Линктер

ишемби, 23-март, 2019 Бишкек убактысы 01:11

«Мекеним кыйналса, мен кыйналам...»


Майрамкан Абылкасымова.

Кыргызстандын Эл акыны, СССР доорунда Бүткүл союздук Ленин комсомолунун сыйлыгын алган атактуу акын Майрамкан Абылкасымованын жашы азыр сексенден ашып, кадырлуу карылыктын доорун сүрүп жаткан кези.

Акын акыркы жылдары оорунун айынан төшөк тартып калганы менен жүрөгү дагы эле ыр эңсеп, бир кезде жан дүйнөсүн жарып чыккан ырлары жаш муундун жүрөгүнө жетсе деген тилекте.

Кыргыз поэзиясында эркин ыр формасындагы ритмикалык жаңы өлчөмдөгү ырлары менен өз алдынча из салган Майрамкан Абылкасымова «Азаттыкка» жашоо, чыгармачылык жана махабат жаатында ойлорун айтып берди.

«Азаттык»: - Сиздин ырларыңызды биз бала кезде жаттап, айрыкча пионердик, комсомолдук иш-чараларда декломация кылып айтчу элек. Анткени, сиз совет доорунда элди, жерди, мекенди сүйүү ырларын көп жазчу элеңиз. Азыр кандай ырларды жазып жатасыз? Деги ыр жазууга чамаңыз жетип атабы?

Абылкасымова: - Азыр чамам жетпей жатат, бирок көп ойлор бар. Мен өзүм мекенчилмин да. Комсомолдун 40 жылдыгы беле, ошого карата Тешкен-Тоону бүтүргөнгө комсомолдор жан үрөп катышкан. Ал азыркы Токтогул ГЭСи үчүн курулган аябагандай чоң курулуш болгон. Ошондой чоң курулушту жүргүзүүгө жаштарды акын катары үгүттөп, эл арасында жүргөнүмдү эске алып, өкмөт мага Бүткүл союздук Ленин комсомолунун сыйлыгын берди. Менин жолдошум комсомолдордун чоң жетекчиси болчу. Аны менен кошо жүрдүм да.

Ошол сыйлыкты алганда Кремлде сүйлөгөм (сүрөтүн көрсөтүп). Мен өзүм сындуу акын-жазуучуларды тамашалап «мен силерге караганда чоңмун, жергиликтүү сыйлыктарды алган жокмун, дүйнөлүк сыйлык алдым» деп калчумун. Ал сыйлыкты Олжас экөөбүз эле алдык. Олжас ар кандай коомдук жигердүү иштери үчүн татыктуу болду.

«Азаттык»: - Эже, ошол кездеги мекенчилдик ырларыңыз ал кезде Советтер Союзун башкарып турган Коммунисттик партиянын идеологиясына төп келчү. Ал ырларды өз оюңүз, сезимиңиз менен жазчу белеңиз же бирөөлөр сизге көрсөтмө берчү беле?

Абылкасымова: - Жок, жүрөгүм менен жазчумун. Өзүм кыялкечмин да. Анан менин жети атам баатыр болгон. Мисалы, Атаке баатыр менин чоң атам болот, ал эл үчүн, мекен үчүн иштеген адам болгон.

Майрамкан Абылкасымова.
Майрамкан Абылкасымова.

«Азаттык»: - Сиздин ырларыңыз 1952-жылдан баштап жарыялана баштаган экен. Ал кезде кыргыз кыздарынын арасынан акын болуу өзгөчө көрүнүш болгон. Сиз кантип эл арасынан суурулуп чыгып акын болуп калдыңыз?

Абылкасымова: - Мен өзүм чоң атамдын колунда чоңойгом. Атамдар Кызыл-Суу деген тоонун этегиндеги суунун башында, сонун жерде турчу эле. Атам өзү «элдин башы болгончо суунун башы болгон жакшы» деп койчу. Карылар дайыма кечкисин атамдын үйүнө чогулуп келип, мурда эл кандай кордук көргөнү, Үркүнгө барып кырылганы, азып-тозгону, элдин арасынан чыккан эрлер элин кантип куткарганы жөнүндө жомок кылып айтышаар эле. Анын баары мага кызык болчу. Өзүм тезек жагып, этти бышырып отурганым менен кулагым сөздө болуп, айтылгандардын бардыгын кунт коюп угам. Элдин эрдиги, эл-жери үчүн жанын берүүгө даяр мекенчилдер мени абдан шыктандырчу. Аларды уккан мен «мекенимди мен жүрөгүм менен коргойм» деп шыктанчумун.

«Азаттык»: - Эже, анан алгачкы ырыңыз кандай сезим менен жаралды эле? Кандай көрүнүштөргө, окуяларга арнап чыгарган ырларыңыз көбүрөөк болду?

Абылкасымова: - Мекен жөнүндө да, сүйүү жөнүндө да көп болду.

«Азаттык»: - Сүйүү ырларын Сагын агайга арнадыңыз беле же прототиби башкабы?

Абылкасымова: - Жок. Мен сүйгөндөрдүн баары жанымда болбой калды. Мен бүт дүйнөнү кыдырып, СССРдеги атактуу, таланттуу адамдар менен жүрчүмүн. Баарыбыз комсомолду, элибизди, мекенибизди даңктап чыгарма жазчубуз.

«Азаттык»: - Сиз жети атаңыз баатыр болгонунан улам, Атаке баатыр чон атаңыз болгондугунан улам ушундай акындык өнөрдүн ээси болдум деп ойлойсузбу?

Абылкасымова: - Ошондон болду го. Мени чоң атам тарбиялады. Өзүмдүн атам мектепте мугалим болчу. Аны деле эч ким алдейлеп чоң кылып койгон эмес. Алар мекенин коргоо үчүн жанын кыйганга даяр эле. Менин кыз экенимди ойлобой эле мекенди коргоону айта беришчү. Ошондон го, бала чагымдан эле мекеним деп чоңойдум. «Мекеним кыйналса мен кыйналам, мекенимдин шору катса өзүмдү кудайчыдай cезем» дечүмүн. Жакшы окучумун, уюштуруучу болчумун. Мен ырды 3-класстан тартып жаза баштадым, дароо гезитке чыккан. Ошондо эле «мекенимди сүйүшүм керек, аны макташым керек» деген сезим болгон.

«Азаттык»: - Сүйүү ырларыңыз да өзгөчө ритмге, кооздукка ээ. Ошондой ырларды эргип жазууга кандай сезим түрткү болду?

Абылкасымова: - Өзүмдүн деле деңгээлим жогору эле. Анан ошол кездеги жигиттер кучак каттарды жазышты. Ошолордун сүйүүсү мени сулуу кылды да.

«Азаттык»: - Ал каттарды кимдер жазды эле?

Абылкасымова: Момуну сүйүп өлдүм да…

«Азаттык»: - Распутинди сүйдүңүзбү?

Абылкасымова: - Мен аны сүйдүм, ал мени өлгөндөй сүйдү.

«Азаттык»: - Мамилеңер кандай болду анан?

Абылкасымова: - Жолугушуп жүрдүк, экөөбүз тең Москвада уюмдун мүчөсү элек. Экөөбүз бирге отурчубуз. Көргөндө эле сүйүшүп калдык.

Майрамкан Абылкасымова тууралуу китеп.
Майрамкан Абылкасымова тууралуу китеп.

«Азаттык»: - Ал кезде сиз үй-бүлөлүү белеңиз? Сагын агайдын мамилеси кандай болду, билген жокпу?

Абылкасымова: - Үй-бүлөлүү болчумун. Билген жок. Ал комсомолдун, анан Ички иштер министрлигинин чоңу болуп, күнү-түнү менен иштеп жүрчү. Мен бир өлкөгө кетип баратсам, ал дагы бир жактан келе жаткан болот. Экөөбүз ошентип жашадык.

«Азаттык»: - Кийин ал сезимдин тагдыры кандай болду?

Абылкасымова: - Кийин ал «Ысык-Көлдү көрөм» дегенде жолдошума ачык эле «Москвадагы досторум «көлдү көргөнү келебиз» деп атышат» деп айттым.

«Азаттык»: - Анан Распутин Ысык-Көлгө келдиби?

Абылкасымова: - Менин жолдошум комсомолдун чоңу, Ысык-Көлдөн шайланган депутат эле. Ал келгенде сонун бир аралга боз үй тиктирип, керебет коюп, бир машинени ташыганга деп берип коюптур. Ысык-Көлдөгү башкармалардын баары күндө келип сыйлашты.

«Азаттык»: - Анан Распутин сизге бир чыгармасын арнадыбы?

Абылкасымова: - Анын азыр деле үйдө бир кучак каты жатат. Биринчи көргөндө эле көзү түштү. Тимеле жармашып, бир отуруп алабыз. Аны көрүп Олжас: «Карасаңар, экөө бир отуруп алыптыр» деп күлүп калчу.

«Азаттык»: - Распутинге ыр арнап жатканыңызды жолдошуңуз байкаган жокпу?

Абылкасымова: - Байкаган жок. Распутин деп атын айткан жокмун да. Бирок, ал каза болгондо аябай жаман болдум. Аны баары эле билишчү. Үйдө отурсам Акбар Рыскулов «Эже, үйдөсүзбү?» деп телефон чалды. «Ооба, үйдөмүн десем, ал «Экөөбүз бир жакшы ресторанга баралы» деди. Барсам ал «Эже, жездем өлүп калды эми сизге көңүл айтайын» дейт. «Ооба, ал өлүп мен каңгырап турам» десем, «Эже, эми сиздин окурмандарыңыз көп да» деп мени жоошутту.

«Азаттык»: Эже, сиздин

«Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,

Энелердин элечегин тарта албай.

Ошол элдин уулуна кой айыпты» деген ырыңыз мага абдан жагат. Мындай ырды эмне себептен жаздыңыз эле?

