Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Туугандардын өлүм коштогон чыры


Абак

Өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте бычак жеп каза болгон Тилек Сарыбаевдин үй-бүлөсү «Азаттыкка» кайрылды. Маркумду «өлтүрдү» деп шек саналып алысыраак тууганы камакка алынган.

Маркумдун апасы уулунун өлүмү боюнча шектүүлөрдүн баары камалбай, тергөө калыс жүрбөгөнүн айтып арызданды. Ал эми Сарыбаевдин жакындары айыптап жаткан тарап коюлган доомат негизсиз деп эсептейт.

Каза болгон жарандын жакындарынын айтымында, окуя 2018-жылдын 15-ноябрында түнкү саат 12лерге чукул Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектиси менен Курманалиев көчөсүнүн жанындагы балдар аянтчасында болгон.

Алысыраак туугандар Тилек Сарыбаев менен Мирланбек Эсенбеков мушташып, Сарыбаев ичине жана төшүнө бычак жеген. Ал алган жараатынан улам 16-ноябрда Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей жан берген.

Тилек Сарыбаевдин жубайы Элнура Каныбек кызы ошол күнкү кырсык тууралуу буларды айтып берди:

Элнура Каныбек кызы.
Элнура Каныбек кызы.

- Барсак күйөөм жерде жатыптыр. Кайын сиңдим Мирланга: «Байкемди эмне кылдың? Сен жооп бересиң!» дегенде эле ал: «Мен кылган жокмун. Жооп берем» деп айтты. Жанындагылар Тилек 40 мүнөттөй жатып калганын айтышты. Аңгыча эле «Тез жардам» келип калды. Мен аларга: «Келинчеги болом, мен да силер менен барайын» десем «Тез жардамда» иштеген бала мени түртүп жиберди. Кайсы ооруканага алып барышарын да айтпай коюшту. Биз болсо машине менен артынан кууп жөнөдүк. Тилек кайын сиңдиме «Муса, Мики» деп айтыптыр. Мен анын артынан эле барсам күйөөм оор дем алып калыптыр.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Тилек Сарыбаев менен Мирланбек Эсенбеков кырсык болгон күнү чогуу ичимдик ичишкен. Андан соң Мирланбек үйүнө кеткен. Кечке жуук маркум Тилек кылмышка шектүү болуп жаткан Мирланбекке келип, үйүнөн алып кеткен.

Жолдон экөө мушташып, айыпталуучу Мирланбек үйүнөн ала чыккан аш бычак менен Тилекти сайып жиберген. Ал экөөнүн ортосундагы чыр Тилек «ичимдик алып бербейсиң» деп ызалангандан улам чыкканын билдирген.

2018-жылдын 17-декабрында соттук-медициналык экспертизанын чыгарган корутундусу боюнча Тилек Сарыбаев курсагына сайылган бычактан көп кан жоготуп каза болгон. Ошондой эле анын канында спирт бар экени аныкталган.

Анын өлүмүнө шектүү катары Мирланбек Эсенбеков камакка алынып, Жазык кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен айып тагылган. Тергөөнүн материалдарында ал кылмышты кылганын моюнуна алып, ага өкүнөрүн айтканы келтирилген.

Каза болгон Тилек Сарыбаевдин апасы Мейлихан Сарыбаева уулунун өлүмүнө андан башка да адамдардын тиешеси бар экенин айтып жатат. Ал «тергөө акыйкат жүргөн жок, Мирланбек Эсенбековдон башка да шектүүлөр эркиндикте жүрөт» деп арызданды.

Мейлихан Сарыбаева.
Мейлихан Сарыбаева.

- Балам бир кишиге алы жете тургандай эле чоң бала болчу. Тескерисинче уулумду «сайып салдым» деген бала кичинекей. Мен уулумдун өлүмүн ушулардан (ред: Муса Катаганов) эле көрүп атам. Себеби, балама бычак сайылардан бир жарым саат мурун Муса, атасы баары ошол жерде болуп, балам бычак жеген аянтчадан чыгышкан. Чынын айтканда бул атайын жасалган, уюштурулган өлүм болуп калды. Муса эмне үчүн келет? Атасы эмне себептен ал жакта жүрөт? Алар негизи Покровкада жашашат.

Сөз болуп жаткан Муса Катаганов, каза болгон Тилек Сарыбаев жана кымышка шектүү Мирланбек Эсенбеков үчөө алысыраак туугандар болуп чыкты.

Мирланбек Эсенбеков жана Тилек Сарыбаев Бишкекте Муса Катаганов баш-көз болуп турган бир короодогу батирде жашашкан. Катаганов окуя болгон күнү батирге жаңы коюлган жылытуучу системасын көрүп кетиш үчүн барганын айтты. Ошол эле күнү Мирланбек аны каза болгон Тилек сабап жатканын айтып даттангандыктан, атасы менен экинчи ирет барып кайра Покровкага кеткенин билдирди.

Муса Катаганов алар үйүнө жеткенден кийин Мирланбек Эсенбеков телефон чалып Тилек Сарыбаевди бычак менен сайып салганын айткандан кийин гана кайра атасы экөө келишкенин айтты. Ал кырсык болгон учурда ал жерде болбогонун, Тилек качан бычак жегенден кийин гана барышканын белгиледи:

- Экөө тең алысыраак тууган болуп кетет. Өлтүргөн бала менин атам жактан, каза болгон бала апам тараптан. Ошол күнү тилекке каршы мен алар жашаган батирге эки-үч жолу келип кеттим. Өлтүргөн бала «мен Тилекти сайып алдым» деп телефон чалгандан кийин келдим. Мен ал жакка жалгыз эмес, атам менен кошо баргам. Ошондуктан булар мени кошо аралаштырып, «сен да барсың» деп эле күнөөлөп жатышат.

Сарыбаевдердин үй-бүлөсү тергөөнүн ишине да нааразы болууда. Алар тергөөчү кайсы бир адамдардын кызыкчылыгын коргоп, ишти акыйкат тергеген жок деп эсептешет. Бирок ишти тергеген Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Искен Эркин уулу коюлган дооматтарды четке какты:

- Тергөө ишинин алкагында бардык иштер жүргүзүлгөн, жыйынтыктары бар. Кылмыш иши менен өзүлөрү деле таанышууга укуктуу. Ал жерден бардыгын көрүп алышса болот. Алар тергөөнүн жүрүшү тууралуу башынан эле билип, угушкан. Бул иште күбөлөрдүн баары суралган.

«Азаттык»: Муса Катаганов аттуу жарандын аты айтылып жатат. Ал да суракка алынды беле?

Искен Эркин уулу: Алардын баары толугу менен сурактан өтүп, кыймыл-аракетине юридикалык баа берилген.

Жабырлануучу тарап «Муса Катаганов кырсык болгон жердеги видео камераларды талкалап, окуя тартылып калган тасмаларды жок кылган» деп айыптап чыкты. Катаганов камералардагы видеолорду тергөөчүлөр толугу менен алып кеткенин айтып жатат.

Каза болгон Тилек Сарыбаев 29 жашта болчу. Анын артында эки жана төрт жаштагы кыздары калды. Анын апасы Мейлихан Сарыбаева уулунун өлүмүнө байланыштуу президентке да кайрылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG