Билим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгын жетекчиси Канат Садыков министрликтин тестирлөөнү такыр жою ою жок экендигин билдирди:
- Биздин максат бул системаны таптакыр эле жоюп салууда эмес. Тескерисинче бул механизмге кошумчаларды киргизүү. Бирдиктүү экзамен деле тесттин негизинде өткөрүлөт. Бирок ал мектептеги программага тыгыз байланышта болот деген ойдобуз.
Билим жаатындагы айрым серепчилер министрликтин быйыл бирдиктүү экзаменди киргизүүгө убактысы, каржылык чамасы да жетпей калганын белгилешүүдө. Алардын айтымында, сегиз жыл ичинде өзүн актап, тестирлөө убагында ЖОЖго тапшырууда коррупциялык механизмдерди жою үчун өз салымын кошту. Бирок бүгүнкү балдардын билим деңгээлин баалоодо бул ыкма чабалдык кылууда. Анткени тест суроолорунда көбүнчө балдардын логикалык ой жүгүртүүсүнө басым жасалып, предметтик сабактар боюнча суроолор жагы аксап калып атат.
Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинин өкүлү, депутат Жанкороз Каниметов тестирлөө тууралуу “Азаттык+” үчүн буларга токтолду:
- Бул тестирлөө негизинен адамдын логикасын, ой-жүгүртүүсүн текшерет. Жалпы республикалык тестирлөө - мектеп менен ЖОЖ ортосунданы тандоо сынагы; экөөнүн ортосундагы чоң байланыш эле. Ошол байланыш бүгүн эчтекеге жарабай калды. Тесттеги суроолор мектептин программасына ылайык келбегенден кийин, бала өз күчүн сынай албайт.
Жалпы республикалык тестирлөө республика аймагында "Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору”аркылуу ишке ашырылып келет. Борбордун адиси Чынара Батыракеева тестирлөөгө коюлуп жаткан дооматтар баары негизсиз деп эсептейт. Анын айтымында, бүгүнкү күнү билимди жаттап алып кереги жок жүк катары көтөрүү эмес, аны турмушта колдоно билүү зарыл.
- Биз маалыматтык 21-кылымда жашап жатабыз. Бүгүнкү күнү маалымат алмашуу тездик менен ишке ашып жатат. Билимди же маалыматты азыр башта эстеп калуунун кажети жок. Андан көрө ошол маалыматты таба билгенди, жана аны колдонуп, иштей билүү жөндөмү керек. Биз ошондой жөндөмдөрдү аныктайбыз.
Борбор Азия университетинин ага илимий кызматкери, билим берүү илимдеринин доктору Дүйшөн Шаматовдун пикиринде тестирлөө аркылуу билим берүүгө жакшы реформа киргизилген. Бирок тестирлөө менен катар билим берүү системасынын башка тармактарына буга үндөш өзгөрүүлөр болбогону башта каалаган жыйынтыкка алып келбеди:
- Ошол тестирлөөгө жараша китеп чыгышы керек эле. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү да зарыл болчу. Балдардын логикалык ой жүгүүртүсүн өнүктүрүш үчүн педагогдор да жөндөмдүү келиш керек. Бул бири-бири менен байланышпай калды. Реформа өз алдынча болуп калды. Элеттеги мектептерде билим мурдагы калыбында эле калган. Айылда балдар жөн гана жаттап, фактыларды үйрөнүү менен эле чектелип калган. Ушул нерселердин коошпогону нааразылыкты жаратып жатат.
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тестирлөө 22-майдан 1-июнга дейре өткөрүлөт. Билим министрлигинен билдиришкендей, эмки окуу жылында бүтүрүүчүлөр билимин баалоо бирдиктүү экзамен аркылуу ишке ашып калуусу мүмкүн. Бул үчүн бюджеттен болгону 24 миллион сом каражат талап кылынат.
Билим министрлигинен билдиришкендей, бул жылы тестирлөөгө жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 47 пайызы гана катышууда. Акыркы эки-үч жыл көрсөткөндөй бүтүрүүчүлөрдүн тестирлөөгө барган сайын катышы төмөндөп барат. Мындан уламбы, айтор Билим министрлиги былтыртан тарта жалпы тестирлөө ордуна бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн бирдиктүү экзамен киргизүү демилгесин көтөрүп жатат.