Абылкасымова: - Бул эне менен аялга катаал мамиле жасап, сабаган, энесинин көз жашын агызган эркектерге арналган.

«Азаттык»: - Сиз Сагын агайдан андай мамиле көргөн жоксузбу?

Абылкасымова: - Жок. Менин жолдошум тоголок жетим болуп, өтө оор турмушту башынан өткөргөн. Көп балалуу алыс тууганынын малын багып, короосун шыпырып, жылаңайлак жүрүп, тезектин жарыгына китеп окучу экен. Ага карабай окууну жалаң бешке бүткөн.

«Азаттык»: - Сагын агай орус элинин «Игордун конушу» деген эпикалык чыгармасын, Агата Кристинин жана башка авторлорун чыгармаларын кыргыз тилине которуп, орус жана башка элдердин адабиятын кыргыз дүйнөсүнө тааныткан адам болгон. Анын ошол СССР учурунда чыккан китептери азыр эмне үчүн кайра басылып чыкпай жатат деген ойдосуз?

Абылкасымова: - Азыр идеология жоголду.

«Азаттык»: - Сагын агайдын колдоосу, көтөрмөлөгөнү сиздин чыгармачылыгыңыздын даңгыр жолго түшүшүнө өбөлгө түздүбү?

Абылкасымова: - Ооба, экөө тең болду. Мисалы, мен жалаң эркектер менен жүрсөм да бир жолу да «сен жалгыз жүрөсүң» деген сөзү болгон жок, тескерисинче «жалаң мыктылар чогулуп алыпсыңар го» деп күлүп койчу. Өзү «өмүр бир келет, аны акыл-эс менен колдонуш керек» дечү. Мени аябай жакшы көрдү. Мен комсомол сыйлыгын алгандан кийин «эл алдына көп чыгасың, эл сени карайт» деп мени аябай колдоп турчу, ар дайым «Атакенин кызы» деп чакырчу. Ал орус тилин мыкты сүйлөйт, мен орусча билбейм. Трибунага чыгып сүйлөөрдө «эми кантээр экен» деп чыйпылыктап кетчү. Ушундай мамиле мекенди сүйүүгө жол ачат экен. Менин мекеним, жерим, ата-бабалардын ордун толтурчу иш кылам дегеним Наматбаевге жакчу. Менин ырым жакшы чыкса «аябай мыкты жазыпсың» деп кубанчу. Ал тарыхчы, мен адабиятчы. Чет өлкөгө чыкканда дүкөндөн табылбаган сонун китептерди алып келип берчү. Аларды «оку» деп, мага өзүнчө бөлмөгө бөлүп коюп окутуп, алдейлеп карачу.

«Азаттык»: - Бир кезде жолукканда «Байдылданын «эшек дептери» бар дешет, менде андан көп ырлар бар» дедиңиз эле. Алардан эсте калган ырлар барбы?

Абылкасымова: - Ооба, бар. Биз Байдылда, Салижан болуп чогуу жүрчүбүз, дайыма чогулуп жүз граммдашып, тамашалашып шумдуктуу ырларды жазчубуз. Салижандын мага арнаган «Өрдөктөй болгон мойнуңдан, Өзгөчө сенин ойнуңдан, Өмүрдөн кечип кетейин, Өлүгүм чыксын койнуңдан» деген ыры бар. Анда беркилер да шумдук ырларды жооп кылып жазып, ортого айтышат. Байдылданын мага арнаган «Кара көз сулуу Майрамкан, Жүрөктүн отун кайнаткан» деп башталган ыры бар эле, аягын унутуп калдым. Панфилов паркында сонун шишкебек жасаган жер бар болчу, ылдый жактан идишке куюп саткан пиво алып келишчү. Ошолордон алып, ыр айтышып аябай ынтымактуу жүрчү элек.

«Азаттык»: - Сиздин учурда таланттуу, белгилүү маданият өкүлдөрүнүн ичинен кыргыз маданиятына кимиси чоң салым кошту деп эсептейсиз?

Абылкасымова: - Салижан Жигитовду. Азыр анын чыгармаларын окубай калышты, ал өзү абдан көп окучу.

«Азаттык»: - Ал эми сиз менен теңдүү таланттуу акын, жазуучулардын ичинен кимдин тагдыры кейиштүү болуп калды?

Абылкасымова: - Мидин Алыбаев. Аны түшүнбөй коюшту. Билип туруп эле билмексен болуп коюшту. Анан ал арак ичкендерге ырын окуп берип жүрүп кийин өзү кошулуп кетти.

«Азаттык»: - Эже, жашыңыз сексенден ашып, кыргыз элинин туу көтөргөн кызы болдуңуз. Өзүңүздү бактылуу аял, бактылуу жар, бактылуу эне, бактылуу кыз болдум деп эсептейсизби?

Абылкасымова: - Ооба. Менин Ата Журт жөнүндө, Атаке баатыр жөнүндө, мекеним жөнүндө ырларым көп, бирок азыркы жаштар окубайт, түшүнбөйт. Өзүм окуйм. Бул арман!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG