Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Кызыл камчы күйөөдөн кордук көргөн келиндер


Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн акция. 22-ноябрь, 2013-жыл.
Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн акция. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Бишкекте бир суткада беш аял күйөөсүнөн таяк жеп, тез жардам кызматын чакырган. Ур-токмоктун айынан ар кандай жаракат алган аялдар шаардык ооруканаларга жеткирилди.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, бүгүнкү күндө аялдарга кол көтөрүү фактылары үй-бүлөдөгү зомбулуктун басымдуу бөлүгүн түзөт.

Тез жардам кызматынын дарыгери Бактыгүл Аралбаеванын билдиришинче, аялдарга кол көтөргөн учурлар көпчүлүк учурда күйөөсү мас болуп алганда башталат.

- Баары эле 30-35 жаштагы аялдар. Бул окуялардын көбү эле мас абалында болгондор. Колдору көбүнчө башка, бетке тиет. Мисалы, булардын арасында бир аялды ичке, бөйрөк тарапка урган. Бетке, башка чаап жиберет, анан жыгылып калганда тепкилей башташат.

Күйөөсүнүн токмогунун уусуна чыдабай, ушул тапта дагы бир келин Ош шаарындагы кризистик борборлордун биринде жашырынып, дарыланып жаткан кези.

Аселдин айтуусунда, күйөөсү аны кош бойлуу кезинде, андан кийин көз жарган маалда деле аябастан сабап келген. 30-июлда ал жаңы төрөлгөн наристесин кучактап алып, көнгөн кризистик борборго кайтып келди. Азыр ден соолугун оңдоп алып, күйөөсүнүн үстүнөн арызданарын айтып жатат.

- 30-июлда үйгө кирип келип эле ура баштады. Жаңы төрөп, тыңый электигиме да карабады. Анткени мен жетим кызмын. Артымда эч ким жок экенин билип, ошол себептен мени каалагандай сабап жашап келет. Ал негизи ичпей туруп эле мастай жүрөт. Болбогон нерседен эле чыр чыгарып, жүрөгүмдү эзе берет. Ошондон улам кан басымым жогорулап кетти. Кийинки кездерде ал мени байлап алып ура баштады. Өзү милиция болуп иштейт, ошон үчүн адамдын талылуу чекиттерин билет. Ошол жерди басып койгондо эстен танып калам. Бул учурда бөтөлкө менен үстүмөн ылдый суу куюп, мыскылдап кордойт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда алты ай ичинде эле 1822 үй-бүлөдөгү зомбулук фактысы катталган. Алардын 95 пайызын аялына карата күч колдонгон учурлар түзгөн. Бул фактылар боюнча 1259 киши административдик жазага тартылып, 148 кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле аялын урган 1532 кишиге коргоо ордери берилген. Бул документ анын кайрадан зомбулук жасоо аракетине тыюу салат. Министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук фактыларынын саны мындан дагы көп болушу мүмкүн. Анткени аялдардын көпчүлүгү арыздангандан айбыгып, көйгөйүн жашырып жашай беришет.

- Бул көрүнүштөр азайбай, бир калыпта эле келатат. Былтыркы жылдын көрсөткүчү дагы ушундай эле болчу. Мындай учурлар көп эле, бирок баары эле милицияга арыз жаза бербейт. Милиция эмес, өздөрүнүн тааныштарынан дагы жашырышат. Анан кайра-кайра зомбулук кайталанганда айласы кетип кайрылат. Ошондо да туугандары аралашып, арыз жазбай эле, мындай эле өзүңөр бүтүргүлө деп чыгышат. Мындай учурлар көп.

Психолог Перизат Асылбаева аялдарды кордогон учурларга себеп болгон бир нече жагдайды белгилейт. Айрым учурда үй-бүлөдө аялдар мамиле түзө албай, түгөйүнө оюн жеткире албай жүрүп, акыры бир күнү жарылып чатак чыгарат. Ошондон улам өзү ур-тепкиге кабылып калышы мүмкүн.

Ал эми эркектердин өзүнө ишенүү сезиминин жоголушу, өзүн баалуу, керек сезе албагандыгы аялынан күчүн чыгарууга түртөт. Башка учурда эки адамдын ортосунда коммуникация жоголуп, тил табышуу мүмкүнчүлүгү калбай калганда эркек киши күч колдонуу менен өз чындыгын далилдегенге аракет кылат. Үй-бүлөнүн социалдык абалынын начардыгы, билим деңгээлинин төмөндүгү да көйгөйдүн бирден бир себеби болуп саналат.

Психолог Перизат Асылбаева үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, андагы мамилени сактап калуу үчүн социалдык кызматтар иштеши керек деген пикирде. Бул үчүн эл аралык тажрыйбаларды карап көрүүгө болот.

- Мисалы, Германияда эгер үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып, катуу кыйкырышкан үндөр жаңырып жатса, анда дароо социалдык кызмат келет. Башкача айтканда, социалдык кызматкер, полиция, психолог бригада болуп келип, чыр-чатактын себебин аныктоого аракет кылат. Психолог чырды жоюунун жолун түшүндүрүп, маселени чечүүгө аракет жасайт. Анткени ата-эне урушуп жаткан учурда бала катуу жабыркайт. Баланын психологиясы жабыркап, так калат. Эгер түгөйлөр такыр эле ийге келбесе, анда социалдык кызмат баланы башка жакка алып кетет. Негизи коомдо психолог адистер көбөйүп, алардын маанисин түшүнгөндөр көбөйсө, адамдар аларга кайрылып, өздөрүн тартиптүү алып жүргөнгө шарт түзүлмөк.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу багытында иштеген 550 борбор бар. Бирок алардын ичинде оор абалга түшкөн аялдарга психологиялык, укуктук жардам берген кризистик борборлор саналуу гана. Аларда үйдөгү токмокко чыдабай качып келген кыз-келиндер балдары менен убактылуу түнөк таап, күн кечирип келишет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG