыргыз-кытай соода-жүгүртүүсүндөгү көрсөткүчтөрүнүн айырмасы коомчулукта сын жараткан.

Маселен, Орусиядагы көз карандысыз Евразия аналитикалык клубу Кытай менен соода-сатыкта Кыргызстандын көмүскө жүгүртүүсү көптүгүн белгилеп келет. Аталган уюмдун былтыр күзүндөгү баяндамасында соңку 20 жылдагы кыргыз-кытай соодасындагы расмий көрсөткүчтөрдүн айырмасы 50 млрд. долларды түзгөнү белгиленген.

Бул аралыкта Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Кытайдан жалпы суммасы 11,64 млрд. долларлык товар келгенин белгилесе, Кытай Кыргызстанга 61, 667 млрд. долларлык товар жөнөткөнүн көрсөткөнү айтылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (14)

XS
SM
MD
LG