Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Көмүр тендериндеги көмүскө чатак


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр сатып алуудагы тендерге байланыштуу кайрадан чыр чыкты.

Тендерден утулган казакстандык “Евротранс групп” компаниясы Кыргызстанда катталып, Казакстандан көп жылдан бери көмүр ташуу тендерин утуп келген “Рассвет компани” фирмасына каршы Мамлекеттик сатып алуу департаментине доо арыз менен кайрылды. Анда аталган компания көмүрдү 70 миллион сомго арзан баада сунуш кылганына карабастан “Рассвет компанинин” пайдасына чечим чыкканы үчүн даттанган.

Бул чечимге каршы чыккан тендердик комиссиянын жалгыз мүчөсү “Рассвет компани” фирмасынын артында көмүр ташып келүүнү көптөн бери ээлеп алган олигархтар турарын айтып, мындан төрт жыл мурунку тендер чырына да аларга караштуу "Прогресс компани" деген фирма аралашканын мисал келтирди.

Кымбат баа колдоо тапкан тендер жыйынтыгы

"Электр станциялары" ачык акционердик коому Бишкек Жылуулук электр борборуна 400 миң тонна көмүр сатып алуу үчүн тендер жарыялаган. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен бир миллиард 440 миң сом сом каралган болчу. Тендерге жыл сайын көмүр ташуу укугун утуп келген “Рассвет компани” фирмасы жана казакстандык “Евротранс групп” компаниясы катышкан.

"Рассвет компани" 400 миң тонна көмүрдү 1 миллиард 420 миллион сомго алып келүүнү сунуштаган. “Евротранс групп” компаниясы болсо 1 миллиард 350 миллион сомго макул болуп, атаандашына караганда 70 миллион сомго арзан бааны сунуштаган. Бирок тендердик комиссия бааны андан кымбат сунуштаган мурдагы эле “Рассвет компани” фирмасын тандаган.

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

Тендердик комиссиянын мүчөсү Расул Умбеталиев бул чечимге жалгыз каршы чыгып, кайрадан эле "Рассвет компаниге" артыкчылык берилгенин айтып, ага азыр кимдин кызыкчылыгы бар деген маселени койду:

- Ортомчу компания ташып келген көмүрдүн ар бир тоннасын 52 доллардан сатканда тоннасынан 16-18 доллардан пайда көрүп жатпайбы. Ал эми 2014-2015-жылдары ар бир тонна көмүр 56 доллардан бааланган. Анда айырмачылык 20 доллардан болгон. Анткени негизи жөнөкөй эсеп боюнча ортомчулук болбосо, көмүрдүн Кыргызстанга келиши 34-36 доллардан айланмак. "Рассвет компани" буга окшогон тендерлерден улам жыл сайын 600 миллион сомдон 1 миллиард 200 миллион сомго чейин зыян келтирип жатпайбы. Ортодогу көмүрдүн тоннасына кошумча кошулган 18-20 долларды тигил олигархтар менен биздин мамлекеттик кызматкерлер бөлүшүп коюп жатат. "Рассвет компани" мурдагы президент жана анын жакын чөйрөсү менен байланышта болгон. Ал жерде Сапар Исаков, Айбек Калиев бар. Бирок алар азыр түрмөдө отурушат. Азыр ушул схемаларга кимдер отуруп, уурдап-тоноолорду кимдер улантып жатышат?

Компаниялардын артында кимдер турат?

“Рассвет компани” фирмасы 2015-жылы Кыргызстанда кайра каттоодон өткөн. Ага чейин бул компания Казакстандын Шабыркөл кенинен көмүр ташыган башка бир "Прогресс компани" сыяктуу эле Кыргызстандагы тендерлерге катышып келген.

Кыргызстанда жыл сайын көмүр тендерин утуп келген “Прогресс компаниге” 2014-жылы “Жезказган энергосбыт” компаниясы атаандаш болуп, андан арзан бааны сунуштап, тендерден утуп чыккан. Бирок ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев тендердин жыйынтыгын сотко берип, тендерден утуп чыккан компаниянын өкүлү Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр

Атамбаев менен Салянованы тирештирген көмүр

Президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына Аида Салянованын жообу көпкө күттүргөн жок.

Ал көмүр чыры ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова менен ошондогу президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесин бузган. Аида Салянова тендердин жыйынтыгын “Прогресс компанинин” пайдасына чыгарууга "Атамбаевдин кызыкчылыгы болгон" деп айыптаган. Кийин анын күйөөсүнө "көмүр тендерине аралашкан" деген негиз менен кылмыш иши козголгон болчу.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов "Атамбаевдин 11 досу" деген материалында “Рассвет компани” фирмасынын артында кимдер турганын иликтеп чыккан:

- Жаныбек Абиров 31-мартта курултайда Атамбаевдин жанында отурган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын атасы Болот Абировдун атына "Рассвет компани" фирмасы катталган. Бул компания жыл сайын 50 миллион долларга чейин бааланган көмүрдү Казакстандан ташып келип турат. Бул фирмалар казакстандык миллиардер Алижан Ибрагимовго, айтылуу "Графга" тиешелүү экени маалым.

Бирок Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты Жаныбек Абиров Юстиция министрлигинин каттоосунда “Рассвет компани” фирмасы катталган Болот Абиров анын атасы эмес экенин айтып, депутаттын үй-бүлөсүнүн бул компанияга тиешеси бар деген маалыматты жокко чыгарды.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абиров кайрымдуулук жана коомдук иштер менен алектенерин айтып, бирок анын каржы булагын атаган жок:

- Менин айтылган компанияларга эч кандай тиешем жок. "Рассвет компани" дегенди билбейм. Ал фирма катталган адам менин атам эмес. Ошентип эле жазып коюшуптур. Туура эмес жазылган. Ал бизге окшош фамилиядагы адам. Андан көрө силер менин депутаттык ишмердигимди сурасаңар, анда мен так жооп берем. Мен бул жакка кайсы максат менен келдим? Мен кайрымдуулук жана коомдук иштер менен алектенем. Балдарды окутуп жатабыз. Өзүмдүн шайлоо округумда көп иштерди жеке өзүмдүн эсебимден жасап келе жатам. Силер ошол жактарды сурасаңар. Ар кандай ушактарды сурагандарга эч түшүнбөйм.

"Аттары башка, түбү бир"

Энергетика боюнча эксперт, буга чейин да көмүр сатып алуу боюнча тендерлердин комиссия мүчөсү болуп келген Расул Умбеталиев Шабыркөл көмүр кени Машкевич, Патохов жана Ибрагимов сыяктуу олигархтар түптөгөн Казакстандагы эң ири ENRC корпорациясынын курамына кирерин белгиледи.

Расул Умбеталиев көмүр ташыган фирмалардын аттары өзгөртүлгөнү менен алардын кожоюндарынын түбү бир экенин билдирди:

- "Прогресс компани" деген компаниясын төрт жыл иштетип, анан "текшеришпесин" деп жаап салышкан. Анын ордуна азыр "Рассвет компани" деп атын өзгөртүп койгон. Анын негиздөөчүсү катары Болот Абиров "Прогресс компаниде" дагы болгон. Азыр анын ысымы "Рассвет компаниде" дагы негиздөөчү катары көрсөтүлүп турат. Бул ортомчу компания жыл сайын тендерден утуп алып, Казакстандагы Шабыркөл кенинен көмүр ташып келип жатат. Анын ээлери Александр Машкевич, Алижан Ибрагимов жана Патох Шодиев деген Казакстандын олигархтары. "Рассвет компани" мурдагы президент менен түздөн түз байланышта болгон.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасынын өкүлү Анара Жумагулова тендердик комиссия көмүрдүн баасын кымбат сунуштаган фирманы тандаган себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, тендердик комиссия төмөн баа сунуш кылган “Евротранс групп” фирмасынын көмүрүнүн калориясы аз экени тууралуу жүйөнү келтирген.

Анара Жумагулова эгерде ал арзан баадагы көмүр алынса, кайра кошумча 48 миң тоннага чейин көмүрдү сатып алууга туура келери жана 25 млн. куб газ кошумча жагыларын белгиледи. Мына ошондо жарым миллиард сомдон ашуун чыгаша көп болуп чыгарын айткан Анара Жумагулова тендердик комиссия буга чейин көмүр ташып келген "Рассвет компани" фирмасын тандоого токтолгонун кошумчалады.

Бишкек ЖЭБ кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектесе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG